28 - июнь 2018 - жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бириккен профсоюздар комитетинин отчеттук шайлоо конференциясы
Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, Каракол шаарынын вице-мэри Орозова Гүлназ Жеңишовна, университетибиздин ректору Абдылдаев Курманбек Кыянович, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Молдакматов Өмүрбек Кыдырганович, Ысык-Көл областык профсоюздар Кеңешинин төрагасы Садабаев Эсен Рахимович, Каракол шаарынын профсоюздар комитетинин төрайымы Касымалиева Жыпар Усеновна жана Каракол шаарынын депутаттары катышты.
Университеттин бириккен профсоюздар комитетинин төрагасы Алымбаев Кенжебек Ишенбаевич 2013-2018 - жылдары профсоюз комитетинин аткарган иш чаралары боюнча отчетун берип жатып, беш жылдын ичинде жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эмгек чыр-чатактарын жөнгө салууга катышуу, кызматкерлердин, окутуучулардын жана студенттердин чыңдоону уюштуруу, коомдук, мамлекеттик жана башка уюмдар, эл аралык байланыштарды өнүктүрүү, профсоюздук кадрларды окутуу, укутук жана иш жүзүндөгү жардамдарды көрсөтүү боюнча иштерди баса белгиледи.
Ал өз сөзүндө профсоюз комитетинин курамы менен тааныштырып, комиссиялардын жана профсоюз комитетинин, президиумдун аткарган иш чараларына кеңири токтолду. Азыркы убакта университеттин бириккен профсоюздар комитети бутуна бекем турган профсоюз кыймылын андан ары бекемдөө жана өнүктүрүү, профсоюздун ар бир мүчөсүнүн кызыкчылыгындагы накта жана чыныгы иштердин негизинде өзүнүн кадыр баркын көтөрүү боюнча алдыда асыл максаттарды жана милдеттерди койгон күчтүү уюм болуп саналат деп баса белгиледи.
Отчет 85 слайддан тураарын айтып ар бир жылга кеңири токтолуп өттү. Кызыккандар болсо отчет менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук комитетинин слайдынан таанышып алсаңыздар болот.
Жарыш сөзгө: Иманов Акеш Иманович – Филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Орозова Гульназ Жеңишовна – Каракол шаарынын вице-мери, Арбаев Калысбек Асанович – кыргыз филология, педагогика жана искусство факультетинин профбюросунун төрагасы, Абдулдаев Дамир Азизович - физика-техникалык факультетинин деканы, Абдылдаев Курманбек Кыянович - университеттин ректору чыгып сүйлөшүп, төмөндөгүлөрдү белгилешти.
Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын илим жана билим кызматкерлеринин профсоюзу мамлекеттик бийликтин баардык дэңгээлдеги органдары менен кызматташкан, профсоюз уюмдарынын жана мүчөлөрүнүн ар түрдүү мыйзамдуу укутарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Аны жетектеп турган билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрагасы Асылбек Токтогуловичке терең ыраазычылык билдиришип, ишине зор ийгиликтерди каалашты. Ал эми университеттин профсоюз комитетинин аткарып жаткан иштерине токтолушуп, төрага Каракол шаарынын үч жолку депутаты, шаардын Ардактуу атуулу катары тажрыйбалуу адис экендигин, анын беш жылдык берген отчету жакшы деген баага татырын белгилеп, аны кайрадан ачык шайлоо менен делегаттарды шайлап берүүгө үндөштү.
Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бириккен профсоюздар комитетинин мүчөлөрү жана шайланган делегаттар бир добуштан Алымбаев Кенжебек Ишенбаевичти университеттин бириккен профсоюздар комитетинин төрагалыгына бир добуштан кайрадан шайлап алышты жана анын ишине зор ийгиликтерди каалашты.
Акырында жыйынтыктоо сөз менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Асылбек Токтогулович төмөндөгүлөргө токтолду.
Региондорду өнүктүрүү жылында тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү боюнча борбордук комитет тарабынан атайын пландар иштелип чыгылып, регионалдык профсоюздарга аны аткаруу боюнча тапшырмалар берилгендигин баса белгиледи. Ошону менен бирге эле профсоюз уюму тарабынан аткарылып жаткан жана алдыда аткарылуучу иштерге кеңири токтолуп өттү.
Ал эми кайрадан шайланган университеттин профсоюз комитетинин төрагасына ишиндеги ийгиликтерди каалап, шайлоочулардын добуштары өтө оор болорун белгилеп, алардын койгон талаптарын, мүдөлөрүн, укутарын баардык күч аракет менен коргоп берет деп, терең ишенээрин белгилеп, биз дагы жакындан жардам беребиз деп баса белгиледи.
Ошондой эле университеттин Бириккен профсоюздар комитети бутуна бекем турган, өзүнүн кадыр баркын көтөрү боюнча алдыга асыл максаттарды койгон, күчтүү уюм болуп саналат деп, белгилеп өттү.
К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун
бириккен профсоюздар комитети