Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

"Позиция профсоюза" газетасы

Газета "Позиция профсоюзов" № 11-12 (106-107) Октябрь 2012

Газетанын бул саны билим жана илим кызматкерлеринин ордолуу Ош областындагы  профсоюз комитеттеринин жана  билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүктөрүнө арналат жана Ош облрайшаар комитеттердин каражаттарына чыгарылып, жазылуучуларга акысыз таратылат

 

 

Билим берүү – артыкчылыктуу тармак

 

С.Жээнбеков - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн

Кыргыз Республикасынын Ош областындагы ыйгарым  өкүлү

 

Быйылкы жањыдан башталып жаткан окуу жылында биздин областыбызда 529 жалпы билим берүүчү мектептер, мамлекеттик аккредитациядан өтүшкөн 10 лицей жана 9 гимназия  келечек муундарга татыктуу тарбыя жана таалим берүүнүн үстүндө ыргактуу  иш алып барышууда. Алардан 421 мектепте окутуу кыргыз, 6 мектепте орус, 40 мектепте өзбек тилдеринде, ал эми 62 мектепте окутуу 2 жана 3 тилде жүргүзүлөт. Жаш муундарды мектепке даярдоодо балдар бакчалары жакшы иштерди алып барышууда, областыбызда 177 балдар бакчалары иштеп жатат. Билим берүү уюмдарынын катарында 8 балдардын чыгармачылык борборлору, 8 балдардын жана өспүрүмдөрдүн дене тарбыя клубдары, 1 балдардын билим берүү борбору дагы бар.

Областтын билим берүү уюмдарында 17244 мугалимдер жаш муундарга таалим-тарбыя беришүүдө. Тармактын кызматкерлеринин эмгек акыларынын өткөн жылдагы жогорулашы менен билим берүү уюмдарында кадрлардын жетишсиздиги бир кыйла кыскарып баратат. Ошентсе да быйылкы окуу жылында область боюнча 321 мугалимге муктаждык болуп турат. Жетишпеген кадрларды даярдоо боюнча жер-жерлерде райшаар жетекчилери жана билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларында мугалим кадрларды даярдап жатышкан жогорку жана атайын орто окуу жайлары менен тыкыз иштерди алып барышууда.

Республика боюнча мектептерди окуу китептери менен жабдуу көйгөйлүү маселе экендиги талашсыз. Билим берүү уюмдарыбызда окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуунун зарыл чаралары көрүлүүдө. 2007-2011-жылдарда чыккан окуу китептери менен 39,8 пайыз гана камсыз болгонбуз, же 1156004 китеп бар,  бул албетте өтө аз дегендикти билдирет. өткөн окуу жылында мектептерибиз 20 аталыштагы жањы окуу китептери менен камсыз болушкан, быйыл 52 аталыштагы 575813 даана окуу китептери келет деп турабыз.

Ал эми мектептерибиз компьютерлер менен бир кыйла дурус камсыз болушкан. Мектептердин  67,5 пайызы компьютерлерге ээ же 3585 даана компьютер бар. Ошентсе да бардык эле мектептерибизде жањы үлгүдөгү компьютерлер орнотулбаган, дагы 2262 даана компьютерге зарылчылык турат. Мындай абалдан чыгуу үчүн билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары чет элдик уюмдар, демөөрчүлөр менен иш алып барышууда.

Жањыдан башталып жаткан окуу жылына жакшы даярдыктарды көрүүнү биз өткөн окуу жылы аяктай электе эле баштаганбыз. 2012-жылдын 2-майындагы № 239-6 буйругубуз менен областтын билим берүү уюмдарын жањы окуу жылына өз убагында сапаттуу даярдоо максатында областтык кароо-сынак жарыялаганбыз. Ачыгын айтуу керек, быйыл ал даярдыктар бир аз кечиктирилгенине карабастан  учурда толугу менен бүткөрүлүү алдында турат. Оњдоп-ремонттоо иштерине республикалык бюджеттен 20 миллион 936 мињ 746 сом бөлүндү, мындай көлөмдөгү каражаттарга мектептердин кезектеги оњдоо-түзөө жумуштарына керектүү актоочу, сырдоочу жана башка курулуш материалдары сатылып алынды. Жогорудагы көлөмдөгү каражаттар албетте жетишсиз, жетишпеген каражаттарды  каржылоонун башка булактарынан табууга туура келүүдө. Айрыкча ремонт иштери өзгөн районунда алгылыктуу жүргүзүлгөнүн белгилөөгө болот. Райондогу 10 мектепте капиталдык ремонт жүргүзүлсө, 2 орто жана 1 башталгыч мектептин, 1 мектептин спорттук залынын жањы курулуштары бүткөрүлүү алдында турат. Ошондой эле жакында дагы 2 орто мектептин курулуштары башталды. Ноокат районунда да ушундай жакшы аракеттер бар. Быйылкы окуу жылына билим берүү уюмдарын даярдоого ар түрдүү каржы булактарынан 703 мињ, мектептердин мурдагы бүтүрүүчүлөрүнөн 1 миллион 26 мињ сом чогултулуп, кыйла иштер өз убагында жана сапаттуу бүтүшүнө өбөлгө болду. Ал эми район боюнча 182 каана ремонтсуз эле жањы окуу жылына даяр болгону эњ мыкты жетишкендик жана колго алуучу саамалык экендигин айтып кетүүгө тийишпиз.

Областтын билим берүү уюмдарын күзгү-кышкы сезонго карата даярдоонун абалы канааттандырарлык деп айтууга болот. Ар бир мектепке жана балдар бакчаларына көмүр ташуу, мештерди ремонттоо кызуу жүрүп жатат жана ал жагдай дайыма биздин көзөмөлдүгүбүздө турат. Ал эми өрт коопсуздугун сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2012-жылдын 6-июлундагы № 03-6-3354 буйругуна ылайык бардык билим берүү уюмдарында атайын иш чаралар түзүлүп, өрт өчүргүчтөр менен камсыз кылуу, тиешелүү кабар бергичтердин өњ абалда экендигин көзөмөлдөө, имараттардын чатырларына атайын суюктуктарды чачуу  сыяктуу иштерди өз убагында уюштурууга көњүл буруп жатабыз.

Окуучулардын билим сапатын жакшыртуу боюнча акыркы 3 жылда «Сапаттуу билим» программасынын алкагында мугалимдердин педагогикалык чеберчиликтерин жогорулатуу аракеттери көрүлүүдө. Бул жаатта семинар-тренингдер, алдыњкы тажрыйбаларды жайылтуу колго алынууда. Педагогдорубуздун  квалификацияларын көтөрүүдө областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту айтаарлык салымын кошуп келатат. Анда 17 предмет боюнча атайын курстарда алдыњкы тажрыйбалар үйрөтүлөт. өткөн окуу жылында андай курстардан 3041 мугалим өтүшүп, аймагыбыз боюнча таанылган 136 мугалимдин тажрыйбалары окутулуп үйрөтүлдү.

