Мугалимдин эмгек укугу калыбына келтирилди
Кесиптештер, башта билдиргендей КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине күн сайын республиканын билим берүү кызматкерлеринен эмгек укуктарын коргоо боюнча кайрылуулар түшүп турат.
2024-жылдын 25-апрель күнү, Бишкек шаарындагы №12 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Ормокоева Э.Б кайрылып, мектеп директору менен түшүнбөстүк мамиледен улам жумуштан кетүү боюнча жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулган.
Бирок, бир күн өткөн сон кайрадан ойлонуп, өз арызын кайтарып алуу боюнча мектеп директоруна кайрылган учурда иш берүүчү макул болгон эмес.
Өз кайрылуусунда мугалим жалгыз бой эне экендигин, окуу жылы аяктап жаткан учурда жумуштан кетүү боюнча өз чечими туура эмес болуп калгандыгын эске алуу менен жумуш ордуна кайра кабыл алуусуна кесиптик бирликтен жардам сурап кайрылган.
Мектеп директору тарабынан КР Эмгек Кодексинин 82-статьясына ылайык Э.Ормокоеванын арызды кайра чакыртып алууга укугу бар экендиги эске алынбаган, себеби бул статьяда кызматкердин демилгеси боюнча (өз каалоосу боюнча) эмгек келишимин бузуу учурунда өз арызын кайра чакыртып алууга укуктуу экендиги көрсөтүлгөн.
Э.Ормокоева КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевдин кабыл алуусунда болуп, төрага бул ишти кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетине маселени жеринде териштирип чечүү жаатында тапшырма берген.
Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети тарабынан иш берүүчү менен жеринде сүйлөшүү жүргүзүлүп, директор туура эмес кылгандыгын түшүнүү менен, бүгүн мугалим Ормокоева.Э кайрадан жумуш ордуна кабыл алынып иштөөгө мүмкүнчүлүк алды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети