Кесиптик бирликке болгон ишенимди кайтаралы
КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаевдин Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын кезексиз ⅩⅩⅤⅠ съездинде сүйлөгөн сөзү
Урматтуу делегаттар!
Бүгүнкү съездди тарыхый жаңылануунун, өзгөрүүнүн, чукул бурулуштун съезди деп атасак болот. Анткени, ушул съездди көпчүлүк көптөн бери зор үмүт менен күтүп келишти.
Баарыбыз жакшы билгендей, Кыргызстанда акыркы 33 жылда төрт чоң тарыхый өзгөрүү алып келген окуялар болуп өттү. Алардын биринчиси - өлкөбүздүн эгемендикке ээ болушу деп айтаар элем. Ал эми кийинки 2005, 2010, 2020-жылдардагы тарыхый зор бурулуштар, элдик толкундоолор, революциялык кырдаалдар болуп саналат. Бирок да, баарынан таң калыштуусу – ушул бурулуштардын, толкундоолордун, кырдаалдардын бири да профсоюздук кыймылды ордунан козгой алган эмес, профсоюз эч кимдин колу жеткис, өзүнчө жашаган автономдуу арал бойдон кала берген.
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кеңеши деп аталган бир ууч топ өзүлөрүнө ыңгайлуу кылып “өз короолоруна” бөлөк-бөтөн эч кимди жолотпогон Устав жазып алышып, өздөрү билгендей иштеп келишти. Кокусунан тыштан бирин-экин кадрлар жетекчилик кызматка келүүгө туура келсе “Уставда көрсөтүлгөндөй профорганда 5 жыл жетекчилик кызматта иштеген эмес” деген чабуулга өтүшүп, ал түгүл абдан катуу ыркырашкан менен чыркырашканга чейин барып турушту. Ушул бир ууч топ узак жылдар бою федерацияны алмак-салмак башкарышып, профсоюздук менчикти каалагандай калчашты.
Эң башкысы – профсоюздук саны арбын, анын каражаты менен курулган бай инфраструктуралуу санаторияларды, эс алуу үйлөрүн, пионер лагерлерин, мейманканаларды жана кыймылсыз башка мүлктөрдү башкарууда баш аламандыкка жол берилген. Эмгекчилердин эс алуулары үчүн шарттар талаптагыдай түзүлбөй калган.
Өлкө жетекчилигине абдан чоң ыраазыбыз, мына ушундай оор абалды жөнгө салуунун чечкиндүү чараларын көрүштү. Эмгекчилердин талаптагыдай эс алуусу, ден соолуктарын чыңдоо боюнча тиешелүү Жарлык чыгарууга аргасыз болду. Кудай буюрса, мындай аракеттен улам баары ордуна келет деген зор үмүттөбүз.
Ал эми Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жаңы шайланган жетекчилиги биринчи кезекте бардык профсоюздук мүлктү инвентаризациялоодон өткөрүп, тактап, аныктап, колдо бар мүлктү максаттуу, натыйжалуу, үзүрлүү пайдалануу чараларын көрүүлөрү керек. Профсоюздук бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде “Достук”, “Саякат” мейманканалары бир ууч топтун эмес, эл кызыкчылыгы үчүн иштеши керек.
Профсоюзга караган бардык курортторду, санаторияларды, эс алуу үйлөрүн дагы абдан дыкат текшерип чыгуу зарыл. Алардын биринде да ушул кезге чейин талаптагыдай эс алуу үчүн толук шарттарды түзүүгө эч көңүл бурулган эмес. Ал жайларды башкарууда урук-туугандык, дос-тааныш кеңири орун алып келген. Жаңы жетекчилик тез арада мына ушул тууганчылык, жердешчилик, кландык фактыларды жок кыла алса, мына ошондо кесиптик бирликке эл ишенимин арта башташат.
Биз өлкө жетекчилиги тарабынан кесиптик бирлик мүлктөрүн башкарууну жолго коюу жагындагы көрүлүп жаткан чараларды колдойбуз. Бардык тармактык профсоюздук комитеттерге жаңы жетекчилер келди. Биз буга чейин кесиптик бирлик десе эле эл арасында ал путевка бере турган уюм катары сакталып келе жаткан эски түшүнүктөн арылуунун үстүндө иштешибиз керек. Азыр эч деле жашыруун эмес, жер-жерлерде “эс алууга путевка беришпесе кесиптик бирликтен чыгабыз” деген маанай бар. Жаңы кесиптик бирлик лидерлери, бардык мүчөлөрүбүзгө анын эң башкы милдеттери эмгектик укукту, экономикалык, социалдык кызыкчылыктарды бардык деңгээлдерде коргоо экендигин абдан түшүндүрүшүбүз керек. Эмгекчи элдин профсоюзга болгон көз караштарын, түшүнүктөрүн, психологияларын өзгөртүүбүз зарыл. Иш берүүчүлөр тарабынан эмгекчи элдин укуктары жана кызыкчылыктары бузулганда, биринчи болуп кол суна турган, бардык коргоо иштерин, ал түгүл соттордо жактай турган коомдук уюм кесиптик бирлик экендигин айтып гана тим болбостон, иш жүзүндө көрсөтүшүбүз керек. Ошондо гана алардын бизге болгон ишенимдерин кайтара алабыз.
Урматтуу делегаттар!
Жаңылануунун шартында биз мыйзамдуу укуктарыбызды, милдеттерибизди унутпасак. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзамда: “кесиптик бирликтер өз мүчөлөрүнүн эмгекке болгон укуктарын коргойт, иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат, Кыргыз Республикасынын эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырат” деп кашкайта жазылып турат. Мына ушул мыйзамдык талапты жетекчиликке жана аткарууга алсак.
Мен жогоруда айткан мыйзамда “кесиптик бирликтер Кыргыз Республикасынын эмгек жана иш менен камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарын жумуш берүүчүнүн сакташына, жамааттык келишимдердин, макулдашуулардын аткарылышын контролдоого, укук бузууларды четтетүүнү талап кылууга укуктуу” экендиги да көрсөтүлгөн. Биз мына ушуну эстен чыгарбай, ар бир деңгээлде эмгектик талаш-тартыштарды териштирүүдө чечкиндүү болсок, өзүбүздүн позициябызды билдирсек.
Дагы бир жагдай. Биз, профсоюз лидерлери жана профсоюз активи, Кыргыз Республикасынын социалдык жана эмгектик мамилелер боюнча мыйзам актыларын иштеп чыгууга социалдык өнөктөш катары катышууга жетиштүү көңүл бурбай келе жатабыз. Андай сунуштарыбызды мамлекеттик органдарга, анын ичинде Жогорку Кеңешке киргизүү боюнча мыйзамдуу укуктарыбызды пайдалана билели.
Ошондой эле кесиптик бирликтин катарын чыңдоого көңүл бурсак. “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзамдын 24-беренесинде “Кесиптик бирлик жөнүндө” мыйзамдарды жана алардын Уставдарын бузгандыктары үчүн мамлекеттик бийликтин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик жана жазык жоопкерчилигине тартылат” деп белгиленген. Ошондуктан, бул олуттуу маселеде өзүм билемдикке, тар кызыкчылыкка жол бербешибиз керек. Кесиптик бирликке болгон ишенимди кайтарууда, иштөөчүлөрдүн эмгектик, социалдык жана экономикалык укуктарын коргоодо кубаттуу, таасирдүү күчкө айланалы.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети