Борбордук комитеттин Пленуму болуп өттү
2021-жылдын 25-26-августунда Ысык-Көл областынын Тоң районунда жайгашкан "Красная Гвоздика" ден соолукту чыңдоо борборунда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин кезектеги Пленуму болуп өттү. Пленумга Борбордук комитеттин мүчөлөрү, кесиптик бирликтин областтык, шаардык, райондук комитеттеринин төрагалары жана Борбордук комитеттин аппаратынын жооптуу кызматкерлери катышты.
Пленумдун күн тартибинде биринчи болуп “Уюштуруу маселелери” каралды. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун жана Борбордук комитеттин мүчөлүгүнүн курамынан башка ишке өткөндүктөрүнө, ден соолуктарына жана каза болгондуктарына байланыштуу айрымдар чыгарылды.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиумунун жана Борбордук комитеттин мүчөлүгүнүн курамына жаңы шайланган областтык, шаардык жана райондук комитеттердин төрагалары киргизилди. Борбордук комитеттин төрагасы А.Токтогулов жана Пленумдун катышуучулары жаңы шайланган Президиумдун жана Борбордук комитеттин мүчөлөрүнө иштешине ийгиликтерди кааалашты.
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча көрүлгөн чаралардын шартында иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов доклад жасады (доклад Борбордук комитеттин сайтына жана “Позиция профсоюза” газетасына (№5-6-7-8 (215-218) Август 2021 ) жарыяланды).
Докладчы өз сөзүндө кесиптик бирликтин мчүөлүк уюмдары гана эмес эл аралык кесиптик бирлик уюмдары пандемия учурунда өз иштерин талаптагыдай уюштурууга өзгөчө көңүл бурушкандыгын белгиледи. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук, областтык, шаардык, райондук комитеттери жана баштапкы уюмдары тарабынан COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу, өз убагында аныктоо жана илдетке чалдыккан билим берүү кызматкерлерине материалдык жана моралдык жардам көрсөтүү боюнча уюштуруу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү айтылды. Кесиптик бирликтин Борбордук, областтык, шаардык, райондук комитеттери жана жогорку окуу жайларынын кесиптик бирлик уюмдары тарабынан социалдык өнөктөштөрү менен бирдикте пандемия шартында кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эмгектик укуктарын коргоо, эмгек акыларынын төлөнүшүн камсыз кылуу, азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүү боюнча көп иштер аткарылды. Баткендеги чек ара чырынан жабыр тарткан билим берүү кызматкерлерине да жардамдар өз убагында берилгендиги да баса белгиленди.
Ушул маселе боюнча Пленумдун бир топ катышуучулары жарыш сөзгө чыгышты. Алар пандемия шартында кесиптик бирликтин Борбордук, областтык, шаардык жана райондук комитеттери өз иштерин жогорку деңгээлде уюштура алгандыктарына жана мындан ары да өз деңгээлинде жүргүзө бере тургандыгына токтолушту. Ушул маселе боюнча Борбордук комитеттин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Ошондой эле Пленумда күн тартибиндеги негизги маселеге байланыштуу пандемия шартында келип чыккан көйгөйлөр беш багыт боюнча ар тараптуу талкууга алынды. “Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин COVID-19 пандемиясы учурунда уставдык милдеттерди жүзөгө ашырууда уюштуруу иштерин чыӊдоо, ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу” деген маселе боюнча модераторлук кылган БКнын төрагасы А.Токтогуловго кесиптик бирликтин Тоң райондук комитетинин төрагасы Н.Урманбетов көмөк көрсөттү. Ушул маселени талкуулоого кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетинин төрайымы Г.Султанбаева, Түп райондук комитетинин төрагасы М.Сыдыков, И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Э.Бектуров ж.б. катышты.
“Социалдык өнөктөштүк-тармактык кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүүнүн актуалдуу милдеттерин жүзөгө ашыруунун маанилүү куралдарынын бири” деген экинчи жыйындын маселе боюнча кесиптик бирликтин Москва райондук комитетинин төрайымы Т.Эсенканова доклад жасады. Бул маселени талкуулоого да Пленумдун катышуучулары бир топ иштиктүү сунуштарды айтышты. Жыйындын аягында БКнын төрагасы А.Токтогулов токтомдун долбооруна төмөнкүдөй сунуш киргизди: Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин демилге тобуна турак жай аянттарын күтүү жана коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча эксплуатациялык чыгымдарды төлөөнү которуу боюнча, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен жеке турак жай курулушуна пайызсыз ссудаларды берүүнү жакшыртуу багытында иш жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды.
“Эмгекти коргоо жана билим берүү кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу-күндүн артыкчылыктуу маселеси” топтук жыйындын үчүнчү маселеси болуп калды. Доклад жасаган кесиптик бирликтин Ош областтык комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев аталган маселеге өз комитетинин мисалында кеңири ачып берүүгө аракет кылды. Талкууга кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитетинин төрайымынын орун басары Т.Бараханов, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары К.Алымбаев, К.Жумабеков катышышты.
Ал эми “Кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн эс алууларын чечүүдө жана ден соолуктарын чыӊдоодо бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы” деген маселе боюнча кийинки жыйында кесиптик бирликтин Талас райшаардык комитетинин төрайымы Ф.Батырбаева доклад жасады. Бул маселе боюнча кесиптик бирликтин Ноокат райондук комитетинин төрайымы Н.Тажибаева, ОшМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Саттаров ж.б. ой бөлүшүштү.
“Кесиптик бирликтин маалымат ишмердүүлүгүнүн тараптары: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрү жана мүчөлүк уюмдары, экинчи жагынан-социалдык өнөктөштөр, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка коомдук уюмдар” деген жыйындагы маселе боюнча кесиптик бирликтин Лейлек райондук комитетинин төрагасы А.Бердиев өз көз караштарын ортого салды. Ал бул багыттагы өз тажрыйбасы жөнүндө далилдүү фактылар менен ишенимдүү айтып берди.
Жогорудагы талкууланган бардык маселелер боюнча чыгып сүйлөөчүлөрдүн сунуштарын эске алуу менен тиешелүү токтомдор кабыл алынды.
Ошондой эле Пленумда ар кандай маселелер да каралды жана ал боюнча тиешелүү токтом кабыл алынды.
* * *
25 августа 2021 года на базе оздоровительного центра профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики «Красная гвоздика» было проведено первое, после VII съезда, пленарное заседание Центрального комитета профсоюза работников образования и науки КР. В нем приняли участие 51 член ЦКП и 20 приглашенных.
В повестку дня были включены следующие вопросы:
1. Организационный вопрос.
2. Доклад «Об особенностях работы профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики в условиях принимаемых мер по борьбе с коронавирусом».
3. Панельная сессия:
3.1. Укрепление организационного единства, повышение эффективности деятельности Профсоюза образования и науки КР в реализации уставных задач в период пандемии COVID -19.
3.2. Социальное партнерство, как надежный инструмент реализации актуальных задач в развитии отраслевого профсоюзного движения.
3.3. Охрана труда и обеспечение безопасности работников образования являются приоритетом дня.
3.4. Эффективное использование средств профсоюзного бюджета в решении вопросов отдыха и оздоровления членов профсоюза.
3.5. Две стороны информационной деятельности Профсоюза: члены профсоюза и членские организации Профсоюза работников образования и науки, с другой стороны - социальные партнеры, СМИ и другие общественные организации.
4. Разное
4.1. О премировании освобожденных профсоюзных работников структурных подразделений ЦКП работников обрзования и науки КР.ө
В своем докладе «Об особенностях работы профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики в условиях принимаемых мер по борьбе с коронавирусом» председатель Центрального комитета отраслевого профсоюза Токтогулов Асылбек Токтогулович уделил особое внимание работе не только членских организаций нашего профсоюза, но и работе международных профсоюзных организаций в период пандемии COVID -19. В частности, он сказал, что вспышка пневмонии, вызываемая новым вирусом, была зафиксирована в китайском Ухане в конце декабря 2019 года. Генеральный директор Всемирной организации здравоохранения 12 марта 2020 года заявил, что ситуацию с распространением COVID -19 можно охарактеризовать как пандемию. За эти полтора года заразилось коронавирусной инфекцией свыше 160 миллионов человек, более 3,4 миллионов стали её жертвами. Мы с вами, акцентировал внимание Асылбек Токтогулович, потеряли более ста членов нашего профсоюза.
30 марта 2020 года бюро Международной Организации Труда по деятельности трудящихся направило краткое руководство по действиям в кризисных ситуациях в соответствии с Рекомендацией 205 МОТ «О занятости и достойном труде в целях обеспечения мира и потенциала противодействия».
14 марта 2020 года Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков провел заседание Совета безопасности в узком составе с участием руководителей ряда государственных органов и полномочных представителей Правительства в регионах.
9 апреля 2020 года было принято постановление Правительства КР № 197 «Об утверждении Порядка введения и осуществления ограничительных\карантинных мер в области общественного здравоохранения в Кыргызской Республике»,
В целях исполнения решения Совета безопасности Кыргызской Республики от 14 марта 2020 года, и в связи со сложившейся санитарно-эпидемиологической ситуацией в республике, 20 марта 2020 года мною было издано распоряжение № 20 «Об установлении особого режима работы членских организаций Профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики».
Также Асылбек Токтогулович отметил, что ЦК профсоюза работников образования и науки КР уделяет, в настоящее время, особое внимание повышению эффективности деятельности профсоюза в укреплении организационного единства и реализации уставных задач.
В деятельности Профсоюза образования и науки Кыргызской Республики в сфере социальной защиты работников отрасли главной остается работа по повышению и совершенствованию системы оплаты труда работников образовательных организаций, не зависимо ни от каких обстоятельств.
Многоуровневая система социального партнерства обеспечивает стабильные условия взаимодействия с органами власти и работодателями, а охрана труда и обеспечение безопасности работников образования являются приоритетом дня.
Было уделено внимание в докладе эффективному использованию средств профсоюзного бюджета и финансовой стабильности Профсоюза в период коронавирусной пандемии. Также было отмечено, что информационно-разъяснительная работа Профсоюза в настоящей ситуации имеет очень большое значение.
Важным элементом системной работы Профсоюза является организация и проведение конкурсов, направленных на выявление и распространение лучших практик работы.
Обсуждение доклада проводилось в рамках панельных сессий по пяти вышеуказанным направлениям.
Первую сессию «Укрепление организационного единства, повышение эффективности деятельности Профсоюза образования и науки КР в реализации уставных задач в период пандемии COVID» - вместе с модератором А. Токогуловым провел председатель Тонского РКП Иссык-Кульсккой области Урманбетов Нурлан Асылбекович. Также в обсуждении данного вопроса приняли участие председатель Бишкекского городского комитета профсоюза работников образования и науки Султанбаева Г.У., Тюпского РКП Иссык-Кульской области Сыдыков М.А., председатель ПК КГУ им. И. Арабаева Бектуров Э.Ш. и другие.
Для обсуждения второго вопроса «Социальное партнерство, как надежный инструмент реализации актуальных задач в развитии отраслевого профсоюзного движения» к микрофону была приглашена Эсенканова Татьяна Владимировна --председателя Московского РКП Чуйской области.
Сессия прошла с большим успехом, много было создано проблемных ситуаций, в решении которых приняли участие представители практически всех областей республики. По окончании сессии, по предложению председателя А. Токтогулова, было решено внести в проект постановления следующее предложение: Поручить Инициативной группе Центрального комитета профсоюза работников образования и науки КР усилить работу по переводу выплат на эксплуатационные расходы по содержанию жилой площади и коммунальные услуги, а также по предоставлению беспроцентных ссуд на индивидуальное строительство и з местного бюджета в государственный.
Утверждение председателя Ошского областного комитета профсоюза Тойгонбаева С. А., что «Охрана труда и обеспечение безопасности работников образования являются приоритетом дня», стало темой для третьей сессии. В ней приняли участие заместитель председателя Бишкекского ГКП Бараханов Т.О., председатели профсоюзных комитетов Ыссык-Кульского государственного университета им. К. Тыныстанова Алымбаев К.И. и КНУ им. Ж. Баласагына Жумабеков К.С.
Следующую сессию «Эффективное использование средств профсоюзного бюджета в решении вопросов отдыха и оздоровления членов профсоюза» мне поможет провела Батырбаева Ф. А. - председатель Таласского райгоркома. Также были заслушаны мнения председателя Ноокатского РКП Ошской области Тажибаевой Н.К., Председателя Ошгу Саттарова А.Э. и других председателей.
Очень важной в современном профсоюзном движении оказалась проблема: «Две стороны информационной деятельности Профсоюза: члены профсоюза и членские организации Профсоюза работников образования и науки, с другой стороны - социальные партнеры, СМИ и другие общественные организации», это показала сессия проведенная председателем Лейлекского РКП Баткенской области Бердиевым А.Т. Он поделился своим большим опытом работы в данном направлении.
По окончании обсуждений было принято постановление по второму и третьему вопросам с учетом всех предложений и дополнений.
Далее было принято постановление по четвертому вопрсу “О премировании освобожденных профсоюзных работников структурных подразделений ЦКП работников обрзования и науки КР”, согласно Уставу Профессионального союза работников образования и науки Кыргызской Республики.
Когда была исчерпана повестка дня, заведующей социальным отделом ЦКП И. Афанасьвой были даны пояснения по приказу МОиН КР о переносе начала 2021-2022 учебного года и расчету количества единиц технического персонала.
Заседание пленума длилось более 4 часов, но оно было настолько интересным и плодотворным, что никто не заметил сколько прошло времени.
Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети