Түрк дүйнөсүнүн V ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ КОНГРЕССИ
2024-жылдын 21-24-ноябрында Түрк билим берүү биримдиги жана Эл аралык Евразия билим берүү биримдиги тарабынан уюштурулган “Зия Гөкалпанын каза болгонунун 100 жылдыгына карата" V Түрк дүйнөсүсүнүн Эл аралык билим берүү жана коомдук илимий конгресси болуп өттү.
Түркиянын билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу – «Түрк Eğitim-Sen» тарабынан жана UAESEB (Эл Аралык Евразия билим берүү союздарынын ассоциациясы) тарабынан уюштурулган дүйнөлүк конгресси билим берүү жана коомдук илимдер көйгөйүнө, түрк жазуучусу, коомдук ишмер Мехмет Зия Гөкалптын каза болгондугунун 100 жылдыгына карата өткөрүлдү.
Илимий-иш-чарага Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түндүк Кипр, Румыня, Косово, Ирак сыяктуу 50гө жакын өлкөдөн келген 1500дөн ашык катышуучу катышышты.
Съезддин жүрүшүн Түркиянын билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун жана UAESEBнин төрагасы Талип Гейлан ачып: «Биздин конгресс түрк дүйнөсүнүн жалпы улуттук жана маданий баалуулуктарын айкалыштырган аянтча катары биздин алдыбызда турат. Жана ошондой эле Зия Гөкалптын идеалдарын сактап калуу жана түрк дүйнөсүнүн биримдигине болгон ишенимди бекемдөө эскерүү иш-чарасы түрк дүйнөсүнүн илимий ачылышы жана өнүгүүсү үчүн маанилүү миссияны камтыйт. Бул Бүткүл дүйнөлүк конгресс ар түрдүү өлкөлөрдүн катышуучулары үчүн тажрыйба жана пикир алмашуунун жалпы платформасы болуп кала берет”, - деп белгиледи.
Конгресстин расмий бөлүгүндө Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын, Румыниянын, Түндүк Кипрдин, Косовонун, Түндүк Кипр билим берүү профсоюздарынын өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.
Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов: “Мен Эл Аралык Евразия билим берүү союздарынын ассоциациясынын сапаттык жактан гана эмес, сандык жактан да чыңдалып жаткандыгына, Эл Аралык Евразия билим берүү союздарынын ассоциациясынын курамындагы өлкөлөрдүн руханий биримдиги, уюмга мүчө өлкөлөрдүн бир туугандык байланыштары артып, экономикалык жана социалдык кызматташтыкты өнүктүрүүдө өз ара маалымат жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жаткандыгына абдан кубанычтамын.
Мындай конгресстер түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда боло турган маалымат алмашуу көз карашынан алганда, чоң мааниге ээ. Бул конгресс профсоюздардын ортосундагы дипломатия жана маданият жагынан кызматташтыкты өнүктүрүүдө көпүрө болуп саналаары шексиз”-деп белгиледи.
Иш-чарага Кыргызстандын атынан катышып доклад жактагандар:
- Абылаева Ажар Аманкалыевна - И. Раззаков атындагы КМТУнун кесиптик бирлик комитетинин төрайымы;
- Садыкова Наргиля Жанышевна - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Адам ресурстары башкармалыгынын начальниги;
- Дайырбекова Динара Мелисовна - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын доценти;
- Чокморова Айнура Мырзабековна - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чет тилдер кафедрасынын башчысы;
- Уранова Медина Урановна- И. Раззаков атындагы «Курулуш конструкциялары, имараттар жана курулмалар»кафедрасынын ага окутуучусу.
Түрк дүйнөсүнүн V Эл аралык илимий конгресстин катышуучуларынан келип түшкөн 1200гө жакын макалалар жана илимий эмгектер атайын жыйнак катары басылып чыгат.
Түрк билим берүү биримдиги жана Эл аралык Евразия билим берүү биримдиги тарабынан уюштурулган Эл аралык конгресске Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин сунушу менен жыл сайын өлкөбүздөгү ЖОЖдордун окумуштуулары, изилдөөчүлөрү жана окутуучулары катышып келет.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети