БОРБОРДУК КОМИТЕТИНИН ПРЕЗИДИУМУ
2025-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин президиуму болуп өттү.
Президиумга Борбордук комитеттин президиум мүчөлөрү онлайн форматта катышып, күн тартибиндеги бир катар маанилүү маселелер талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө борбордук комитеттин аппаратындагы облустардагы өкүлдөрдү бекитүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин кезектүү жана кезексиз конференцияларын жана Пленумду өткөрүү мөөнөтүн белгилөө маселелери каралды.