Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кылым карыткан мааракеңиздер кут болсун!

Сиздер эгемен өлкөдөгү карт тарыхка бай жана абройлуу коомдук уюмуңуздардын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесин зор салтанат менен белгилединиздер.

Октябрь революциясы орногондон 2 жылдан кийин 1919-жылы  Кыргыз автоном облусунда Жер жана токой жумушчуларынын  уездик профсоюзу түзүлүп, ошол учурдан тартып  бүгүнкү күнгө чейинки бир кылым  бою ишмердүүлүгүн татыктуу жүргүзүп келе жаткандыгын мактоого татырлык деп айтууга толук негиздер бар.

Сиздердин профсоюздун  басып өткөн  байсалдуу узак жолу мамлекетибиздин тарыхы менен жуурулушуп, ар бир тарыхый өзгөрүүлөр болгон сайын ал дагы өзгөрүп келди. 100 жыл ичинде  республикада айыл чарбасы дүркүрөрөп өсүп, анда иштеген айыл эмгекчилеринин  жашоо-турмушунун жакшырылышына Сиздердин профсоюз айтаарлык салымын кошкондугун, тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган бараандуу эмгегин айтпай коюуга болбойт.

Совет учурунда  “Профсоюз-коммунизмдин мектеби” деген ураан менен республикада профсоюздук уюмдар өзгөчө зор күч болуп, бардык бийлик бутактары менен бир катарда туруп, негиздүү талаптарын ар дайым эмгекчилердин кызыкчылыгы үчүн чечип келишкен. Айрыкча профсоюздар  колхоздоштуруу, өнөр жайды өнүктүрүү, Улуу ата мекендик согуш, өлкөнү калыбына келтирүү, эмгекчилердин оор турмушу мезгилинде зор эмгек жумшагандыгын тарых далилдеп отурат. Ал эми бүгүнкү күндө дагы бул көп сандуу коомдук уюмдар эмгекчилердин укуктарын коргоп, профсоюздук биримдикти  жана тилектештикти бекемдешип, социалдык өнөктөштүк маданиятын заман талабына жараша калыптандырышууда.

Кыргызстан өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгону Сиздердин тармактык профсоюз алыскы жана жакынкы өлкөлөрдүн профсоюздук уюмдары менен тыгыз байланыш орнотуп, алардын  алдыңкы тажрыйбаларын пайдаланып, эмгек ээлерин ар тараптан коргоону жогорку деңгээлге көтөрүп келе жатат.

Бул мааракеде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович Кыргыз Республикасынын Агроөнөржай комплексинин жана айыл чарбасынын  муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин “Айыл чарба профсоюзуна 100 жыл”  мааракелик төш белгиси менен сыйланды.

Кылым карыткан мааракеңиздер кут болсун! Ар бириңиздерге чың ден соолук, ишиңиздерге  ийгилик  жана үй бүлөлүк бакыт  каалайбыз.