“Спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды”
Мектептеги жазгы каникул мезгилинде райондун мугалимдеринин арасында Спартакиада болуп өттү. Спорттук мелдештерге билим берүү багытында эмгектенген кызматкерлер катышып,спорттогу жетишкендиктерин көрсөтө алышты. Ысык-Ата районунун билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган спартакиада бешинчи жылы өтүп жатат. Райондогу ар бир айыл өкмөтүнүн билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринен уюшулган курама командалар спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча ат салышышты: аялдар жана эркектер арасындагы волейбол, футбол, стол тенниси, тогуз коргоол, шахмат, дартс оюндары. Мелдеш үч күнгө уланып, финалдык турга төрт курама команда-Туз, Сын-Таш, Ивановка жана Ново-Покровка командалары чыккан. Мугалимдер арасында өтүп жаткан мелдешти толугу менен райондук билим берүү бөлүмү жана Ысык-Ата районунун билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитети колго алган. Финалдык оюндар Кант шаарындагы Какиш Рыскулова атындагы №2-мектеп гимназиясында өткөрүлдү Спартакиаданын жыйынтыгында 1-орунду Ивановка курама командасы багынтып, Сын-Таш курама командасы экинчи, туз курама командасы щчщнчщ орунга ээ болду. Спорттук баардык түрүнөн жеңген командалар дипломдор, райондун билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитети тарабынан даярдалган баалуу белектер менен сыйланышып, кубоктор тапшырылды. Спартакиаданын негизги максаты-сергек жашоого үндөө, спорт менен машыгууну жайылтуу болуп эсептелет.
Материалды даярдаган:
Тыныбекова Бактыгуль