Биринчи байлык ден соолук! Профсоюз- мүчөлөрүнүн ден соолугу үчүн кам көрөт!
Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профсоюздук комитетине тармактык профсоюздун Жалал-Абад облустук комитети тарабынан “Жалал-Абад” санаторийине эки жолдомо бөлүнүп, кезеги келген эки баштапкы профсоюздук уюмдун мүчөлөрүнө акысыз берилип, БПУлардын жыйынынын чечими, ден соолугуна байланштуу даарыланууда. Алар: “Административдик башкаруу кызматерлеринин” баштапкы профсоюз уюмунун мүчөсү Чоюбекова Кулсина жана “Медициналык колледждин” БПУнун мүчөсү Калымбетова Гүлбурактар.
Санаторияда дарылануу үчүн тандоо кенен. Тажрыйбалуу дарыгерлердин багыттамасы менен атайын дарылануунун тизмеги түзүлүп, дарылануу мөөнөтү бүткөнчө көзөмөл жүргүзүлөт. Каалоочуларга кошумча процедуралар бар.
Оорубаңыздар,баарыңыздарга бекем ден соолук каалайбыз!
Даярдаган: Нуржан Баитова, Жалал-Абад шаары. Феваль айы, 2021-жыл.