Таш-Көмүр шаардык комитетинде методикалык күн өткөрүлдү
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин иш планына ылайык профсоюздук билим берүү Борборунун иш-чараларынын алкагында 2018-жылдын 14-мартында Таш-Көмур шаардык комитетинде методикалык күн өткөрүлдү.
Анда шаардык комитеттин төрайымы Гулнур Эргешовага алдында өткөрүлөтурган конференцияга даярдык иштери боюнча обкомдун бөлүм башчылары А. Бегматов, З.Сулайманов, инспектор А.Айдаровдар кеңештерин жана сунуштарын беришти. Усулдук материалдар менен тааныштырлыпып, республикалык, облустук профсоюз лидерлердин ишмердүүлүгү чагылтырылган республикалык “Инсан KG” журналынын атайын даярдалган санын тапшырышты.
Журнал менен таанышкан Тоголок Молдо атындагы №3 орто мектебинин профкому Г.Молдалиева:” Профсоюздук лидерлердин жетишкендиктери биз жаш профлидерлерди жаңы максаттарга багыттады жана кубандырды”- деп пикирин билдирди. Берилген суроолорго тийиштүү жооптор усулдук материалдар менен берилди.
Усулдук жардамдар үчүн Таш-Көмүр шаардык комитеттин төрайымы ыраазычылыгын билдирип, “Инсан KG” журналындагы материалдар профсоюздук ишмердүүлүктүн жаңы багыттарын бергендигин өзгөчө белгиледи.
Материалды даярдаган:Жалал-Абад обкомунун инспектору-А.Айдаров.