Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

23-февраль- Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен!

             Урматтуу мекендештер,  кымбаттуу кесиптик бирликтин төрагалары,  ардактуу эр-азаматтар!

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин атынан бардык эр-азаматтарды 23-февраль — Ата-Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүнкү күн — өлкөнүн келечеги үчүн эрдигин көрсөтүп, мекенди коргоо үчүн бар күчүн жумшаган баатырлардын эмгеги жана урматы белгиленген күн.

Биз бул күнү Ата Мекенин коргоодо курман болгон кыргызстандыктардын эрдиктерин даңазалап, аларды сыймыктануу менен эскеребиз. Ошондой эле азыр да өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого дайым даяр турган ардагерлерибизге ыраазычылык билдиребиз!

Өлкөнүн келечеги — бул билим, ал эми  аны улантуучулар — биздин жаш муундар. Биз, билим берүү кызматкерлери, эртеңки күндүн лидерин, жаңы муундарды мекенине болгон патриоттук сезимдерге, өз өлкөсүнө болгон ишенимге, мекенине болгон патриоттук сезимдерин өстүрүп, келечектеги өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн билимдүү, мекенчил жана жоопкерчиликтүү эр азаматтарды тарбиялап келебиз. Аларды билим менен куралдандырып, өз мекенин сүйүү менен патриоттук сезимдерге байытып, билимдүү жана жоопкерчиликтүү жарандарыбызды тарбиялоонун жолундабыз.

Урматтуу коргоочулар, кымбаттуу эр-азаматтар! Сүйүктүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоодо берген антыңарга бекем туруп, эр-азаматтык милдетиңерди мындан ары да жогорку жоопкерчилик менен аткарасыздар деген тилектемин!

Сиздерге дагы бир жолу чың ден соолук, бакыт-таалай, кажыбас кайрат, бийик дем-күч, түгөнгүс энергия жана үзүрлүү жетишкендик каалайм!

Жергебизде ар дайым тынчтык жана бакубатчылык болсун!

Урматтоо менен,  КР Билим жана илим                                                                                            кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин                                                                                                  Борбордук комитетинин төрагасы                           М.Примкулов