Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк
Аялдарга жана кыздарга карата гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк.
2024-жылдын 25-ноябрынан тарта аялдарга карата зордук-зомбулук көйгөйү боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» глобалдык кампаниясы старт алган.
Кыргызстандын кесиптик бирликтер Федерациясынын демилгеси менен “Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотолу!” аттуу гендердик теңдик боюнча 16 күндүккө арналган акциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан областтык, райондук жана шаардык комитеттери тарабынан билим берүү мекемелеринде, жалпы орто билим берүү мектептеринде зордук-зомбулуктун алдын алуу, гендердик теңчилик боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги “ Зомбулукка каршы 16 күн" глобалдык кампаниясын колдойт жана зомбулуктун ар кандай түрүнө, өзгөчө эмгек чөйрөсүндө күрөшүүгө өзүнүн берилгендигин билдирет.
Биз үчүн өнөктүктүн негизги максаттарынын бири-бардык жумушчулар үчүн, айрыкча жумуш ордунда зордук-зомбулук жана басмырлоо коркунучуна туш болгон аялдар үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүү.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети зордук-зомбулуксуз жана басмырлоосуз иштөө ар бир адамдын негизги укугу экендигине ишенүү менен, аны камсыз кылуу үчүн жигердүү иштөөнү улантат!
Белгилей кетсек, гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк – жыл сайын өтүүчү эл аралык кампания. Ал 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүнөн башталып, 10-декабрь Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин созулат.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети.