ИЗГИ ТИЛЕК. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата
ИЗГИ ТИЛЕК.
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата.
Мугалим ким?-Миң өнөрдүн ачкычы, Билимдердин билинбеген баскычы. Тарбиянын татаал жүгүн аркалап, Талыкпаган кең дүйнөнүн сакчысы,-дегендей окуучуга билим, тарбия берүү процесси мугалимдин мойнуна жүктөлөт эмеспи.Бул кесипти аркалаган адамдар узак мөөнөттүү,көп адам тагдырын камтыган,өтө жоопкерчиликтүү кесип экендигин билишет.
Мен сөз кыла турган инсан да өмүрүнүн 51 жылын мектепке,окуучуларга арнап койгон адам!Анда кеп башынан болсун..
1932-жыл! Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Куччу-Суу айылы.Жаздын алгачкы күндөрүндө Сазанай ата менен Бөдөнө апа кыздуу болушту. Балдары турбай,чарчап кала берген жубайлар үчүн өтө чон кубаныч эле.Кызга Маалинбүбү деген ысым ыйгарышты.Бул атты бекеринен тандашкан жок, маалим (түштүк диалектиде мугалим)болсун,элге белгилүү инсан болсун деген тилек менен коюшту. Бирок бул кубаныч көпкө созулган жок.Анткени жокчулук,ачарчылык элди каптап,ансыз да оорукчал Сазанай атага кыйын болду. Бардык жүк Бөдөнө апага илинди.
Маалинбүбү 4 жашка чыкканда атасы Сазанайдан айрылып калды.Бөдөнө апа жалгыз кызын медер тутуп ,кан какшап кала берди... Кызынын келечегине кам көргөн эне ,Маалинбүбү 8 жашка чыкканда иниси Жуманазарга берет.Анткени ал мектепке жакын жерде жашайт эле.Ошентип , Маалинбүбү 1940- жылы мектепке окуганы барат.
Дээринде бар, зирек кыз мектепте абдан жакшы окуйт.Ал аңгыча каргашалуу согуш да башталат.Элге келген кыйынчылыкта жаш балдарга өтө оор болду.Маалинбүбү да машак терип, бирде ач,бирде ток,бирде үшүп,бирде тоңуп ,кунарсыз балалыгын өткөрөт.12-13 жаштагы балдар ал учурда айылдын эң белдүү,кол арага жараган,ишенимдүү адамдары болуп саналган.Согуш алардын балалыгын уурдап ,эрте жетилтти.Бар менен жокту,жакшы менен жаманды айырмалай билген Маалинбүбү башкалардай эле согуштун эрте бүтүшүн,аталарыбыз жеңиш менен өлбөй тирүү келишин басса-турса тилеп жатты.Окуусу аксаганына карабай тырышып окуп,энеси менен таекесинин үмүт-тилегин актоого аракеттенди.
1950- жылы мектепти аяктап,Жалал-Абаддагы педтехникумга окууга кирет.Аны 1952-жылы ийгиликтүү аяктап,жолдомо менен Ош облусунун КараСуу районундагы Кызыл-Шарк колхозунун Шамшиев атындагы мектепке жумушка орношот.Ал жерде билимдүү тың кызды тез эле райондун борборундагы орто мектепке которушат.1953-жылы Кара-Суу райондук комсомол комитетинин(ВЛКСМдин) 2-секретарлыгына шайлашат.
1954-жылы тагдыр аны өзүнө окшогон билимдүү жигитке туш кылат.Ал математика мугалими Кыдырмаев Ишенбек эле.
1955- жылы КПССтин мүчөлүгүнө кабыл алынат. 1958- жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Талас облусу Киров(азыркы Кара-Буура) районунун Бакайыр айлына көчүп келишет.Эже да,агай да айылдагы мектепте иштеп калышат. 1960- жылы Киров районунун борборуна заманбап типтеги мектеп салынып, ага райондогу эң мыкты,кыйын делген мугалимдерди чогултушат.Алардын катарына Маалинбүбү эже менен Ишенбек агай да кошулат.
Эже Киров атындагы (азыркы Ж.Субанбеков) мектепте эле 44 жыл иштейт.Бул жылдар аралыгында коомдук иштерге активдүү катышып,жатак мектептин директору,парторг,профком болуп,математика,адеп сабактарынан,кийинчерээк башталгыч классынын мугалими болуп иштеп келди.
Эмгек ардагери, 7 баланын энеси,Эл агартуунун мыктысы, райондук, облустук, республикалык ардак грамоталарынын ээси-Сазанаева Маалинбүбү эже азыр да өзүнүн өмүр жолу менен жаш муундарга үлгү болуп келет.
88 жаштагы эже ата-энесинин мугалим болсун,баарына маалым болсун деген тилек менен койгон атын далилдеди десек аша чапкандык болбос!
Талас облусу Кара-Буура району Ж.Субанбеков атындагы инновациялык орто мектебинин мугалими: Нишанбаева Минура Аширбаевна.