Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мамлекеттик тил иш-чаралары

2015. 20-октябрда  Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш,транспорт жана архитектура университетинде  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына  ылайык иштелип чыккан иш-чаралардын алкагында  «Мамлекеттик тил» борборунун  ачылышы жана «Мамлекеттик тилдин маселелери жана  келечеги» деген  аталыштагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Алгач келген меймандардын катышуусу менен  университеттин №1 окуу имаратынын 2-кабатында «Мамлекеттик тил» борборунун  ачылыш аземи болуп өттү. Андан соң  университеттин жыйындар залындагы конференциянын ишин Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ректору, профессор Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович расмий ачып, университеттеги мамлекеттик тил боюнча ишке ашырылып жаткан иш-чаралар жана келечек пландар тууралуу кеңири маалымат берди. Конференциянын жүрүшүндө ардактуу меймандар:

-          КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил улуттук комиссиянын төрагасы Эрматов Эгемберди Эрматович;

-          КР билим берүү жана илим министрилигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Жайнакова Гүлнур Бердибаевна;

-          Бишкек шаарынын  мэриясынын мамлекеттик тил боюнча бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Кыдыршаев Нурлан Токтогулович;

-          И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Кыргыз тил» каф. башчысы, филол.и.канд., доцент Исмаилов Асанбек Усөналиевич;

-          И.Арабаев атындагы КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессору, филол.и.д. Саматов Кубат Саматович чыгып сүйлөштү.         

Конферециянын күн тартибине ылайык пленардык бөлүк чыгармачыл  студенттердин концерттик программасы менен жыйынтыкталып, конференциянын катышуучулары секциялар боюнча өз иштерин улантышты.

 

Мероприятия по гос. языку

20 октября 2015 г.  в КГУСТА им.Н.Исанова состоялось официальное открытие «Центра  по государственному языку»  и  прошла научно-практическая конференция по теме: «Задачи и перспективы государственного языка» в рамках реализации мероприятий «Закона о гос. языке», а  также  согласно статьей 10 конститутции КР и  Указу Президента КР «О мерах по развитию государственного языка и совершенствованию языковой политики в КР» от 1 июля 2013 года № 155.

В начале состоялось официальное открытие  «Центра  по государственному языку»   на 2- этаже  учебного корпуса № 1. Далее  в БАЗе университета работу конференции открыл ректор университета, профессор Абдыкалыков Акымбек Абдыкалыкович, который озвучил  перспективные планы и мероприятия по гос. языку, реализуемые в университете. В ходе работы конференции выступили:

-          председатель нациольнальной комиссии по государственному языку при   Президенте КР Эрматов Эгемберди Эрматович;

-          специалист управления профессионального образования при МОН КР Жайнакова Гульнур Бердибаевна;

-          ведущий специалист отдела по государственному языку мэрии г.Бишкек Кыдыршаев Нурлан Токтогулович;

-          зав.каф. «Кыргыз тил» КГТУ им.И.Раззакова, к.ф.н., доцент Исмаилов Асанбек Усөналиевич;

-          профессор Института по государственному языку и культуре КГПУ им.И.Арабаева , д.ф.н.,Саматов Кубат Саматович.

 Согласно  распорядку пленарная часть конфереции завершилась концертной программой творческих коллективов, затем работа конференции продолжилась в секциях.