Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Дипломдорду салтанаттуу тапшыруу-2018

2018-ж. 11-июлда Н.Исанов атындагы КМКТАУда 2018-ж. бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул күнү бир жарым миңден ашуун бүтүрүүчүлөр ЖОЖду аяктоо дипломдоруна ээ болушту. Алардын ичинен 72 бүтүрүүчү окууну «эң мыкты» бааларга аяктагандыгы үчүн артыкчылык дипломуна арзышса, ал эми 24 активист-студенттерге дипломдон сырткары КМКТАУнун ректору, т.и.д., профессор А.Абдыкалыков өз колу менен Ардак грамоталарды тапшырды. КМКТАУнун бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу салтанаттуу аземинин өзгөчөлүгү - дипломдук долбоорлорун жактагандан кийин 2 жуманын аралыгында бүтүрүүчүлөргө дипломдордун тапшырылгандыгы. Аземдин катышуучуларына КМКТАУнун дипломдору жаңы горизонторго жол ачат. Бүтүрүүчүлөргө университеттин ректору А.Абдыкалыков өз каалоо-тилек сөздөрү менен кайрылды: «Бүгүн биздин жаркыган университетибизде өзгөчө майрам. Биздин бүтүрүүчүлөр салтка айланган шарт боюнча июлдун алгачкы күндөрүндө дипломдорун алышат.Биздин университет алдыңкы дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги билим берүү программаларын реформалоо тармагындагы интеграциялык процесстеринде алдыңкы позицияларда келе жатат. Биздин көптөгөн окутуучулар жана студенттер Европанын, Азиянын жана башка өнөктөш университеттеринде билим алышууда. Университетте окуу жылдарында сиздер да өзгөрдүңөр, чоңоюп, акыл калчадыңар. Сиздер менен биз да өзгөрдүк, жылдар өткөн сайын жаңы билимдер жана энергия менен толукталып турат. Билим - биздин ар бирибиз үчүн жаңы жашоо башталышынын негизин түзөт. КМКТАУнун негизги максаты – коом, илим, өнөр-жай жана заман талап кылган сапаттуу адистерди даярдоо.Эми сиздер, Кыргызстандагы ири университеттин кийинки студенттери үчүн үлгү болосуздар деп ишенем». Андан соң быйыл жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн атынан: ПЗ-1-14 т. бүтүрүүчүсү Сүйүнбаев Умар, ПМ-1-14 т. бүтүрүүчүсү, «Үмүт» Президенттик стипендиясынын ээси Саматова Жеңишгүл ыраазычылык билдиришип, өз куттуктоолорун жолдошту. Дипломдорду тапшыруу аземи студенттердин чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасы менен соңуна чыкты.

Ак жол сиздерге 2018-ж.бүтүрүүчүлөрү! Сиздерди ийгиликтер коштоп, максаттарыңыздар ишке ашырылсын, өлкөбүздүн өркүндөп өсүшү үчүн өз салымыңыздарды кошууңуздарга тилектешпиз.