Областыбызда алдыњкы мугалимдерди ар дайым ардактоого айрыкча маани  берип келатабыз. Быйыл апрель айынын башында «Жылдын мыкты мугалими» кароо-сынагынын областтык турунда 15 мугалим ат салышып, натыйжасында Ноокат районунун Байыш атындагы орто мектебинин мугалими З.Мамасыдыков жењүүчү аталды. Ал эми билим берүү уюмдарынын мыктыларын да белгилөө жыл сайын өткөрүлүүдө. Быйыл «Жылдын мыкты айылдык мектеби» байгесине Кара-Кулжа районунун Б.Бегиев атындагы, «Жылдын мыкты жањы типтеги мектеби» байгесине Кара-Суу районундагы С.Маматов атындагы орто мектептер, «Жылдын мыкты бала бакчасы» байгесине Алай районундагы № 1 балдар бакчасы, «Жылдын мыкты жањы типтеги бала бакчасы» байгесине Кара-Суу районундагы № 2 «Мөлтүр-Булак» балдар бакчасы татыктуу болушту. Бардык жењүүчүлөргө баалуу белектер жана дипломдор тапшырылды. 

Окуучулардын билимдерин райшааробл олимпиадалар аркылуу таразалоого көњүл бурулууда. өткөн республикалык олимпиадага областыбыздан 40 окуучу катышып, 5 окуучубуз байгелүү экинчи орундарга арзышты. Жалпы билим берүүчү мектептерде бүтүрүүчүлөрдү жалпы республикалык тестирлөөгө катыштыруу иштери уюшкандыкта өттү. Быйыл область боюнча 11-классты 12565 окуучулар бүтүрүшкөн болсо, 8694 окуучу тестирлөөгө катышкан.

Областыбыздын билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин ар жыл сайын октябрь айынын алгачкы жекшембисинде белгиленип келаткан мугалимдердин эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктаймын, аларга бекем ден соолук, иштерине ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалаймын. Ошондой эле областыбыздын бардык профсоюз кызматкерлерин дагы 19-октябрь кесиптик майрамы менен куттуктап, эмгекчи элибиздин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы эмгектерине ийгилик, өздөрүнө мыкты ден соолук жана бакты-таалай каалап кетким келет.

 

 

Цифралар жана фактылар

 

Ош областында 425 орто, 63 толук эмес орто жана 41 башталгыч мектептер иштеп жатат.

ххх

Алардын ичинде Алай районунда 53, Араван районунда 55, Кара-Суу районунда 134, Кара-Кулжа районунда 54, Ноокат районунда 111, өзгөн районунда 96, Чоњ-Алай районунда 17, өзгөн шаарында 8 мектеп жана Уркуя Салиева атындагы областтык таланттуу балдардын жатак лицейи бар.

ххх

Областтын мектептеринде 220418 окуучу окушат, алардын ичинен 1-4-класстардын окуучулары 87277, 5-9-класстардыкы 106099, 10-11-класстардыкы 27042 окуучуну түзөт.

ххх

Ош областынын билим берүү уюмдарында 13774 жогорку билимдүү, 1332 бүтпөгөн жогорку, 2037 атайын орто, 101 орто билимдүү мугалимдер эмгектенишет.

Ххх

Азыркы учурда Ноокат районунда 56, Араван районунда 6, Алай районунда 30, Кара-Суу районунда 84, Кара-Кулжа районунда 38, өзгөн районунда 72, Чоњ-Алай районунда 10, өзгөн шаарында 25 мугалим жетишпейт.

ххх

Ноокат районунда 2011-2012-окуу жылында жањыдан ишке орношкон 14 мугалимге үй салууга жер участоктору бөлүнүп берилген.

ххх

Окуу китептери менен камсыз кылуу - кыргыз тилиндеги мектептерде 55,4, орус тилдүү мектептерде 17, өзбек тилиндеги мектептерде 38,1, тажик тилиндеги мектептерде 81 пайыз.

ххх

Азыр компьютер менен камсыздоо  Алай районунда 88,6, Араван районунда 54,5, Кара-Суу районунда 64,9, Кара-Кулжа районунда 72,2, Ноокат районунда 60,4, өзгөн районунда 60,4, Чоњ-Алай районунда 100, өзгөн шаарында 100 пайызды түзөт.

ххх

            Алай районунда 8, Араван районунда 25, Кара-Суу районунда 45, Кара-Кулжа районунда 14, Ноокат районунда 14, өзгөн районунда 38 мектепте жањы үлгүдөгү компьютерлер жок.

ххх

Областтагы 529 мектептин 165и көмүр мештери, 175и комүр казандары менен жылыйт. 1 мектеп суюк отунда иштейт. 184 мектеп электр кубаты менен жылытылат. 4 мектеп борборлоштурулган жылытуу системасына кошулган.

ххх

Областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту Азия өнүктүрүү Банкы, Ага Хан фонду, ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоору, Германиянын техникалык кызматташуу долбоору, ОБСЕнин «Көп тилдүү билим берүү аркылуу коомдун интеграцияланышын алга жылдыруу» долбоору, ЮНИСЕФ эл аралык уюму, «Адам укугу жана демократия борбору» менен тыкыз кызматташып келатат.

ххх

Областтын жаш өспүрүмдөрү жай айларында Араван районундагы Чарбак, Ноокат районунун Чынгараев атындагы, өзгөн районундагы Салам-Алик, Кара-Суу районунун Ак-Терек балдардын эс алуу борборлорунда эс алышты.

 

 

 

 

ПРОФСОЮЗДУК  БИРИМДИК  АРТА  БЕРМЕКЧИ

Т. Мусаев -  профсоюздардын Ош областтык 

Кењешинин төрагасы

 

Тайлакбай Мусаев 1949-жылдын 26-майында Ош областынын Кара-Кулжа (Совет) районунун Кызыл-Жар айылында туулган. 1966-жылы ошол эле айылдагы Кайыњ-Талаа орто мектебин аяктап, Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайына кирген. 1968-1970-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1970-1971-жылдары өзү туулуп өскөн айылда ФАПтын башчысы, 1971-1974-жылдары Сагындык колхозунун комсомол комитетинин катчысы, комсомолдун Совет райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.  1974-1979-жылдары Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүндө окуган. 1979-1980-жылдары өзгөн районундагы «Яссы» совхозунда ветврач, 1980-1992-жылдары Кыргызстан КП өзгөн райкомунун инструктору, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Ош обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн инструктору, обкомдун биринчи катчысынын жардамчысы, обкомдун агроөнөржай бөлүмүнүн башчысы, партиянын Совет райкомунун экинчи, биринчи  катчысы, райсоветтин төрагасы, Кыргызстан КП БКнын инструктору кызматтарын аркалаган. 1992-1995-жылдары Ош областтык агроөнөржай башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары, 1995-1997-жылдары Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы  болуп иштеген. 1997-жылдын март айынан бери профсоюздардын Ош областтык Кењешинин төрагасы болуп иштеп келатат. 2000-жылдан тартып Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын түштүк аймагы боюнча орун басары болуп саналат.

