Борбордук комитетинин кезектеги Президиуму
2024- жылдын 4-декабрында КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Президиуму болуп өттү.
Отурумга президиум мүчөлөрү Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ө.К.Молдокматов, Ысык-Ата райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.К. Тыныбекова, Бишкек шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Т.О.Бараханов, экономика жана финансы институтунун ректору А.С. Сарыбаев, ал эми онлайн форматта Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А. Тойгонбаев, Баткен областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Н. Бөтөков, Нарын райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы М. Ж. Курманкожоев жана Борбордук комитетинин аппарат кызматкерлери катышышты.
Президиумдун жыйынын КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы М. Примкулов ачып, күн тартиби менен тааныштырды. Күн тартибинде төмөнкү 2 маселе каралды:
- Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык
комитетинин ишмердүүлүгүн токтотуу жана Борбордук комитетинин түз тейлөөсүнө өткөрүү жөнүндө.
- Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиумдун мүчөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги биринчи “Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин ишмердүүлүгүн токтотуу жана Борбордук комитетинин түз тейлөөсүнө өткөрүү жөнүндө” маселеси боюнча Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин башкы укук жана техникалык инспектору Б.Кадыркулов маалымат берип, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы кезексиз VIII конференция өткөрүлгөндүгү жана буга чейин Президиум, Пленумдарда ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча токтомдор кабыл алынгандыгын белгиледи.
Президумдун алкагында бул маселелердин бардыгы КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Уставынын жана КР билим жана илим кызматкерлеринин райондук, шаардык, областтык кесиптик бирлик уюмдары жана окуу жайларынын облшааркомдордун укуктарына ээ кесиптик бирлик комитеттери (аймактык кесиптик бирлик уюму) жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүлгөндүгү айтылды.
Отурумдун алкагында Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.А. Тойгонбаев, учурда Кыргызстан кесиптик бирлик тармагында чоң өзгөрүлөр болуп жаткандыгын, жер-жерлерде областтык кесиптик бирликтер кеңештери жоюлуп ишти координациялоо максатында өкүлчүлүктөр уюшулуп жаткандыгын жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети бул маселени президиумдун күн тартибине алып чыккандыгын айтты. Президиум мүчөлөрү бул маселени колдоп Пленум өткөрүүгө макулдугун бергендигин, Пленумдун катышуучулары да көптөгөн талаш- тартыштан кийин кезексиз конференция чакыруу жөнүндө токтом кабыл алышкандыгын, жыйынтыгында конференцияда областтык комитеттин ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынгандыгын белгиледи.
Ал эми Президумдун күн тартибиндеги 2 -маселе боюнча “Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин президиумдун мүчөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Борбордук комитеттин төрагасынын орун басары Ө. Молодокматов жогорку окуу жайлардын кесиптик бирлик комиттетеринен президиум мүчөлүккө И.Арабаев атындагы КМУнун кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Назар Докдурбектин кандидатурасын сунуштады. Президиум мүчөлөрү бир добуштан Доктурбек Назардын кандидатурасын колдошту.
Президиумдун жыйынында күн тартибиндеги каралган маселелер боюнча токтомдор кабыл алынып, Президиумдун кезектеги отуруму натыйжалуу аякталды.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети