Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эмгекти коргоо боюнча бир айлык жарыяланды

2024-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин кезексиз президиуму болуп өттү.

Президиумга Билим жана илим кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиум мүчөлөрү жана кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышышты.

Кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин 8 мүчөсү катышып, президиумдун жыйынын өткөрүүгө кворум болду.

Президиумдун жыйынын кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын Билим  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев ачты.

Президиумдун күн тартибинде 1 маселе каралды.

1.Эмгекти коргоо боюнча бир айлык жарыялоо жөнүндө.

Күн тартибиндеги  маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Султанбаев маалымат берди.   

Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) (международная организация труда - МОТ) демилгеси менен 28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү катары жарыяланган. Ал эмгекчилердин коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулган күн катары белгиленет, бул эмгекти жөнгө салуунун глобалдык стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Буга байланыштуу Кесиптик бирликтердин жалпы конфедерациясы (Москва ш.) Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүн кеңири белгилөөнү, эмгекчилердин ден-соолугун коргоого, коопсуз иш шарттарын камсыз кылууга көнүл бурууга чакырды.

Эл аралык уюмдардын чакырыгына тилектештигин билдирип, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнүн алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык, райондук, шаардык жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында 2024-жылдын 28-апрелинен 28-майына чейин “Эмгекти коргоо айлыгын” жарыялоо боюнча угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиуму токтом кабыл алышты: Анда,

1.2024-жылдын 28-апрелинен 28-майына чейин “Эмгекти коргоо айлыгы” жарыялансын. Бир айлыктын алкагында кесиптик бирликтин областтык, райондук, шаардык комитеттерине жана кесиптик бирликтин баштапкы уюмдарына жогорку уюшкандыкта өткөрүү чараларын көрүү милдеттендирилди.

2.Эмгекти коргоо күнүнүн бир айлыгында кесиптик бирликтин областтык, райондук, шаардык комитеттеринде  жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарында окутуу-семинарлары, тегерек столдор, жолугушуулар жана “ Ачык эшик ” күндөрү өткөрүү тапшырылды.

3.Бир айлыктын алкагында кызматкерлердин эмгек, укук маселериндеги мыйзамдардын сакталышы боюнча кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында кесиптик бирликтин Борбордук комитети тарабынан “Эмгек укуктары кербени” областтык, райондук жана шаардык комитеттери, баштапкы кесиптик бирлик уюмдары менен биргеликте 2024-жылдын 13-майынан 23-майына чейин жолугушуулар ар бир областтын аймагында графикке ылайык өткөрүлсүн.

4.Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтеринин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринде жүргүзүлгөн иш чаралар боюнча кесиптик бирликтин Борбордук комитетине маалыматтар жиберүү тапшырылды.

5.Бир айлыктын жогорку деңгээлде өткөрүү жетекчилиги кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин президиумуна жана кесиптик бирликтин областтык, райондук жана шаардык комитеттеринин төрагаларына милдеттендирилди.

6.Бир айлыктын өтүшү жөнүндө маалыматтар кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин сайтына такай берилип туруу жагы тапшырылды.Бир айлыктын жүрүшүн көзөмөлдөө кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басарлары С.Тойгонбаевге, Ө.Молдокматовго, президиум мүчөлөрүнө жана аппарат жетекчи Б.Кадыркуловго жүктөлдү. 

Президиумдун жыйынында күн тартибинде каралган маселе боюнча айтылган сунуштарды эске алуу менен тиешелүү токтому кабыл алынды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети