Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу 

билим берүү жана илим тармагынын

кызматкерлери, ардактуу мугалимдер кымбаттуу кесиптештер жана жалпы кыргызстандыктар!

Жыл сайын 7-8-ноябрда өлкөбүздө Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленип келет.

Бул маанилүү даталар – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башатында турган патриоттор болобу же тарыхта көрүнүктүү из калтырган карапайым эл болобу, өлкөбүздүн тарыхын жараткан жана башынан өткөргөн окуяларды эскерүү болуп саналат.Биз сыймыктанган бай тарыхты тартуулаган ата-бабаларыбыздын жаркын элесине ар дайым таазим этебиз!

Кыргызстан эркиндик жана көз карандысыздык жолунда көптөгөн сыноолорду башынан өткөрдү. Жана өз тарыхыбызды билүү менен гана биз туура сабактарды ала алабыз. Ошондуктан, тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө биз өткөнгө көз чаптырып, келечекке көз чаптырабыз. Биз үчүн ата-бабаларыбызга таазим кылуу-тарых алдындагы ыйык милдет.

Урматтуу кесиптештер, ар бириңиздерди тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргызстанда, бакубатчылык, бейкуттучуоук жана ар бир үй-бүлөдө тынчтык, ынтымак болсун!

Урматтоо менен,Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин

кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин  төрагасы М.М. Примкулов