Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн жүз жылдык мааракеси кут болсун!

Урматтуу кесиптештер, ардактуу билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик мүчөлөрү!

Бүгүн, 14-октябрь-Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүү боюнча документке кол коюлган күнүнө 100 жыл!

Кыргыздардын башка элдерге сиңип кетүү коркунучу жаралган кыйын кезде  Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Турдалы Токбаев, Касымбай Телтаев жана Жусуп Абдрахманов сыяктуу кыргыздын каймактары биргелешип улуттук автономияны түптөөгө умтулушкан.

Ошентип, туура жүз жыл мурун 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусун тузүү боюнча расмий документке кол коюлуп, Бүткүл Союздук Борбордук Аткаруу комитети Кара-Кыргыз автономиялык облусунун уюшулушу туурасында токтом кабыл алып, натыйжада кыргыз калкы биринчи жолу мамлекет түптөөгө жолдомо алган.

Бүгүнкүдөй эле жүз жыл мурун дагы биздин Агай, Эжейлерибиз мамлекетибизди түптөө үчүн өз билимине жана тайжырбасына таянуу менен өмүрлөрүн аябастан күрөшүп келген.

Демек, мамлекетибизди түптөө жана калыптандырууда билим кызматкерлеринин эбегейсиз зор салымын эч качан тана албайбыз! Бүгүнкү күнү аларга таазим кылуу менен сый урмат көрсөтөбүз!

Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөн күнүнө 100 жылдык мааракеси менен КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мамлекетибизди калыптандыруудагы ар бир билим берүү кызматкеринин - кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн кошкон салымы маанилүү экендигин  дагы бир жолу баса белгилей кетмекчибиз!

Жүз жылдык мааракебиз кут болсун, кыргыз мамлекетибиз өнүгүү багытынан жазбасын!

Биримдикте бололу!

 

 

Урматтоо менен, КР Билим жана илим                                              

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Борбордук комитети