Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мамлекеттик тил мыйзамына – 30 жыл

2019-ж. 23-сентябрда Н.Исанов атындагы КМКТАУнун мамлекеттик тил, тарбия жана эл аралык кызматташуу боюнча проректору, т.и.к., доц, С.А.Абылов, ТРАНСЭКОИНдин директору, т.и.д., проф.О.Т.Шатманов, окумуштуу катчы, т.и.к., доц. Н.А.Раджапова жана «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын жалпы эмгек жамааты Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышышты.

Иш-чара мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алуудагы тарыхый жагдайларды жана мамлекеттик тилдин учурдагы өнүгүшү тууралуу даректүү тасма көрсөтүү менен башталды. Андан соң КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.И.Ишекеев ачып, чогулгандарды куттуктап, сөз кезегин КР Президенти С.Ш.Жээнбековго узатты. Сооронбай Шарипович өз сөзүндө: «.....Элди эл кылган, мамлекетти мамлекет кылган фундаменталдуу баалуулуктар деп биз эне тилди, улуттук маданиятты, каада-салтты, көөнөргүс акыл-ойду, көркөм өнөрдү билебиз. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары макамга ээ болушу эркин мамлекетти куруунун, эгемендүүлүктүн эң алгачкы кадамы жана зарыл шарты болгон» - деп баса белгиледи.  Аталган иш-чарага Президенттик Аппараттан, КР Өкмөтүнөн, КР Жогорку Кеңешинен, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан, министрликтерден, мекемелерден, жогорку жана орто окуу жайлардан жана акын, жазуучулардан өкүлдөр катышышты. Расмий куттуктоолордон кийин концерттик программа  тартууланды.

 

 

30 лет со дня принятия закона «Гос.языке»

23 сентября 2019 г. в национальной  филармонии имени Т.Сатылганова прошло праздничное мероприятие к 30-летию со дня принятия закона «О государственном языке Кыргызской Республики». В торжестве приняли участие: проректор по ГЯВРМС, к.т.н., доц. С.А.Абылов, директор ИНТРАНСЭКО, д.т.н.,проф.О.Т.Шатманов, ученый секретарь, к.т.н., доц. Н.А.Раджапова и коллектив кафедры «Кыргызского языка и литературы» КГУСТА им.Н.Исанова.

Мероприятие началось с показа документального фильма об исторических фактах принятия закона о  Государственном языке в КР.  С приветственной речью  выступил: председатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР  Ишекеев Н.И. Далее собравшихся поздравил Президент КР Жээнбеков С.Ш., он отметил особую роль государственного языка в жизнедеятельности страны, подчеркнул, что языковая политика является актуальным и значимым направлением государственной политики. Также отметил необходимость широкого применения государственного языка не только в повседневной жизни, но и во всех отраслях. «Необходимо повышать значимость кыргызского языка и использовать его во всех сферах общественной жизни, особенно в системе государственного управления. Глубокое внедрение государственного языка в сферу образования, науки, культуры и экономики является нашей основной задачей», — подчеркнул президент.

Торжественное мероприятие завершилось концертной программой мастеров искусств КР и молодых исполнителей.