Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

5-октябрь Эл аралык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен!

Урматуу билим берүү тармагынын кызматкерлери!

Кымбаттуу мугалимдер жана ардактуу кесиптештер!

          Сиздерди 5-октябрь Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин кесиптик  майрамы  менен чын дилимден куттуктайм!                   

          Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы, адамзаттын дүйнө таануусун калыптандырган,  караңгыны жарык кылган шам чырак.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы  эң алгач мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимдерге кандай алкыш айтсак да жарашат.

          Чоң жоопкерчиликти талап кылган мугалимдик- бир гана кесип эмес, инсандык жана улуттук асыл сыпат. Сиздер тынымсыз аракетиңиздер менен жаштарыбыздын акыл-эс, маданий, социалдык, улуттук жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн чыныгы куруучусусуздар. Чынында мугалимдик кесип – өтө түйшүктүү, ошол эле учурда ардактуу жана кадырлоого ээ болгон жооптуу кесип.

          Ардактуу мугалимдер, сиздердин ар бир берген сабагыныздар - балдардын жарык жолу, ар бир айтканыныздар - келечекке багытталган кеңеш. Ар бириниздер  билим деген асыл даныныздарды себүү менен окуучуларыныздардын жан дүйнөсүндө акылмандык бактарын өстүрүп жатасыздар. Сиздер жон гана сабак өтпөй, келечектин жол башчыларын тарбиялап келесиздер! Сиздердин эмгегиниздер ар бир окуучунун тагдырында алтын тамгалар менен жазылаары шексиз!

          Соңку жылдары билим берүү тармагынынын кызматкерлеринин түйшүктүү эмгегин баалоого, мугалимдик кесиптин кадыр баркын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгына күбөбүз. Ушундай камкордукка билим берүү кызматкерлери да терең  сапаттуу эмгектери менен жооп берет деген ишеничтемин. Ал эми мамлекет дагы сиздердин ак ниет эмгегиңиздерди бийик баалары талашсыз!

    Республикабызда жүрүп жаткан ар кандай реформалар, өзгөрүүлөр, аны алдыга жылдыруу билим берүүнүн  сапатына түздөн-түз байланыштуу экендигин унутпайлы, ушул милдетти  жогорку деңгээлде аткаралы!

          Ал эми биз, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги, Сиздердин жумушуңуздарда болгон колдоо, эмгек укугуңуздарды жана кызыкчылыктарыңызды  татыктуу коргоо жаатындагы  аракеттерибизди уланта бермекчибиз!

           Урматтуу мугалимдер! Сиздердин жаш муундарга билим жана тарбия берүүдөгү ишиңиздердин үзүрлүү болушун, талыкпаган аракетиңиздер менен элдин сыйына арзый беришиңиздерди каалаймын. Келечек муундарыбызга сапаттуу билим жана таалим-тарбия берүү жаатындагы аракеттериңиздер үзүрлүү болсун!

 

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен!

 

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Билим жана илим кызматкерлеринин   
кесиптик бирлигинин
 борбордук комитетинин төрагасы                                                                                                                                                                                                                                                                  М. Примкулов