Ош областтык, өзгөн, Кара-Кулжа райондук, Кызыл-Жар айылдык кењештеринин депутаты болгон. «Улуу Ата Мекендик согушка 50 жыл», «Манас» эпосуна 1000 жыл», «Ош-3000», «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 10 жыл» медалдары, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын профсоюз кыймылына эмгек сињирген кызматкер наамына ээ. Саламаттык сактоонун, айыл чарбасынын, социалдык фондунун отличниги. Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу наамына арзыган. Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сињирген пенсионер.

 

Профсоюздардын Ош областтык Кењеши 11 тармактык комитеттерди бириктирет, алардын ичинде катарларына 145785 мүчөнү камтыган 33 шаардык, райондук комитеттер жана 1469 баштапкы уюмдар бар. 2009-жылдын февраль айында областтык администрация, жумуш берүүчүлөрдүн областтык бирикмеси жана профсоюздардын областтык Кењеши үч тараптуу келишим түзүшкөн жана анда каралгандарды аткаруу боюнча иштер ырааттуу жүргүзүлүүдө. Областтагы ар бир кызматкердин орточо номеналдык айлык эмгек акысы (чакан ишканалар менен кошо) 5803,1 сомду түздү.

Быйылкы жылдын жарым жылында областтык Кењешке 198 ар кыл мүнөздөгү арыздар келип түшкөн. Алардын көбү быйылкы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттеринен жабырлангандар болду. Бардык арыздар боюнча адистер жер-жерлерге чыгышты жана ар бир арыз ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүү менен мыйзам ченемдүү жооптор берилди. Ошондой эле арыздануулар көбүнесе саламаттык сактоо мекемелерине тиешелүү болууда. Мисалга,  Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун алалы, анда 565 кызматкер эмгектенет (директор А.Кадыров, профкомдун төрайымы С.Турдугулова). Акыркы жылдарда бул мекемеде калкты тейлөөдө көп кемчиликтер катталууда, врачтар оорулууларга жакшы көњүл бурушпайт, рентген, флюорография иштебегендиктен көп нааразылыктар жаралууда. Жетекчи менен профсоюз комитетинин төрайымы ортосунда пикир келишпестиктер көп жылдардан бери уланып келатат, мындай жагдай иштин ыргагына өз таасирин тийгизип жатат.

Техникалык инспекциябыз быйылкы жылдын жарым жылдыгында 32 алдын – алуу иштерин аткарып, эмгекти коргоо, техникалык коопсуздук боюнча 59 тартип бузууларды таап, алардын 37син өз ордунда жоюуга көрсөтмө берген. Ошондой эле областтык мамлекеттик бийлик, санэпидемстанция жана мамлекеттик техникалык инспекция менен биргеликте 190 мекеме-уюмдардагы жумуш орундары текшерилип, ден соолукка зыян келтирип жаткан фактылар аныкталды жана аларда иштегендерге мыйзамга ылайык зыяндуу шарттарда иштегендиктери үчүн 15-30 пайыз кошумча төлөөлөр жүргүзүлгөнгө жетиштик, ал область боюнча 2 млн. сомго жакын өлчөмдү түзөт.

Областтык Кењеш эмгекчилердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эс алууларын уюштурууга көп көњүл буруп келатат. 2012-жылдын биринчи жарым жылында 424 адам атайын профсоюздук жолдомолор менен санаторияларда, курорттордо жана пансионаттарда эс алып келишти. Ошондой эле 1545 окуучу жайкы эс алуу борборлорунда ден соолуктарын чыњдашты.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык уюмунун жана анын обкомунун тажрыйбасы «Позиция профсоюза» газетасынын атайын санына жарыяланып жатышы жакшы жөрөлгө жана колго алуучу саамалык деп ойлойм. Ал комитетте аткарылган иштер арбын жана ар кыл экендигине жакындан күбөбүз, аларды комитет жетекчилиги жана жер-жерлердеги активи айтып берет деген ишенич билдирем. 

 

 

Мугалимдердин укуктары татыктуу корголууда

 

Тойгонбаев Сабыр Абдубапович-

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

 Ош областтык комитетинин төрагасы

                                      

            С.А.Тойгонбаев 1960-жылы 29-сентябрда Ош областынын Ноокат районуна караштуу Тельман атындагы колхоздун Кыргыз-Ата айылында туулган.

Эмгек жолун Ноокат районуна караштуу Тельман атындагы колхоздо колхозчу болуп иштөө менен 1978-жылы баштаган.

1979-жылы Фрунзе шаарындагы орус тили жана адабияты институтуна тапшырып, 1984-жылы аяктаган. 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

1984-1988-жылдары Жањы-Базар айылындагы №  54 кесиптик-техникалык окуу жайында мугалим, комсомол комитетинин катчысы, 1988-1990-жылдары комсомолдун Ноокат райондук комитетинин нускоочусу, 1990-1995-жылдары билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокат райондук комитетинин нускоочусу, 1995-2006-жылдары комитеттин төрагасы болуп иштеген. 2006-жылдан бери билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги наамдарынын ээси.

 

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Ош областтык комитети өзүбүз кабыл алган келечек пландын негизинде иш алып келатабыз. Негизинен профсоюздун функционалдык милдети болгон билим берүү кызматкерлерибиздин социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелеринин үстүндө иш жүргүзүүдөбүз. Мугалимдердин эмгек акыларын жогорулатуу талаптарын өткөн жылы мыйзам чегинде алып чыгууну обкомубуз  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин көрсөтмөсүнө ылайык жүргүзүү менен ар бир райондо жана шаарда, жогорку жана атайын орто окуу жайларында тармактык профсоюздук штаб түзүп, жалпы областтык дењгээлде координациялоону колго алып турдук. Натыйжа жакшы ийгилик менен коштолду: мугалимдердин айлык акылары жогорулап, иштөө ыргагы жањы нукка түштү. Мындай тынчтык жол менен биздин демократиялуу өлкөдө жүрүштөрсүз, митингдерсиз, иш таштоолорсуз ийгиликке  жетишсе болоорун тармактык профсоюздун жетекчилиги ырастап, өкмөт жана Жогорку Кењеш менен сүйлөшүү аркылуу маселе чечкендигин анык далилдеди.  Бул биздин тармактык профсоюздун биримдигин жана ынтымактуулугун көрсөттү. Эмгек акы жогорулагандан бери биздин обком эмгек акы жөнүндө мыйзам ченемдүү актыларды жетекчиликке алып, атайын семинар-кењешмелерди өткөрүп, тиешелүү нускамалар аркылуу эмгек акы төлөө,эсептөө жана таратуу маселелерин түшүндүрүп жатабыз.

