Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

«Ден соолук жана биримдик» марафону

2024-жылдын 18-майында Бишкек шаарында Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы жана Жаштар кеңеши бөлүмү тарабынан уюштурулган «Ден соолук жана биримдик» аттуу масштабдуу профсоюздук марафонун болуп өттү.

Спорттук иш чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, 1-май Эмгекчилердин майрамына жана алдыда келе жаткан Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын түзүлгөнүнө 100 жылдыгына арналды.

Кеңири масштабдагы жарышка КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети 100дөн ашык адам менен катышты.

Марафондун максаты - жаштардын, жашы жеткен эмгекке жарамдуу калктын жана күмүш курактагы адамдардын арасында спортту, сергек жашоо образын жана дене тарбия көнүгүүлөрүн жайылтуу болду.

Эскерте кетсек, бул спорттук иш чараны жакында түзүлгөн ККПФнын Жаштар кеңеши бөлүмү уюштурган.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети