Билим берүүнү жакшыртуу негизги милдет
ОГПИде окутуучулар үчүн “Окуу процессинде тестирлөөнү колдонуунун теориясы жана усулу” деген аталышта тренинг-семинар өттү.
Семинар окуу жайдын сапат бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага атайын тажрыйбалуу адисттер келип масстер класс өтүү менен тест түзүүнүн жолдору, анын түрлөрү жана студенттер, окуучулар менен иштөөдө тест колдонуунун натыйжалуулугу боюнча кенен маалымат беришти. Семинардын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн окуткан предметтери боюнча тест түзүшүп, тайпа-тайпада анализдөө менен ордунда артыкчылык жана кемчилдиктерин талкуулашты. Өз билимин өркүндөтүү максатта уюштурулган бул саамалыкка институтун бардык факультеттеринен окутуучулар катышып, жыйынтыгында квалификациялык цертификатка ээ болушту.