1-май - эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү
Ош шаарында Ош облусунун профсоюздар Кенеши тарабынан уюштурулган майрамга жалпы ишкана, окуу жайларынын Парады болуп отту.
Урматтуу коллегалар!!!
"Биринчи Май - баарыбыз эңсеп күткөн, жан-дүйнөбүздү эргиткен, нукура элдик майрам. Тынчтыктын, жаздын, эмгектин символу катары бул күн- муундан муунга жүрөккө сакталып келатат. Бүгүн майрамдап чыккан ким болбосун - тилине, тегине, динине карабастан, тилектеш, тагдырлаш, максатташ экенин сезет. Чынында эле тынчтык менен эмгек - ар бир адам жашоосунда таяна турган кош дөөлөт. Ар кимибиз ак ниет эмгегибиз менен үй-бүлөбүздү, өлкөбүздү чыңдап жатабыз. Өлкөбүздөгү тынчтыкты, ынтымакты, биримдикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы! Баарыңыздарга бекем ден соолук, ачык асман, бакыбаттык, иштеринизде ийгиликтер болсун, ынтымакты каалаймын!
Сиздерди урматтап, ОшМУнун профсоюз комитетинин торагасы Саттаров А.Э.