Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Депутатпы же жөнөкөй жаранбы жолдомо алганга укугу бар

21-январда Эркин профсоюздар конфедерациясынын өкүлдөрү Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Асылбек Токтогуловдун кызматтык абалынан пайдаланып жер сатып жана мыйзамсыз түрдө аткаминерлерге эс алууга жолдомолорду берди деп айыптап чыгышты. Мына ушул маалыматтардын чын-бышыгын билүү үчүн КР профсоюздар федерациясынын төрагасынан Асылбек Токтогуловдон сурадык.

- Бизди каралап жаткандардын алгачкы каралоосу эмес экинчи жолкусу. Бу­лар профсоюз уюмунун мучөлөрү эмес экен. Конфедерация уюмдун мүчөлөрү экендиги ачыкталды. Алар өздөрүнүн ички иштери боюнча алек болсо болмок. Кайсы жакта профсоюздук уюм жок болсо атайын профсоюздук уюм түзөбүз десе, биз аларга каршы болмок эмеспиз. Жеке менин деги эле ушул профсоюздардын Кыргызстандагы эн чоң бирикмесинин дарегине паракорчулук жана алдамчылык жөнүндө далилсиз айыптарды шыбоого жабыштурууга аракеттеништи. Мындай олутуу күнөөлөр так далилдер, фактыларга таянып коюлуусу керек эмеспи. Албетте, каалагандай кайрылуу жасоого Н. Асанов менен Н. Дүйшөнбековдун конституциялык укугу бар, бирок мындай кадамды алар «атың чыкпаса жер өрттө» деген макал менен шыктанып алып жасагандай көрүнөт. Анткени алардын Конфе­дерациясынын атын, же ишмердигин калктын кайсыл бөлүгү билери деле белгисиз экени шексиз?

 

-Мамлекеттик аткаминерлер­ге да жолдомо берген деген күнөөлөрдү коюп жатышат. Эмне себептен мындай кадамдарга жол берип жатасыңар?

 

- Жолдомо маселеси эмгекчилердин укугун коргой турган маселе. θткөн 2013-жылы эмгекчилдердин жана алар­дын үй-бүлөөсүнүн ден соолугун чыңдоого 181 млн. 830 миң сом бөлүнгөн. Бул каражаттар төмөнкүдөй бөлүнүп берилди: санатордук-курорттук дарыланууга жана эс алууга 5 620 жолдомо 9755 адам ден-соолугун чыңдашты; санаторий-профилакторийлерде 1466 адам; балдар эс алуучу борборлордо 12764 бөбөктөр эс алып дарыланышты.

Мыйзамдар боюнча профсоюздар мамлекеттик органдар, ишкерлер, саясий партиялар жана башка коомдук уюмдар алдында отчет берүүгө милдеттуу эмес. Ошондой болсо да, тийиштуу кайрылууларга зарыл болгон далилдик документтерди көрсөтүүгө даярбыз. Ал эми бюджеттик чөйрөдө эмгектенген адамдардын ден – соолугун чыңдоого акчаны Кыргыз Республикасынын Социалдык Фонду тарабынан бөлүнгөндүктөн анын кандай колдонуусу тууралуу отчетту биз жыл сайын маалымдап турабыз. Эгерде Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын жалпы ишмердиги жөнүндө кыскача баяндасак  азыркы кездерде профсоюздарда модернизация процесстери жүрүп жатканын белгилеп кеткенибиз зарыл. Анын иш-чаралары акыркы өткөн съезде, делегаттардын чечими менен бекитилген. Эл аралык уюмдарынын, бей өкмөт уюмдарынын, Кыргыз Республикасынын θкметү жана Жогорку Кеңешинин өкүлдерүнүн катышуусу менен Республикалык жана эл аралык деңгеээде «тегерек столдор», семинарлар өткөрүлдү, Генералдык макулдашууга кол коюлду, КМШ өлкөлөрүнүн улуттук профсоюздук борборлору жана алыскы өлкөлөрдөгү өнөктөштөрүбүз менен эл аралык келишимдер, макулдашуулар түзүлдү, 2012 жылы Кыргызстан профсоюздарФедерациясыдуйнедегуолуттуужанабарктууПрофсоюздардын Эл аралык Конфедерациясына ассоциацияланган (кошулган) мүчөсү болуп кайрадан кабыл алынды.

Бул жерде көпчүлүк түшүнбөй жаткан маселе, атайын эс алуу жолдомолорун жеткирүү иштерин алып бара тур­ган атайын жер-жерлерде кызматкерлер, бөлүмдөр иш алып барышы керек болмок. Мына ошол ишти жөнгө салуу үчүн андай иштерди профсоюз уюмуна жүктөгөн. Бул ишти Социалдык өнүктүрүү министрлигине бул ишти бергенде, алар кабыл албай койгон. Себеби, атайын жер-жерлерде, айыл өкмөттөргө чейин атайын кызматкерлер, бөлүм­дөр иш алып барышы керек болмок, отчет бергенге жана жолдомону таратууга. Эмгекчилерибиздин ден-соолугун чыңдашыбыз керек. Биздин уюмдун атайын эс ала турган жайлары бар. Баасы рыноктук баа болгону менен жеке менчик пансионаттарга салыштырып караганда 3-4 эсе арзан. Мисалы, “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында бир күнгө 950 сом болсо, калган жактарда 100 доллардан болуп атат. Ага ким бармак эле. Биз мына ушундай шарттар менен жолдомолорду берип атабыз. Би­рок, мен айтып коёюн депутатпы, министрби, акимби же жөнөкөй жаранбы жолдомо алганга акысы бар. Андыктан аткаминерлер гана жолдомо алат деген тура эмес пикир. Ар бир Кыргызстандын жараны жолдомо алып, фонддун эсебинен эс алып келүүгө укутуу. Мисалы, 2013-жылы 13 миңден ашуун киши эс алып келди.

