Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кудайкулов А.О. кайрадан шайланды

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кесиптик бирлик комитетинин 2019-2024-жылдары аткарган иштери боюнча отчеттук жана кайра шайлоо жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө кесиптик бирликтин төрагасы А.О.Кудайкуловдун доклады угулуп, талкууланып, жалпы делегаттар тарабынан жактырылып, аткарылган иштер канааттандыраарлык деп бааланды.

Отчеттук жыйынга Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Борбордук Комитетинин төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дарданович, К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, профессор Мусаев Абдылда Инаятович катышты.

 

                       

К.Карасаев атындагы БМУнун Кесиптик бирлигинин төрагалыгына А.О.Кудайкулов кайрадан шайланды.

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дарданович кесиптик бирликтин учурдагы ишмердүүлүгүн айрым маселерелине токтолуп, мындан аркы милдеттер, социалдык өнөктөштөр менен иш алып бааруунун багыттары жаатында ой бөлүштү.

 Ошондой эле Борбордук Комитетинин төрагасы А. Д. Султанбаев аталган окуу жайдын айрым кызматкерлерине кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Борбордук комиеттин сыйлыктарын тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: К.Карасаев атындагы БМУнун кесиптик бирлик комитети