Борбордук комитеттин төрагасы М.М.Примкулов мугалимдер күнүнө карата сыйлыктарды тапшырды
КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов 5-октябрь эл аралык мугалимдер күнүнө карата Ысык-Көл областынын Тоң районундагы жана Каракол шаарында КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган салтанатту иш чарага катышып келди.
2024-жылдын 2-октябрында Мугалимдер күнүнө карата райондук деңгээлде уюштурулган иш-чарага КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов, Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Осмонов, Тоң райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Кадырова жана Тоң райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Муратбек уулу Назар жана билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер катышышты.
Иш-чаранын алкагында Борбордук комитеттин төрагасы М.Примкулов билим берүү кызматкерлерин Эл аралык майрамы менен куттуктап, келечекке билим үрөнүн сээп келе жаткан бала бакча тарбиячылары менен мектеп мугалимдерин, кесиптик жана жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана жалпы билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өтө чыдамкайлыкты, талбаган эмгекти талап кылган мугалимдик кесиптин коомду калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү мааниси зор жана алардын мээнети терең сыйга татыктуу экендигин баса белгиледи. Андан соң сыйлык ээлерине КР Билим жана илим кызматкерелинини кесиптик бирлигинин борбордук комитететинин Ардак грамоталарын жана “ Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгилерин тапшырды.
Ошондой эле мугалимдердин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара 2024-жылдын 3-октябрында Каракол шаарында да өтүп, сыйлоо аземине КР Президентинин Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Э.Далиев, КР Билим жана илим кызматкерелининин кесиптик бирлигинин борбордук комитететинин төрагасы М.М.Примкулов, райондук, шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер катышышты.
Сыйлоо аземинин алкагында кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин төрагасы М.Примкулов сөз сүйлөп, Билим берүү кызматкерлеринин майрамын куттуктоо менен жаш муундарды окутуп-тарбиялоодо билим берүү кызматкерлеринин асыл иштерине ийгиликтерди каалады жана кесиптик бирлик комитети тарабынан аларга болгон колдоо, эмгек укуктарын жана кызыкчылыктарын татыктуу коргоо жаатындагы иш аракеттер улана берээрин белгиледи.
Андан соң төрага билим берүү кызматкерлерине КР Билим жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитететинин сыйлыктарын тапшырып, кызматкерлерине бекем ден соолук, узак өмүр жана иштерине ийгиликтерди каалады.
Мугалимдер күнүнө карата арналган иш-чара шаңдуу концерттик программа менен коштолуп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Малыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети