НЕКРОЛОГ: Батырбеков Марат Турдубаевич
Билим жана илим кызматкерлеринин Токтогул райондук кесиптик бирлиги Батырбеков Марат Турдубаевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтат.
Батырбеков Марат Турдубаевич 1970-жылы 2-декабрында Токтогул районуна караштуу Торкен айылында жарык дүйнөгө келген. 1988-жылы, Торкен айылындагы орто-мектепти бүтүп, ошол эле жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетине тапшырган, 1994-жылы институтту ийгиликтүү аяктап, тарых мугалими адисине ээ болгон. Эмгек жолун Торкен айылындагы Калинин атындагы азыркы Аманкан Мамыров атындагы орто мектебинде баштаган. 2009-жылы Бишкек шаарында жайгашкан медициналык университетинде чарбалык иштер боюнча башчы болуп 2020-жылга чейин эмгектенген. 2022-2023-окуу жылында Аманкан Мамыров атындагы орто мектебинде тарых мугалими жана профсоюз уюмунун төрагасы болуп иштеген. Учурда аты аталган мектепте окуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, чыгармачыл тарых мугалими жана Билим берүү жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин Токтогул райондук комитетине эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инспектору болуп эмгектенип келген.
Билим берүү тармагында адилеттүүлүктү, акыйкаттуулуктуу, чечкиндүүлүктү, тактыктын болушуна өзгөчө көнүл бурган. Ар бир адамдын эмгегин баалаган, чечкиндүү кадр эле.
Райондук профсоюз комитетине иштегенине аз убакыт болсо дагы профсоюз мүчөлөрү менен кызматташтыкта иштеп, ар бир көйгөйгө көнүл буруп, мыйзамдуу чечилишине көп салым кошуп келди.
Өзүнүн билими, тажрыйбасы жана эн жакшы адамдык сапаты менен кесиптештер арасында кадыр баркка ээ болду.
Марат сен, ушундай жакшы сапаттарын менен эсибизде кала бересин!
Батырбеков Мараттын үй бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.