 

-«Көгүлтүр Ыссык - Көл» санато­рий менен «Ала-Too» эс алуу үйүнүн аймагындагы айрым жер бөлүктөрдүн мыйзамсыз сатып жатышат деп дагы айтып чыгышты. Бул боюнча эмнедей төлөңүз?

 

-Алар айтып жаткан жерлер бизге тиешелүү жер. Аны биз жыргаганыбыздан саткан жерибиз жок. Эс алуучулардын эс алуу жайларынын шарттарын жакшыртуу үчүн оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө сатканбыз. Азыркы учурдун талабына ылайык шарттарды түзүүдө кошумча каражаттар талап кылынат экен. Мисалы, учурда «Ала-Too» эс алуучу үйүндө кошумча эс алуу жайы курулууда капиталдык ремонттоо, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийнде жылытуу ысык жана муздак сууну үзгүлтүксүз камсыздоо системасы ремонтоо менен тазалык боюнча курулуштарын, имараттардын чатырын алмаштыруу жана бөлмөлөрдүн эл аралык стандарттарга топ келтирүү боюнча иштерди жасап жатабыз.

 

- θздөрүнөн түшкөн каражат ме­нен оңдоп-түзүүгө болбойт беле?

 

- Ага каражат жетишпей жатат. Бул жер атайын аукционго коюлуп, атайын комиссиянын негизинде сатылды. Жеке эле бир киши барып сатып жиберген жок. Бүт бардыгы мыйзамдын чегинде болгон.

 

- Профсоюздар уюмун канткенде күчтөнтсө болот? 

 

- Учурда модернизациянын маанилүү багыттарынын бири болуп тармактык профсоюздарды ирилештирип, чакандарын ирилерге бириктирип, алардын кубаттуулугун күчөтүү иштери болуп эсептелүүдө өнүккөн кайсыл өлкөнү алып көрсөк, мисалы АКШ, Европа өлкөлөрүндө көптөгөн тармактык профсоюздары болгону менен жете берсе 10чактуу негизги профсоюздар белгилүү. Азыр бизде алардын саны 20. Ал эми бул санды кыскартуу аларды жоюу деген мааниде жүрбөйт. Ушул багытта профсоюз­дар биригишсе күчтүү борбор түзүлүп, алардын үнү да, таасири да күчөп, кай­сыл кызматкер болбосун алардын укуктарын натыйжалуу коргоо камсыз болоору шексиз эмеспи.

Профсоюздардын эң башкы милдети - социалдык-экономикалык, эмгектик мамилелерде, укуктарды коргоодо, жумуштун графигин белгилөө, эмгек шарттарын зыяндуулугун аныктоо, ашыкча жумуш убактысын чектөө маселелери боюнча иш берүүчүлөр менен натыйжалуу сүйлөшүүлөргө жетишүүдө турат. Кыргызстан профсоюздар Федерациясы акыркы эле жылдарда эмгекчилдердин укугун бузгандык боюнча 133 ишти соттун кароосуна өткөрүп, 60 талаштын натыйжасы утуш менен аяктады, 340 адам мыйзамсыз жумушунан кетирилген болсо, алар биздин жардамыбызменен кайра иш ордуна коюлду. Ошону менен катар биз укук бузган, та­за эмес иш берүүчүлөрдү 63 млн. сомдук материалдык жоопкерчиликке тартып, анын 80 жумушчу - кызматкерлерге төлөтүп бергенге жетиштик. Ушуну менен катар өндүрүштө кетирилген 174 кырсыкты, анын ичинде өлүм менен коштолгон фактыларды биз изилдөөгө алдык. θткен эле жылда минден ашык арыз жана каттарды алдык. Көптөгөн мыйзам бузууларга жол берген миңден ашуун ишканаларды текшердик. Алардан сырткары, биз минималдык айлык акынын өлчөмүн көбөйтүү үчүн күрөштү улантуудабыз. Бүгүнкү күндө ал 900 сомду түзөт. Аны жашоонун минимал­дык деңгээлинде турган 5030 сомго чейин которуу зарыл.

 

-Жаштар трансулуттук компанияларда профсоюздук уюмдардын жоктугунан мыйзамсыз иштердин орун алып жатканын коңгуроо кылышууда. Бул маселеге кандай карайсыз?

 

-Бул абдан туура жана бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси. Биз ошол трансу­луттук компанияларга барып профсоюздук уюм түзгүлө деп жатабыз. Бирок, алар каршы болушууда. Себеби, профсоюздук уюм түзүлгөн жерде адамдын укугу тепселенбейт да. Учурда ушул сыяктуу компанияларга уюм тузуп эмгекчилердин укугун коргоого аракеттерин көрүп жатабыз. Мисалы, Кыргыз Түрк Манас университетинде, Ата-Түрк Ала-Too университетинде, Себат уюмдарында, Кумтөр компаниясында профсоюздук уюмдар түзүлгөн. Ошол себептен бардык компанияларда түзүлүш керек. Азыр кыйынчылык менен түзүлүп жатат, бирок, аягына чейин чыгабыз. Айрым жердерде бизге кайрылышканда бизде тиешелүү адистерибиз бар, аларга колдон келген жардамдарыбызды берип турабыз. Негизинен бул маселени Жеңиш Молдокматов көтөрүп чыкты, элдин таламын талашкан азамат экен.

 

 

Улукбек КУТМАНБАЕВ