Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Билим берүү кызматкерлеринин суроо-кайрылуулары боюнча

Кесиптештер, жаны 2024-2025-окуу жылынын башталышы менен КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетине сентябрь-октябрь айлары ичинде билим берүү кызматкерлеринен ар кандай маселелер боюнча жазуу жана оозэки түрүндөгү кайрылуулар,  телефон чалуулар келип түштү.

Кайрылуулардын көпчүлүк учурларында педагогикалык кызматкерлердин жумалык жүктөмдөрүнүн бөлүнүшү, эмгек акылардын туура  эсептелиниши, айлык акыга болгон кошумча төлөмдөрдүн толук камтылышы боюнча тактоо ирээтиндеги суроолор болду.  

Кесиптик бирликтин Борбордук комитети кызматкерлердин ар бир суроосун, маселесин кылдат кароо менен  эмгек акыны эсептөө боюнча практикалык жардамдарды көргөзүүгө  дагы аракет кылды.

Кесиптештер, баарыбызга маалым болгондой педагогикалык кызматкерлердин айлык акысынын эсептелиниши “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин  30-март 2022-ж. №181-токтому менен аныкталган.

Эске салсак буга чейин билим берүү кызматкерлеринин айлык акысын эсептөө боюнча Борбордук комитеттин   атайын видео роликтери иштелип чыккан жана аларды комитеттин инстаграмм, facebook,  телеграмм баракчаларынан, ютуб каналынан https://www.youtube.com/watch?v=xTn8EPtnFls жана расмий сайттан http://tradeunion-ed.kg/ru/normativno-pravovyie_aktyi.html шилтемелерин  басуу менен колдоно аласыздар.

Социалдык тармактардагы биздин баракчалардан баштапкы кесиптик бирлик бурчун уюштуруу боюнча видео роликти  https://www.youtube.com/watch?v=HAHydJVr9no, ал эми ишке орношуу учурундагы түзүлгөн келишимдер боюнча маалыматты https://www.youtube.com/watch?v=Hb9v0FQZqnY шилтемелерин басуу менен көрүп, колдоно аласыздар.

Ошондой эле Борбордук комитет жакынкы аралыкта билим берүү кызматкерлерине  айлык акыларын өз алдынча эсептөө боюнча жардамчы катары “online калькулятор” иштеп чыгууну максат кылууда.

Бүгүнкү күнү бул боюнча Борбордук комитеттин төрагасы М.Примкуловдун тапшырмасы менен атайын сүйлөшүүлөр, иш-аракеттер башталды.

Муну менен катар урматтуу кесиптештер, билим берүү кызматкерлеринин социалдык экономикалык маселелерине тиешелүү уюштурулган иш-аракеттер  жөнүндө маалыматтар менен ар дайым бөлүшөөрүбүздү билдиребиз.

 

Урматтоо менен, Кесиптик бирликтин Борбордук комитети