Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Эмгек синирген мугалим 85 жашта

Ысык-Ата районунда ак эмгегин баалап, калк арасында кадыр-барктуу, «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими», «Мээримдүүлүк» медалынын ээси, «Баатыр эне», Ысык-Ата районунун ардактуу Атуулу Какиш Ташбаеванын 85 жылдык маарекеси менен райондун акими Тайгашкаев Р.А., акимдин 1-орун басары Турумбеков М.Б., РББ башчысы Иманалиев Б.Т. жана райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Тыныбекова Б.К. азыркы учурду эске алып үйүнө барып ак пейилден куттукташты!

Элүү жыл мугалимдик эмгек жолун турмуштун түмөн түйшүктөрүн баштан кечирип, жеткинчектерди жетилтип татыктуу тарбия бергендигин баса көрсөтүп акимчиликтин жана билим берүү бөлүмүнүн даректүү папкалары тапшырылды. Райондук профсоюздук комитетинин төрайымы Б.Тыныбекованын демилгеси менен «Сары-Өзөн айымдар» коомдук бирикмесинин «Сары-Өзөндүн ардактуу айымы» медалы тапшырылды.

Кутман курагыңыз кут болсун!

 

Маалыматты даярдаган: Ысык-Атадан Д.Камбарова