Эки тараптуу келишим түзүлдү
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин президиумунун токтомунун негизинде уюмду түзгөн мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо максатында “Жалал-Абад” санаторийинин жетекчилиги менен эки тараптуу келишим түзүлдү.
Түзүлгөн келишим боюнча биздин окуу жайдын профсоюз уюмунун мүчөлөрүнө өздөрүнө ыңгайлүү графиктик мөөнөттө, жеңилдетилген баада он күндүк курстук дарылануудан өтүүгө ошонлой эле он күндүк, алты күндүк курорттук дарыланууга жолдомо ала алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Ал эми профсоюз комитети санаторий тарабынан жеңилдетилген баанын сезилээрлик пайызын комитеттин эсебинен каржылап, колдоо көрсөтөт.
Даярдаган: Нуржан Баитова