Обком райшаар жана ЖОЖ комитеттери менен биргеликте кызматкерлерибизди социалдык жактан тиешелүү кепилдик менен коргоо иштерин колго алууда. Мугалимдерди билимин өркүндөтүү курстарына жөнөтүүдө жол кирелерин төлөп берүүнү көп айыл округдарында колго алууда профсоюзубуз активдүү катышып келатат. Биздин биргелешкен аракеттерибиздин аркасында Кара-Суу районундагы Сарай, Папан, Нариман, Кызыл-Кыштак, Мады, Жоош, Отуз-Адыр, Шарк, өзгөн районунун Кароол, Мырза-Аке, Дөњ-Булак, Чоњ-Алай районунун Чоњ-Алай, Жекенди айыл округдарында жол сапар чыгымдары толугу менен, ал эми областтын калган айыл округдарында бир күндүк чыгымдары жана жол кирелери  төлөнүп берилүүдө. Бардык райшаарларыбызда мугалимдер медициналык кароодон акысыз өткөрүлүп келатышат. Окууларын жањы аяктап келишкен жаш кадрларга он эселенген бир жолу берилүүчү жөлөкпул берүү Кара-Суу районунда жакшы жолго коюлган. Былтыр акыркы үч жылда жањыдан ишке келген райондун 305 мугалимине 3-10 мињ сом жөлөкпул тапшырылды. Мындай аракет жогору бааланып, раймамакимчилик обкомдун Ардак грамотасы жана түстүү сыналгы менен сыйланып олтурат. Коммуналдык тейлөөлөргө жењилдиктер дагы ушул эле райондун бардык айыл округдарында мүмкүнчүлүктөрүнө жараша сметаларга киргизилип, жыл аягына чейин каражаттарды берүү  эрежелештирилди. Ал эми Чоњ-Алай районунда мугалимдерге таш көмүрдүн тоннасы  сатуу баасынан 700 сомго арзан берилсе, Араван, Ноокат, өзгөн райондорунда каражаттары бар айыл округдары мугалимдер үчүн коммуналдык тейлөө төлөмдөрүн жењилдетүү максатын жүзөгө ашыра башташты. Ош шаарындагы ЖОЖ окутуучуларына 500 жер тилкеси берилди. Алай, Чоњ-Алай, Кара-Кулжа райондорунда тоолуу аймактарда жашап жана иштеп жаткандыктары үчүн кошуп төлөнүүчү коэффициенттеринен киреше салыктары Салык кодексине ылайык кармалбастан берилүүгө жетишилди.

Тармактык профсоюздун кадрлык тутуму жыл өткөн сайын жакшырып баратат. Областтагы 8 райшаар комитеттерибиздин жетекчилеринин 5өө аял жолдоштор, 4 жетекчибиз - ар кыл дењгээлдеги Кењештерге депутаттар. Чоњ-Алай райкомунун төрагасы К.Абдылдаев жана мен райондук, Ноокат райкомунун төрайымы С.Шанабаева шаардык, Алай райкомунун башчысы А.Каримов айылдык Кењештердин депутаттары болуп шайланышып, өз аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө активдүү катышып жатышат. Көптөгөн мектеп директорлору, мугалимдер дагы тиешелүү Кењештерге депутаттар болуп шайланышкан жана жылдык бюджеттерди түзүүдө билим берүү уюмдарынын кызыкчылыктарын коргоп келатышат.   

Билим берүү кызматкерлеринин ден соолуктарын чыњдоого дагы кыйла көњүл бурулууда. Быйыл республиканын ар кыл эс алуу жайларына 150 жолдомолорду бере алдык. Область боюнча 400 мугалим жай айларында Ысык-Көлдө профсоюз комитеттери уюштурушкан эс алууга катыша алышты. Араван районундагы Чарбак, Кара-Кулжа районундагы Кара-Кочкор профилакторияларына мугалимдерибизди атайын жолдомолор менен жиберип, эс алдырууну уюштура алганыбызды да айта кетким келет. Жаратылышы кооз Кара-Шоро, Арстанбап, Сары-Челек, Кара-Кой, Абшыр-Ата, Жылуу-Суу сыяктуу жерлерде профкомдорубуз жаз, жай мезгилдеринде мугалимдер жамааттары менен эс алууну уюштурушуп келатат. Ош мамлекеттик университетинин Ысык-Көлдүн жээгиндеги «‡мүт» пансионаты жыл өткөн сайын кардарларды тейлөө дењгээлин жогорулатуу менен эс алуучулардын агылып баруусуна шарт түзүүдө, быйыл областыбыздан ал жайда 210 мугалим ден соолуктарын чыњдай алышты. Ушул жерден айта кете турган нерсе, ОшМУ студент жаштарга социалдык жактан шарт түзүүнү колго алып, студенттердин ден соолуктарын чыњдоочу профилакторияны өз каражаттарынын эсебинен кайрадан ишке киргизүүгө жетишишти. Натыйжада, бүгүнкү күндө 50 орундуу бул борбор иштей баштады.

Билим берүү кызматкерлеринин ден соолуктарын чыњдоодо обком Оштогу Мамакеев атындагы санаторий-профилакториясы жана Оштогу «Ош» пансионаты менен тыкыз иш алып баруунун натыйжасында былтыр 210 профсоюз мүчөлөрүбүз 10 күндөн эс алышкан. Кара-Суу райкому болсо Оштогу «Ак-Буура» санатория-профилакториясына 311 мугалимди эс алдырышты.

Профсоюз комитеттерибиз мугалимдердин спорттук мелдештерин өткөрүүнү көп жылдардан бери салтка айландырышкан жана каржылоо маселелерин чечүүгө активдүү катышып келатат. Быйылкы областтык спартакиадада спорттун 5 түрү боюнча айыгышкан мелдештер өтүп, Кара-Суу районунун мугалимдери жана ОшТУнун окутуучулары жењүүчүлөр аталышып, республикалык спартакиадага катышуу менен жакшы көрсөткүчтөрдү жарата алышты.

Акыркы жылдарда биздин обком Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту менен тыкыз байланышта болуп, ар бир айдагы курстарга «Кызматкерлердин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоодо профсоюздардын ролу» деген темада лекция окуп келатабыз.

өткөн жылы билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан баштапкы профсоюз уюмдарынын активдүүлүгүн көтөрүү максатында «Жылдын мыкты профсоюз уюму» кароо-сынагы жарыяланып, ага карата алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Сынак 3 этап менен жүрүп, биринчисинин жыйынтыгы  райондук, шаардык, жогорку  жана атайын орто окуу жайларынын профкомдорунун дењгээлинде чыгарылган жана алардын жењүүчүлөрү областтык турга жиберилген.

Ош областтык комитетинде «Жылдын мыкты профсоюз уюму» кароо-сынагынын 2-этабы жыйынтыкталып, ага бардык райондордон жана шаарлардан 1-этапта жењип чыккан баштапкы уюмдар катышты. 5 адамдан турган калыстар тобунун кароосуна жыл ичинде баштапкы профсоюз уюмдары аткарган иштер талдоого коюлду. Сынак 27 көрсөткүч боюнча талданды, алардын ар бирине жооптор алынды.

Баш байге Кара-Суу районундагы Ак-Буура орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмуна ыйгарылды. Уюмдун төрайымы Зульфия Сүйүнова Ош областынын билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын башчыларынын арасынан алдыга суурулуп чыгып, Ош областы боюнча «Жылдын мыкты профсоюз уюму» кароо-сынагынын жењүүчүсү деп табылып,  төрайым төшүнө атайын тасма тагып, биринчи даражадагы диплом жана түстүү сыналгы менен  сыйланды.

