Борбордук комитеттин төрагасы М.М.Примкуловдун админстрация өкүлдөрү менен жолугушуусу
КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин борбордук комитетинин төрагасы М.М.Примкулов 5-октябрь эл аралык мугалимдер күнүнө карата уюштурулган салтанатту иш чарага катышуу менен катар, КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Д.Султанбаева, Ысык кол областык билим берүү институтунун директору Ч.Ш.Сыдыкова жана инситуттун мугалимдер жамааты, ошондой эле Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын Ысык-Көл областындагы өкүлү К.Н.Курманалиев жана анын кызматкерлери менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында Билим берүү тармагынындагы айрым көйгөйлөргө, мугалимдердин социалдык-укуктук абалдарын жакшыртууда көрүүлүчү иш-аракеттер, турмуш тиричилик жашоо шарттарынын деңгээлин жакшыртуу, билим берүү кызматкерлерин кесиптик бирликтин мүчөлүгүнө тартуу , ошону менен эле катар келечекте бирге иш алып баруу менен бирге мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө жаатындагы маселерди талкуулашты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордукк комитети