Тармактык профсоюздун обкомдорунун, райкомдорунун жана шааркомдорунун төрагаларынын эсине!
Акыркы убактарда БК ар кыл аймактардагы мугалимдерден, эгер мугалимдер 2018-2019-окуу жылында ЖОЖ (АООЖ) бүтүргөндүгү тууралуу дипломунда көрсөтүлгөн адистик боюнча эмес, башка предметтер боюнча окутуу сабактарына карата тарификациялоодон өтүшкөн болсо, аларга эмгек акы төлөөнүн шарты кандай болоору жөнүндө суроо узатып жатышат, буга БК төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.
Өздөрүнүн мындай кайрылууларында мугалимдер педагогикалык билимдерге ээ болушканы менен аларга саат боюнча эмгек акы төлөө атайын орто билими бар педагогдор катары жүргүзүлүп келаткандыгын, анткени аларга ЖОЖ (АООЖ) алган кесиптери боюнча эмес сабактарды беришкендигин жүйөө кылып жатышканын билдиришүүдө.
Педагогдордун окутуу сааттарына саат боюнча эмгек акы төлөөдөгү мындай жагдай өтө катачылык болуп эсептелет.
Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 5-январындагы №3\1 буйругуна ылайык жалпы билим берүүчү мектептердин педагогдору алган кесиптери менен катар башка предметтер боюнча дагы сабак бере алышат, бирок мындай шартта ал мугалим берип жаткан сабагы боюнча кайра даярдоодон өткөн болушу керек. Эгерде мугалим ЖОЖ (АООЖ) алган предметинен эмес, башка предмет боюнча сабак берүүгө укук бере турган кайра даярдоо курсунан өз убагында өтпөгөн болсо, анда мындай шартта саат боюнча акы төлөө алган билимине жараша жүргүзүлүүгө тийиш.
Атайын орто педагогикалык билими бар мугалимдин сааттык жүктөмүнө 0,7 коэффициенти «Нускаманын» (КРӨ 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомунун редакциясында) 1-тиркемесинде көрсөтүлгөндөй, жалпы орто билими бар мугалимдердин окутуу иштеринин сааттарынын наркын аныктоодо гана колдонулат.
Мисалы, эгер мугалимдин орто кесиптик педагогикалык билими (педагогикалык орто окуу жайы) боло турган болсо жана башталгыч класстарда дене тарбыя жана эмгекке үйрөтүү сабактарын берсе (алган билими боюнча), бирок, 2018-2019-окуу жылына башталгыч класстардын мугалими катары тарификациялоодон өткөн болсо, анда ага сааттык эмгек акы билимине-педагогикалык орто окуу жайын бүтүргөн адис катары төлөнүүгө тийиш, мына ушул жерге ага эмгек акы төлөөдө 0,7 коэффициенти колдонулат. Ушул мисалда мугалим жалпы орто билимге эмес, педагогикалык билим ге ээ экендиги эске алынып олтурат.
Мындан тышкары, профсоюздун БК жалпы орто билим берүү мектептеринин жетекчилерине жана билим берүү бөлүмдөрүнүн эсепканаларынын эсепчилерине КР Эмгек кодексинин 11-беренесин түшүндүруп кетүүнү туура деп табат (зарыл болгон учурда), анткени анын аракеттенишин жер-жерлерде көп танасарга алышпайт. КР Эмгек кодексинин 11-беренеси эмгек укугунун ченемдерин камтыйт жана КР кайсы гана болбосун мыйзамдары колдонууга киргизилгенден кийин пайда болгон мамилелерге карата колдонулат, ал артка карай колдонулбайт. Бул беренеге ылайык, эгер мугалим, мисалы инженердин диплому менен КРӨ 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720 токтому ишке кирген мезгилге чейин мектепте иштеген болсо, ага эмгек акы билимине (жогорку же атайын орто) ылайык жүргүзүлөт. Бул токтомдун (КРӨ 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720 токтому) аракеттениши жогорудагы мугалимге таратылбайт, анткени мыйзам артка карай колдонулбайт. Бирок, ал мугалим бул мектептен бошоп кетип, башка мектепке барып иштей турган болсо, анда ага эмгек акы орто билими бар мугалим катары төлөнө баштайт.
Жогоруда көрсөтүлгөн учурларда ЖОЖ (АООЖ) алган өз адистиги боюнча иштебеген мугалим кайра даярдоо курстарынан өтүп, дипломдо көрсөтүлгөн эмес адистик боюнча окуу сааттарын алып барууга уруксат бере турган сертификатка ээ болушу керек. Профсоюздун БК тармактык профсоюздун обкомдорунун, шааркомдорунун жана райкомдорунун төрагаларына ушул түшүндүрмөлөрдү билим берүү бөлүмдөрүнүн эсепканаларынын кызматкерлерине, жалпы билим берүүчү мектептердин жана балдар бакчаларынын жетекчилерине чейин жеткирүүнү сунуштайт. Эгерде тартип бузуулар болсо педагогдордун эмгек акыларын “Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө Нускамага” (КРӨ 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720 жана 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомдорунун редакциясында) жана КР Эмгек кодексинин 11-беренесине ылайык келтирүү зарыл.
Төрага А. Токтогулов
Жооптуу аткаруучу:
Олимпиева Л.П.,
телефон: 62-57-37
На многочисленные обращения учителей в отношении их оплаты труда в случае если педагог протарифицирован на 2018-2019 учебный год не по предмету полученной в ВУЗе (СПУЗе) специальности, указанной в дипломе об образовании, а на учебные часы другого предмета, ЦК профсоюза работников образования и науки даёт следующее разъяснение.
В своих обращениях учителя сообщают, что имея педагогическое образование, им почасовая оплата производится как имеющим среднее образование лишь потому, что учебные часы он ведёт по предмету, несовпадающему с полученной специальностью в ВУЗе (СПУЗе).
Такой подход к почасовой оплате учебных часов педагогов, о которой они сообщают, является крайне ошибочным.
Согласно приказу отраслевого министерства от 05.01.18 года №3\1 педагоги общеобразовательных школ наряду с предметами по полученной специальности, могут вести и другие предметы, но должны иметь в этом случае сертификат по переподготовке. Если же учитель в своё время не прошёл курсы переподготовки, дающие право вести учебную нагрузку не по полученному в ВУЗе (СПУЗе) предмету, то и в этом почасовая оплата ему должна производиться в соответствии с полученным образованием. Коэффициент 0,7 от часовой ставки учителя со средним профессиональным педагогическим образованием применяется только при определении стоимости часа преподавательской работы учителей, имеющих среднее общее образование, как это предусмотрено в приложении 1 «Инструкции» (в редакции постановления Правительства КР от 9 июля 2015 года № 473).
Например, если учитель имеет образование на уровне среднего профессионального педагогического (педагогическое училище) и вёл уроки труда и физкультуры в начальных классах (по полученной специальности), но на 2018-2019 учебный год протарифицирован учителем начальных классов, то почасовая оплата труда его должна производиться в соответствии с образованием – педагогического училища, но не с применением коэффициента 0,7. В данном случае учитель имеет педагогическое образование, а не среднее общее образование.
Кроме того, ЦК профсоюза предлагает разъяснить руководителям общеобразовательных школ и бухгалтерий отделов образования статью 11 Трудового кодекса КР (в случае необходимости), действием которой руководители на местах пренебрегают. Статья 11 ТККР, содержащая нормы трудового права, не имеет обратной силы и применяется к отношениям, возникшим уже после введения какого-либо Закона КР, (постановления, Указа и т.д.) в действие. Это значит, что если учитель, имеющий, например, диплом инженера, работал в школе на момент введения постановления Правительства КР от 31 декабря 2013 года №720, оплата его должна производиться в соответствии с образованием (высшее или среднее специальное).
Действия данного постановления Правительства КР № 720 от 31.12.2013 г. не может распространяться на этого учителя, т.к. обратной силы оно не имеет. Но как только учитель, имеющий диплом инженера, уволится из этой школы, оплата в этом случае будет исчисляться как учителя, имеющего среднее образование.
Во всех указанных случаях учителя, работающие не по специальности, полученной в ВУЗе (СПУЗе), должны пройти курсы переподготовки, получить сертификат, дающий право вести учебные часы не по указанной в дипломе специальности.
ЦК профсоюза предлагает председателям обкомов, райкомов и горкомов профсоюза данное разъяснение довести до сведения работников бухгалтерий отделов образования, руководителей общеобразовательных школ и дошкольных организаций.
Оплату труда педагогов в случае нарушений привести в соответствие с «Инструкцией о порядке исчисления заработной платы работников образования» (в редакции ППКР от 31.12.2013 г. № 720, 9 июля 2015 года № 473 и статьи 11 Трудового кодекса Кыргызской Республики.
Председатель А. Токтогулов.
Исполнитель:
Олимпиева Л.П.
Контактный телефон:
62-57-37.