Каниметов Жангороз Каниметович
Каниметов Жангороз Каниметович
Кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. Өлкөнүн эң мыкты педагогу, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Кыргыз ССРинин Билим берүүсүнүн отличниги, СССР Билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку депутаты, Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамынын, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» мыйзамынын автору, Москвадагы Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясынын академиги Каниметов Жангороз Каниметович 70 жаш курагында пневмония оорусунан кайтыш болду.
Ал 1950-жылы 30-мартта Ысык-Көл областынын Түп районундагы Токтоян айылында туулган. 1966-жылы Пржевальский шаарындагы Киров атындагы орто мектепти аяктагандан кийин Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырып, аны 1971-жылы физика мугалими адистиги боюнча аяктаган. Ошондой эле 1999-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин сырттан окуп бүтүргөн.
Каниметов Жангороз Каниметович жогорку билимдүү педагог катары эмгек жолун орто мектепте алгач мугалим, анан директор катары 1971-жылы Түп районундагы Сан-Таш айылынын Каркыра орто мектебинен баштаган. Ал 1979–84-жылдары ошол эле райондогу Арал, 1984–87-жылдары Түп айылындагы Кайкин атындагы орто мектебин жетектеген. 1987-жылы Ак-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы кызматына көтөрүлгөн. 1988-жылы аны Кыргыз ССР Элге билим берүү министрлигинде мектептер боюнча бөлүм башчы кызматына чакырышат. Бул кызматта үч жыл иштеген соң 1991–97-жылдары Ысык-Көл облусунун билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Мына ушул кызматта иштеп турганда ал 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланат, 1997-2000-жылдары жыйындын социалдык маселелер боюнча
комитетин жетектеген. 2000-жылы Каниметов Жангороз Каниметович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалган. Андан кийин И. Арабаев атындагы КМУда, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде профессор болуп кызмат өтөгөн. Акыркы жылдарда ал “Ала-Тоо” эл аралык университетинин проректору болуп иштеп жаткан. Ал талбаган мээнетинин аркасынан педагогика адистиги боюнча кандидаттык (1999), докторлук (2009) диссертацияларын ийгиликтүү жактаган.
Ал Кыргызстандын Билим берүү кызматкерлеринин конгрессинин президенти, «Ысык-Көл» коомдук фондунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик кыргыз-түрк кызматташтык тобунун жетекчиси болгон.
Ал Кыргыз Республикасынын «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамынын, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» мыйзамынын автору катары мектептик билим берүүдө мугалимдин статусун көтөрүүгө карата жаӊы мазмунду таап чыгууда советтик тажрыйбадан, дүйнөлүк жаӊылыктардан жана улуттук салттуулуктан таасирдүү каражаттарды издеп табууга көп аракеттерди жасаган. Ал чыныгы мугалим болуу бул - жөн эле кесип эмес, бул - чоң талант жана ынтаа деген принципти бекем кармаган.
Жангороз Каниметов элине алымдуу, адамга жугумдуу, жумшак мүнөздүү, талыкпас изденгич, мыкты уюштургуч, иштерман саясатчы жана илимпоз инсан болгон. Ал интеллектуалдык, коммуникативдик, уюштуруучулук жөндөмдөрү өтө жогору сапаттарга ээ эле. Жангороз Каниметов замандаштарынын эсинде чыныгы атамекенчил патриот, өз ишинин чыныгы кесипкөйү, уюштургуч жетекчи жана бараандуу коомдук ишмер катары калат.
Ж.Каниметов 3 монографиянын, 4 окуу-усулдук иштердин, 4 окуу китебинин, 105 илимий, 35 публицистикалык макалалардын автору болгон. Анын жетекчилиги менен 6 аспиранты өздөрүнүн кандидаттык илимий иштерин жакташкан.
Ж.Каниметов Мекен алдындагы үзүрлүү эмгеги үчүн “Даңк” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, СССР жана Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги төш белгилери менен сыйланган.
Жангороз Каниметович Каниметов жөнүндө эстелик элинин, билим берүү жана илим тармактарынын кызматкерлеринин эсинде түбөлүккө сакталат.
Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, айтылуу педагог, мыкты жолдош, акылман насаатчы, ардактуу жар жана ата Жангороз Каниметовичтин айттырбай келген илдеттен кайтыш болгондугуна байланыштуу жубайына, үй-бүлөсүнө, балдарына, тууган-туушкандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгыларын тең бөлүшөбүз. Кайрат кылыңыздар! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
А.Токтогулов-Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы.
Борбордук Комитеттин президиумунун мүчөлөрү: Ж.Ташиев, А.Жайнаков, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, И.Афанасьева, Г.Султанбаева, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева.
А.Адамалиев-“Позиция профсоюза” газетасынын башкы редактору.
Борбордук Комитеттин аппараты, облрайшаар, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттери.