Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Боробордук комитеттин кызматкерлери тарабынан практикалык жардамдар көрсөтүлдү

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин  борбордук комитетинин аппарат кызматкерлери 2024-жылдын 7-12-октябрына чейин Баткен областы, Ош областында жана  анын райондорунда иш сапарда болушту.

Кесиптик бирликтин  жүргүзүлүп жаткан иштери менен таанышуу  практикалык жана методикалык жардамдарды көрсөтүү Ош областык, Өзгөн, Кара-Суу, Ноокат райондук,  Ош шаардык жана  Баткен областтык комитеттеринде жүргүзүлдү.

Иш сапарга кесиптик бирликтин Борбордук комитеттин төрагасы М.Примкулов, финансылык бөлүмүнүн башчысы Н.Абикова, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова, жана социалдык-эконономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Намазбекова барып кайтышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Ош жана Баткен  областтарындагы, район жана шаарларындагы  кесиптик бирлик  комитеттеринин аткарып жаткан иштери менен таанышып,  билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык абалдарын жакшыртууда жана көйгөйлүү маселелерди чечүүдө көрүлүп жаткан иш аракеттер, укук жана эмгекти коргоо жаатындагы аткарылып жаткан иштер, финансылык документтер каралып, консультациялар берилди. Ошондой эле жалпы документацияларды туура жүргүзүү, кесиптик бирликтин  деӊгээлин мындан ары да жогорулатуу жана башка бир катар маселелер боюнча жеринде тапшырмалар берилди.

 

 

 

 Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети