«Көркөм окуу» сынагы
КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралардын планына ылайык 2019-жылдын 3нөн 17-сентябрга чейин Н.Исанов ат.КМКТАУнун «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы тарабынан 1-курстун студенттери арасында «Көркөм окуу» сынагынын биринчи туру өткөрүлдү. Сынакты «Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасынын улук окутуучусу Молдалиева Н.А. жана окутуучу К.К.Курманалиева алып барышты. Тандоонун жүрүшүндө 2 студент автордук ырлары менен катышышты. Жыйынтыгында 10 студент экинчи турга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Алар 19-сентябрда университеттин ЧЖЗда өтүүчү КР Мамлекеттик тил тууралуу Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган «Тил тагдыры-элдин дилинде» аттуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы жана алардын ичинен 3 «мыкты көркөм окуучу» тандалып алынмакчы.
«Кыргыз тили жана адабияты» кафедрасы
Конкурс «Художественное чтение»
С 3 по 17 сентября 2019 г. в КГУСТА им. Н.Исанова прошел отборочный этап конкурса «Художественное чтение» среди студентов 1 курса, согласно комплексному плану мероприятий, посвященных празднованию 30 летия со дня принятия Закона о государственном языке в КР. Студенты представили различные поэтические произведения на свой выбор, 2 студента представили свои авторские стихи, посвященные родному языку. Конкурс чтецов оценивали: ст.преподаватель каф. «Кыргызского языка и литературы» Молдалиева Н.А. и преп. К.К.Курманалиева. На второй тур прошли 10 студентов, которые выступят на торжественном мероприятии 19 сентября с.г., где из числа участников будут определены 3 лучших чтеца.
Кафедра «Кыргызского языка и литературы»