Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кыргыз-Россия Славян университетинин жаштары ортосунда жолугушуу макулдашылды

2025-жылдын 10-январында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов менен  Н.Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин  жаштар жана маалымат саясаты боюнча проректору С.А.Куликов ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун алкагында Станислав Андреевич Куликов  окуу жайда билим алып жаткан жаштарды кесиптик бирлик катарына тартууну активдештирүү максатында  кесиптик бирликтин Борбордук комитети менен биргеликтеги иш аракеттерди уюштурууга ынтызар экендигин белгилөө менен бул боюнча өз сунуштарын  Борбордук комитеттин төрагасы Мусабай Маматович менен талкуулашты.

Баарлашуунун жыйынтыгында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасынын жана Н.Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин  жаштары  ортосунда жолугушуусу макулдашылды.