Экинчи орунга ошол эле райондун Т.өмүрзаков атындагы орто мектебинин баштапкы профсоюз уюму (төрагасы Рузивай Абдувахапов) арзыды, сыйлык катары кыска толкундуу тамак жылыткыч жана экинчи даражадагы диплом алды. Ал эми үчүнчү орун Төлөнбек Жусуев жетектеген Кара-Кулжа районундагы Б.Эшмамбетов атындагы орто мектептин баштапкы профсоюз уюмуна ыйгарылып, 3-даражадагы диплом менен кошо баалуу сыйлык катары чањ соргуч берилди.

 «Жылдын мыкты профсоюз уюму» кароо-сынагын өткөрүүгө Кара-Суу районунун профсоюздук активи жакшы даярдыктар менен келген. Райондук комитеттин төрайымы Ш.Ю.Назарова ар бир токсондук сайын баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилери менен семинар-кењешмелерди өткөрүп, аларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келаткандыгы өз натыйжасын берип келатат десек жањылышпайбыз.

Газетанын бул санында биздин областтын тармактык профсоюз уюмунун ишмердүүлүгү тууралуу материалдар жарыяланып олтурат. Ошондой эле райондук жана ЖОЖ комитеттерибиздин төрагаларын жана негизги социалдык өнөктөштөрүбүз болушкан райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын менен ЖОЖ ректорлорун өмүр баяндары аркылуу газета окурмандарына тааныштырууну туура таптык. Бул да бекеринен эмес: кыргызда «эшигин көрүп төрүнө өт» деген накыл кеп бар эмеспи, анын сыњарындай, областтын профсоюз комитеттеринин жана билим берүү уюмдарынын жетекчилигинде кимдер иштеп жаткандыгы менен жакындан таанышкан окурмандарыбыз алар жетектеген уюмдар тууралуу аздыр-көптүр маалыматтарга ээ болушат деген ойдобуз.

Жакында 7-октябрда билим берүү системасынын кызматкерлери  мугалимдер күнүн зор ынтаада майрамдасак, мына азыр 19-октябрда профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамын салтанат менен белгилеп олтурабыз. Учурдан пайдаланып, областыбыздын жана республикабыздын бардык мугалимдерин жана профсоюздардагы кесиптештерибизди кесиптик майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктап, аларга бекем ден соолук, жооптуу жана ардактуу иштерине арбын ийгиликтерди, үй-бүлөлүк толтура бакыт каалап кетким келет.

 

Областтык комитеттин жооптуу кызматкерлери

 

Гапарова Давлетхан Сотвалдиевна –

областтык комитеттин иш башкаруучусу

Д.С.Гапарова 1982-жылы 27-апрелде туулган. Кыргыз. Билими жогорку, башкаруу жана кадр саясаты боюнча мамлекеттик кызмат адистигине ээ. Эмгек стажысы 2 жыл.

 

Абдыкалыков Байузак Козубаевич –

областтык комитеттин каржы бөлүмүнүн башчысы

Б.К.Абдыкалыков 1982-жылы 15-октябрда Ош областынын Ноокат районунда туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 2005-жылы Кыргыз-өзбек университетинин финансы бөлүмүн аяктаган. Кыргыз, өзбек, орус, англис тилдерин билет. Бир уул, бир кыздын атасы.

 

 

Аттокуров Мамбет –

областтык комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

М.Аттокуров 1953-жылы 13-августта Ош областынын өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1976-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин аяктаган. Мектепте мугалим, Арстанбаптагы «Орлёнок» пионер лагеринин начальниги, 1983-1998-жылдары өзгөн районундагы Шевченко атындагы орто мектепте директор, 1998-1999-жылдары өзгөн райондук билим берүү бөлүмүндө нускоочу, 1999-2003-жылдары Ош мамлекеттик университетинин өзгөндөгү дистанттык окуу борборунун башчысы болуп иштеген. 2003-жылдан тартып билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келатат. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги наамдарынын, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Ардак грамотасынын ээси. 8 уул-кызды татыктуу тарбыялап келатат.

 

 

 

 

 

 

Алай району

 

Каримов Абдилаз –

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Алай  райондук  комитетинин төрагасы

 

А.Каримов 1949-жылы 20-декабрда Ош областынын Алай районунун Будалык айылында туулган. Билими жогорку, 1971-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун химия-биология факультетин аяктаган.

1971-1975-жылдары Алай районундагы Коммунист, Токтогул, Киров атындагы орто мектептеринде мугалим, 1975-1999-жылдары Алай райондук пионерлер үйүндө директор болуп иштеген. 1999-жылдан бери билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Алай райондук комитетинин төрагасы болуп кызмат өтөп келатат.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациянын, областтык билим берүү башкармалыгынын, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Ардак грамоталары, билим берүүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун отличниги төш белгилери, «Алай-80» медалы менен сыйланган. Алай райондук жана Гүлчө айылдык Кењештерине депутат болуп шайланган. 6 кыз, 2 уулду татыктуу тарбыялап, азыр 8 небересин эркелетип олтурат. Жубайы кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими.

 

 

Жээнбеков Досмамбет Аматович –

Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

Д.А.Жээнбеков 1964-жылы 21-апрелде Ош областынын Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Билими жогорку, 1985-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин математика адистиги, 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин юриспруденция  адистиги боюнча  аяктаган.

1985-1996-жылдары Алай районундагы А.С.Макаренко (азыркы Т.Отунчиев) атындагы орто мектепте мугалим, 1996-2000-жылдары ошол эле мектепте директор, 2000-2005-жылдары эл депутаттарынын Алай райондук Кењешинин жооптуу катчысы болуп иштеген. 2005-жылдан тартып Алай райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп келатат.

1999-2000-жылдары Гүлчө айылдык, 2000-2005-жылдары Алай райондук Кењештеринин депутаты болгон. 2009-жылдын бери Алай райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия мүчөсү. Кыргыз Республикасынын мугалимдеринин II, Кыргызстан калкынын                       VI, КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин I курултайларынын делегаты болгон.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ВЛКСМ БКнын «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» төш белгиси, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын, депутаттардын Ош областтык Кењешинин, областтык билим берүү башкармалыгынын Ардак грамоталары, билим берүүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги төш белгилери менен сыйланган. «Алай районунун Ардактуу атуулу», «Алай районунун 2010-жылдагы Эњ мыкты жетекчиси» наамдарынын ээси. 2 уул жана 1 кызды татыктуу тарбыялоодо.

 

Бала-бакыт, бала-базар…

Маматисаева Нуржамал –

Алай районунун Гүлчө айылындагы № 1 балдар   бакчасынын профсоюз уюмунун төрайымы

 

Н.Маматисаева 1964-жылы 15-сентябрда Ош областынын Алай районундагы Будалык айылында туулган. 1983-жылы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын мектепке чейинки бөлүмүн бүтүргөн. Ошол жылдын бери Алай районунун Гүлчө айылындагы № 1 балдар   бакчасында эмгектенет. 2010-жылдан тартып балдар бакчасынын баштапкы профсоюз уюмун жетектейт.

