Республикалык спартакиадада кесиптик бирликтин билим берүү тармагы II орунду камсыз кылды
2024-жылдын 19-21-сентябрында Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында Кыргызстан Кесиптик Бирликтер Федерациясы тарабынан Кыргызстан кесиптик бирликтер кыймылынын 100 жылдыгына карата масштабдуу республикалык спартакида өткөрүлдү.
Спорттук мелдешке ККБФнын бардык тармактарынан жана Кыргызстандын аймактарынан келген жалпы 350 дөн ашуун эмгекчилер катышышты.
Спартакиадада жалпы спорттун 9 түрү боюнча мелдеш уюштурулуп, иш-чаранын максаты кесиптик бирликтин мүчөлөрүн спортко тартуу жана кесиптик бирлик уюмдарындагы эмгекчилердин ден соолугун чыңдоонун эң маанилүү каражаты катары дене тарбияны пропагандалоо болуп саналат.
Кыргызстан Кесиптик Бирликтер Федерациясы тарабынан уюштурулган аталган масштабдуу иш-чарага КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинен 32 катышуучу катышып, жалпы 17 комитеттин арасынан II орунду камсыз кылды:
- Волейбол (кыздар арасында) I орун;
- Шахмат (кыздар арасында) I орун;
- Чуркоо 100метр (эркектер арасында) I орун;
- Стол тенниси (кыздар арасында) I орун;
- Кол күрөш(кыздар арасында) I орун;
- Кичи футбол II орун;
- Аркан тартыш -II орун;
- Чуркоо 100 метр (кыздар арасында) II орун;
- Волейбол (балдар арасында) III орун.
Мындан тышкары спорттук иш-чаранын программасына ылайык, катышуучулар үчүн заманбап дүйнөдө профсоюздардын ролу жөнүндө билимдерди кеңейтүүгө жардам берген тарбиялык лекциялар өтүлүп, маданий оюн-зоок программасы менен коштолду.
Иш-чаранын соңунда спорттук мелдештин катышуучулары Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы тарабынан грамота кубок, сертификат жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
(Айрым сүрөттөр ККБФнын сайтынан алынды)
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети