Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Бакай-Ата районунда баштапкы профсоюздук комитеттин төрагалары менен профсоюздук-уюштуруу иштери багытында семинар өткөрүлдү

Бакай-Ата районундагы Жунусов атындагы орто мектебинде тармактык баштапкы профсоюздук комитеттеринин төрагалары менен «баштапкы уюмдарда профсоюздун-уюштуруу иштери» деген темада семинар уюштурулуп, 28-октябрь күнү өз ишин семинар 10.30 да баштап, 16.30 да аяктады.Семинардын ишине КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Б.М. Кадыркулов, Профсоюздун Кара-Буура райкомунун төрайымы Абдыжапарова Р.М., Профсоюздун Бакай-Ата райкомунун төрагасынын милдетин аткаруучу Н.Солпиев, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Н.Сманова, жетектөөчү адиси Н.Сулайманкулова жана Бакай-Ата райкомунун казначейи В.Орозовалар катышышты. Семинарда Б.Кадыркулов слайд менен кеңири түшүндүрмө берип өткөрдү. Семинарда Б.Кадыркулов өзгөчө профкомдун алдындагы комиссиялардын иштерине, профкомдордун мүчөлөрүнүн мыйзамдык укуктары менен милдеттерине, профкомдун иш пландарын түзүү жана аткарылышына токтолду.

Тармактык профсоюздун райондук комитетинин 37 баштапкы профсоюздук комитеттин ичинен 34 профкомдун төрагасы катышты, 3 төрага ар кандай себептер менен катышпай калды. Семинардын жүрүшүндө «баштапкы уюмдарда профсоюздун уюштуруу иштери» боюнча суроолор берилип, толукталды.

Семинардын аягында профкомдун төрагалары профсоюздун райондук комитетине өздөрүнүн дооматтарын айтып, берилген суроолорго тийиштуу кызматкерлер жоопторду  беришип, семинарды жыйынтыкташты.

Андан тышкары баштапкы профсоюздук комитети боюнча бардык маалыматтар такталды.

 

 

 

Материалды даярдаган:

КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитетинин

башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору

Б.М. Кадыркулов