 

1996-1997-жылдары биздин райондо 2 гана балдар бакчасы иштеп калганда, биз аябай тынчсызданганбыз. Балдарыбыз кандай тарбыя алаар болду экен, мектепке даярдоо кантээр экен деп кыжалат болчубуз. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, акыркы жылдары райондун жетекчилигинин жардамы жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен 18 бакча иштеп жатат.

Биздин бакча ресурстук балдар бакчасы болуп саналат. Ошондуктан, райондогу калган балдар бакчаларынын кызматкерлерине семинарларды, тренингдерди, кењешмелерди өткөрүп, аларда окуу-тарбыялык иштер, көњүл ачуулар, көргөзмөлөр, жасалгалар боюнча ар тараптан жардам берип турабыз.

Биздин тарбыя үйүбүз 1987-жылы ачылган. Жамаатыбызда 30 адам эмгектенсе, алардын баары профсоюздун мүчөлөрү болуп саналышат. Биз эл аралык уюмдар менен иштешүүнү колго алганбыз. 2004-2007-жылдары МерСиКо уюмуна долбоор жазып, балдар бакчасынын чатырын оњдоттуруп алганбыз, жетишээрлик үстөл-устулдар менен дагы камсыз болгонбуз. Бул уюм 15 жылдан бери кошумча тамак-аштан жардам берип келет.  АРИС программасына катышуу менен эки кабат керебеттерди, кир жуугуч машина жана муздаткыч алууга жетиштик. Ал эми Ага-Хан фондусу 2007-жылы кошумча дагы бир тайпа ачууга көмөк көрсөттү жана китептер, көрсөтмө куралдар, оюнчуктар менен камсыздап келатат.

Мен бакчанын директору Тамара Атабаева менен социалдык өнөктөш катары ынтымакта иш алып барамын, аны тажрыйбалуу жетекчи, көрөгөч ишмер, акыл кошоор адам катары абдан сыйлайм.  Бизде ар бир кызматкерибиз талыкпай эмгектенүүнү башкы орунга коёт, ушундан улам ийгиликтер жаралып жатат десем болот. Эмгек тартиби өтө катуу, жумушка кечигүү же келбей коюу деген болбойт. Тазалык дегенде баарыбыз жанталашабыз. Ар бир тарбыячы чыгармачылык менен иштеп, ар дайым изденүүнүн үстүндө болушат. Мына ушундай ынтымактан жана жигердүү эмгектен улам балдар бакчабыз областта быйыл жењүүчү болуп, республикалык кароо-сынакка жолдомо алдык.

 

 

Араван району

 

■ Район 1935-жылы Кыргызстан ВКП (б)нын жана Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Советинин токтому менен түзүлгөн.

■ Борбору – Араван айылы.

■ Жалпы аймагы – 620 чарчы чакырым.

■ Калкы 2012-жылдын 1-январына карата – 108330 адам.

■ Калктын 1 чарчы чакырымга жыштыгы – 174 адам.

■ Калктын улуттук тутуму: кыргыздар – 39,6%, өзбектер – 58,3%, азербайжандар – 0,7%, тажиктер – 0,6%, орустар – 0,1%.

■ Район 8 айыл округунан жана 47 айылдан турат.

■ Суу баскан жер – 14923 гектар.

■ Райондо 29404 баш мүйүздүү ири мал, 59871 баш кой-эчки, 1336 баш жылкы асыралууда.

■ Айыл чарба тармагында 8820  жеке фермердик жана дыйкан чарбалар, 40 кооперативдер, 3 үрөнчүлүк чарба, 15 суу пайдалануучулардын ассоциациясы, 10 ветеринардык сервис аракеттенип жатат.

■ Райондо 33 орто, 12 толук эмес орто, 7 башталгыч мектептерде, 1 лицейде жана 2 гимназияда 24161 окуучуларга 1948 педагогикалык кадрлар таалим-тарбыя беришүүдө.

■ Араван районунун аймагында райондук маданият үйү, 8 айылдык клуб, 1 тарыхый музей, 24 китепкана, 1 балдар китепканасы, искусство мектеби иштейт.

■ Калктын саламаттыгынын кызматында 320 орундуу 3 оорукана, 1 тиш эмканасы, 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 21 ФАП жана 7 тез жардам станциясы, 1 санаторий-профилакторий иштеп, аларда 1100 кызматкерлер эмгектенишет.

■ Араван районунда спорту өнүктүрүүгө көп көњүл бурулуп келатат. 10 ден соолукту чыњдоо клубдары, 9 стадион, 4 көкбөрү майдандары ж.б. спорттук курулуштар бар.

 

Мугалимдер үчүн атайын жылды белгиледик

Шамиль Артыков - Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими

 

Райондук мамлекеттик администрациянын демилгеси менен быйылкы 2012-жылды районубузда мугалимдерди колдоо жана билим сапатын көтөрүү жылы деп жарыялаганбыз. Мындай маанилүү жылды өткөрүү боюнча акимдиктин, райондук мекеме-уюмдардын,  айыл округдарынын жана билим берүү уюмдарынын милдеттери аныкталып, жооптуу адамдар бекитилген жана ушул учурда ал иштерди аягына дейре аткаруу жаатында аракеттерди көрүп жатабыз.

Мектептердин материалдык-техникалык базаларын бекемдөө боюнча иштер алгалоодо. Токтогул атындагы орто мектептин жањы имаратынын курулушу бүткөрүлүп калды, ал эми Ленин атындагы орто мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат. Мындай орчундуу курулуштарды тездетүүгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары Элмурат Абдубапович Обдунов жана өмүрбек Мирзараимович Бакиров жакындан жардам көрсөтүшүүдө.

Быйылкы мугалимдерди колдоо жана билим сапатын көтөрүү жылында окуткан окуучулары областтык жана республикалык олимпиадаларга катышып, байгелүү орундарга татыктуу болушкан 25 педагогго акимчилик жана айыл округдары тарабынан 50000 сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Жай мезгилинде райондогу «Чарбак» санаториясында 50 мугалим эс алышты, ал эми 30 мугалимдин балдары райондук администрациянын колдоосу менен балдардын эс алуу борборунда ден соолуктарын чыњдашты.

Мугалимдердин салтка айланып калган август конференциясында өз иштеринин устаттары болушкан 20 мугалимге жана алдыњкы көрсөткүчтөргө жетишишкен 35 билим берүү уюмдарына акимчилик тарабынан 100000 сом акчалай сыйлык ыйгарылды. Жаш мугалимдерге шарт түзүү максатында өткөн жылы жана быйыл жогорку окуу жайларын аяктап, бизге иштөөгө келишкен 32 мугалимдин  ар бирине мугалимдер күнүндө 5000 сомдон бир жолу берилүүчү жөлөкпул тапшырдык.  Деги эле мугалимдер күнүн зор салтанат менен белгилегендигибизди айта кетким келет. Райондогу 200дөй мугалимди чоњ залга чогултуп, алдыњкыларын сыйлап, жакшы сөздөрүбүздү арнап, концерт тартууладык. Учурдан пайдаланып, районубуздун бардык мугалимдерин кесиптик майрамы менен чын дилден куттуктап, дайыма ден соолук жана ийгилик коштоп жүрсүн деген тилек билдиргим келет.

 

Базарбаев Абдуллажан Базарбаевич –

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Араван   райондук  комитетинин төрагасы

 

А.Б.Базарбаев 1954-жылы 30-апрелде Ош областынын Араван районунун Араван айылында туулган. өзбек. Билими жогорку, 1975-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин аяктаган.

 1975-1980-жылдары Хамза (азыркы С.Шарипов) атындагы мектепте мугалим, 1980-1987-жылдары Араван райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу, инспектор, 1987-1999-жылдары билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Араван райкомунун төрагасы, 1999-2010-жылдары Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2010-жылдан тартып  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Араван райкомунун төрагасы.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгилери, билим берүү жана илим министрлигинин, обкомдун Ардак грамоталары менен сыйланган. 1 кыз жана 2 уулду татыктуу тарбыялады.

 

 

Жалилов Абибилла Жалилович –

Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

А.Ж.Жалилов 1956-жылы 27-ноябрда Ош областынын Араван районунун Мањгыт айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

1983-1984-жылдары Н.Исанов атындагы орто мектепте мугалим, 1984-1998-жылдары К.Маркс (азыркы А.Эгенов) атындагы мектепте мугалим, 1998-2005-жылдары ошол эле мектепте директор, 2005-2006-жылдары Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, 2006-2010-жылдары биринчи орун басары болуп иштеген.  2010-жылдан бери Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

1 уул жана 3 кызды татыктуу тарбыялаган.

 

 

Баба дыйкан мугалим

Мына бу сүрөттөгү асмандап өскөн жүгөрүнүн арасында турган адамдын кесиби-мугалим. Аты-жөнү- Анваржан Абдуллаев. Араван районундагы № 29 Абдурашит Саламов атындагы мектепте окуучуларга 18 жылдан бери биология сабагын окутат. Ишине тыњ - муну үйүнүн төрүндөгү бир нече Ардак грамоталар, билим берүүнүн отличниги төш белгиси айгинелеп турат. Анваржан мырза иштеген ишине эле тыњ болбостон, үй-тиричилигине да абдан тыњ экен. Чакан макалабызда анын дыйканчылыгы тууралуу учкай сөз кылалы дедик.

‡йүнүн алдына 2 сотых жерге теплица куруп алган. Жылына 3 түшүм алат: декабрь айында помидор менен капустанын көчөттөрүн отургузуп, аларды март айында сатат, мындан 30 мињ сом пайда алат; анан өзү ал жерге помидор эгет, бышканын сата берип, 15 мињ сом киреше киргизет; андан кийин көк чөп, укроп, ж.б. айдап, майда-чуйда керектөөлөргө керек пул табат. 1 сотых жердеги анардан, биринин артынан бири быша турган шабдалынын 4 түрүнөн 15 мињ сом пайда көрөт. Алманын 5 сортун өстүрөт, ар бирин кол менен үзүп, сактап туруп, жањы жыл алдында соодалайт: ал 30 мињ сом киреше киргизет. Ошентип, Анваржан баба дыйкан үй-бүлөсү менен алакандай огородунан жылына 100 мињ сом, же 2200 доллар киреше табышат.

Мындан сырткары мугалим дыйкандын үлүшкө тийген 36 сотых жери бар. Былтыр күздө буудай эккен, быйыл жайында 1,5 тонна буудай оруп алды, жылдык уну даяр. Саманын тоют катары пайдаланат. Ушул эле дейсињерби, урматтуу окурмандар, Анваржан мырза селекция менен да алектенет экен. Ак эмгеги текке кетпей, жүгөрүнүн жањы сортун чыгарыптыр. 2,5 метрге чейин бийик өскөн жүгөрүнүн даны 25-30 см. болот. Эрте бышкан сорттогу жүгөрүдөн 2 эсе көп түшүм берет. Анваржандын чыгарган сортун айылдаштары гана эмес, райондо да эгип жүрүшөт.

Мынакей, бала окутуу менен акча таап, аны менен  катар мээнет кылып, талаага тер төгүп,  үй-бүлөнү мыкты  багуунун ачык мисалы. Кыргызда «Эмгегињ катуу болсо, татканыњ таттуу болот» деген учкул сөз бар. Анын сыњарындай, Анваржан мырза тыњ жашаган үй-бүлө ээси. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, үйдө баары бар. Алтындай болгон апасы Тажикан эненин айткан акылына кулак төшөп, бала кезден баш кошкон жубайы Венерахан менен ар ишти жети өлчөп, бир кесип дегендей бирге аткарышып, бакубат жашап жатышат. Улуу уулу Адахан ОшМУнун медициналык факультетинде, кичүүсү Жорохан Тепе-Коргон айылындагы Мухаммад Саид атындагы гимназиянын 10-классында окуп жатышат. Балдары бош убактыларында компьютерге олтуруп, интернет менен аалам чабытташканга да, атасынын жер түйшүгүн бөлүшкөнгө да дайыма убакыт табышат.

Дагы бир айта турган жагдай, Анваржан мырза ыр да жазат экен. Төмөндө анын ырынан үзүндү бердик.

Бар болгула, Анваржан баба дыйкан мугалимдин үлгү үй-бүлөсү!

 

 

Мекеним Кыргызстан

Арстанбап, Сары-Челек, Ысык-Көлүм,

Көргөндө кайра дагы келет көргүм.

Зыяратка канча элдер келип-кетет,

Сулайман-Тоо, Дулдул-Ата, Чил-‡стөнүм.

 

Саякатка көп эл келет жериме,

Суктанышат мейман күткөн элиме.

Көз тийбесе Мекенге жандай көргөн,

Жер жүзүндө жаннат эмей эмине.

 

 

Кара-Кулжа району

 

Сасыгулова Зыйна Калдыбаевна –

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Кара-Кулжа    райондук  комитетинин төрайымы

 

З.К.Сасыгулова 1957-жылы 30-декабрда Ош областынын Кара-Кулжа районунун Биймырза айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1980-жылы Курск мамлекеттик педагогикалык институтун орус тили жана адабияты адистиги боюнча аяктаган.

1980-1993-жылдары Кара-Кулжа районунун Тельман атындагы орто мектебинде мугалим, 1993-1995-жылдары Б.Бегиев атындагы орто мектепте директордун орун басары, 1995-2004-жылдары ошол эле мектепте директор, 2004-2010-жылдары Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылдан бери билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Кулжа райондук комитетинин төрайымы.

Билим берүүнүн отличниги наамынын ээси, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору. 1 уулду тарбыялап өстүрүүдө.

 

 

 

Эриш-аркак иштеп келатабыз

Дыйканов Примберди Аширбекович – Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

П.А.Дыйканов 1957-жылы 10-январда туулган. Кыргыз. Билими  жогорку, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математика факультетин аяктаган. 1978-1984-жылдары Кара-Кулжа районунун Карл Маркс атындагы орто мектебинде мугалим, 1984-1988-жылдары Кара-Кулжа орто мектебинде директордун орун басары, 1988-1995-жылдары Б.Бегиев атындагы орто мектептин директору, 1995-2003-жылдары Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген. 2003-жылдан бери Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Билим берүүнүн отличниги наамынын ээси, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору. 1995-2005-жылдары райондук Кењешке депутат болуп шайланган. 4 уул-кыздын сүйүктүү атасы.

 

Биздин районубузда билим берүү бөлүмү менен тармактык профсоюз комитети дайыма үзөњгүлөш, тизгиндеш иш алып барабыз, кандай гана иш чара болбосун, жүктү тењ көтөрөбүз. Мына ушундай биргелешкен аракеттер менен уюштуруучулук иштерди жолго коюп келатабыз.

Быйылкы жылы билим берүү уюмдарын жањы окуу жылына даярдоодо райондо өткөрүлгөн «Мыкты мектеп» кароо-сынагынын жењүүчүлөрүн сыйлоого жалпысынан 15000 сом чыгымдасак, анын 9000 сому райком тарабынан бөлүнгөндүгүн айта кетким келет. Биринчи орун алган мектеп жамаатына Арстанбапка чогуу эс алууга жолдомо жана 3000 сом ыйгарылды. Кароо-сынакты уюштурууда, жењүүчүлөрдү аныктоодо жана сыйлоо аземин өткөрүүдө райондук комитет абдан зор жардам бергендигин дагы бир жолу баса белгилеп коюуну туура таап олтурам.

Райком ар жыл сайын мугалимдердин спорттук спартакиадасын өткөрүүгө активдүү катышып келатат. Быйыл ал мелдештер 2 зонада өтүп, биринчи топко кирген 9 айыл округунан келишкен командалар   райборбордо байге талашышты. Спорттун 5 түрүнөн мыктылар тандалып, аларда уткандарга 21700 сомдук байгелер тапшырылды. Ал эми алыскы Алайкуу зонасындагы 3 айыл округундагы 10 мектептин мугалимдери спорттук беттешүүнү кызуу өткөрүшүп, 14000 сомдук байге үчүн ат салышышты. Спортту сүйгөн мугалимдерибиз мындай олуттуу колдоосу үчүн райкомго зор ыраазычылык билдиришти.

Олимпиадаларда мыкты көрсөткүчкө жетишкен окуучуларды тарбыялашкан мугалимдерди ардактоого да көњүл бурулууда. Быйыл андай адис мугалимдерге Жалал-Абад курортуна 2 жолдомо, 10000 сом акчалай сыйлыктар берилди. Мындай сыйлыктар алардын андан ары да чыгармачылык менен иштөөсүнө  өбөлгө болмокчу. Мугалимдердин жайкы эс алууларын уюштурууга райком арбын аракет жасады. Ысык-Көлдө эс алып келишкен 94 мугалимдин жол кирелерин райком төлөп берди. Кара-Шоро жайлоосунун кооз жерлеринде 4 мектептин жамааты эс алышканын да райком уюштурду.

Жањы окуу жылына даярдыкты жыйынтыктоодо профсоюздун райкому алдыњкыларга 22500 сомдук сыйлык ыйгарды. Мектеп жетекчилери мындай кадамды өтө жогору баалап жатышат. Жакында мугалимдер күнүн да зор салтанат менен белгиледик. 250дөй мугалим катышкан жыйын өткөрүп, мыкты педагогдорубузду баалуу белектер менен сыйладык. Мында да райкомубуз жакындан жардам берди.

19-октябрь- профсоюз кызматкерлеринин күнү эмеспи, учурдан пайдаланып,  райондук билим берүү бөлүмүнүн жамаатынын, мектеп жетекчилеринин, жалпы кызматкерлерибиздин жана жеке өзүмдүн атымдан райондук комитеттин төрайымы Зыйна Калдыбаевнаны, райкомдун мүчөлөрүн, активин кесиптик майрамы менен куттуктап, иштерине ийгилик, өздөрүнө бекем ден соолук, бакты-таалай каалаймын.

 

 

 

Кара-Суу району

 

Назарова Шырман -

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Кара-Суу    райондук  комитетинин төрайымы

 

Ш.Назарова 1946-жылдын 5-мартында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун химия-биология факультетин аяктаган. 28 жылдан бери билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Кулжа    райондук  комитетинин төрайымы болуп иштеп келатат. ВЦСПСтин, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин, Ош областтык жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларынын Ардак грамоталары, билим берүүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгилери менен сыйланган. Ш.Назарова Кыргыз Республикасынын эмгек сињирген мугалими ардак наамына ээ.

 

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Суу    райондук  комитетинин иш планынын өзөгүн үч тараптуу келишимде көрсөтүлгөн иш чараларды аткаруу жана аткарылышын көзөмөлдөө түзөт. Районубуз ири аймак болуп саналат, 130 мектеп, 35 балдар бакчасы иштеп, аларда 4118 мугалим, тарбыячы жана кызматкер эмгектенишет. Комитет мугалимдердин эмгек акыларынын туура жана толук эсептелинишин, өз убагында таратылышын жана кошумча төлөөлөрдүн мыйзамдуу  берилишин дайыма көзөмөлдө кармап турат. Биздин комитеттин кийлигишүүсү менен бийик тоолуу жерлерде жайгашкан балдар бакчаларынын кызматкерлерине Эмгек кодексине ылайык жайкы эмгек өргүүлөрүнө 12 акы төлөнүүчү кошумча күн кошуп берүү чечилди. Райондо жаш мугалимдерге бир жолу берилүүчү жөлөкпулдар бардык айыл округдары тарабынан аткарылып жатат.

Биздин райондогу бир жакшы саамалык тууралуу айта кетким келет. Райондук мамлекеттик администрация, райББ жана райком үч тараптуу келишимдин шарттарын аткаруунун алкагында мугалимдердин слётун өткөрдүк. Анда билим берүү жаатындагы райондогу абал, келечек пландар жана бул багыттагы стратегиябыз талкууга алынды, көп жакшы ойлор ортого салынды, тиешелүү максаттар аныкталды. Айрыкча айыл округдары мугалимдерге жакшы көњүл бурушканына күбө болдук: алар 300 мугалимдин ар бирине 1000 сомдон сыйлык, 40 жањы иштей баштаган мугалимге 10000 сомдон жөлөкпул, 42 мугалимге үй салууга участок берүү токтомдорун тапшырышты.

Мугалимдердин жайкы эс алууларын дагы уюшкандыкта өткөрө алдык десем болот. Жайкы мезгилде 30 мугалим Жалал-Абад курортунда, 15 мугалим Оштогу Мамакеев атындагы пансионатта, 100 мугалим Ысык-Көл жээгиндеги эс алуу үйлөрүндө, 300 мугалим Ак-Буура санаториясында эс алышты.

Мен ишимде ар дайым таянып иштешип келаткан баштапкы уюмдардын жетекчилеринен өмүрзаков атындагы орто мектептен Р. Абдувахаповдун, И.Кулбаев атындагы орто мектептен З.Атакулованын,  Агартуу орто мектебинен Б.Маматованын,  Маданият орто мектебинен Т.Ташиеванын,  Ак-Буура орто мектебинен З.Сүйүнованын ж.б. аттарын сыймык менен атап кетээр элем. Алар профсоюздук бардык иштерди мыкты жүргүзүшүп, мага гана эмес, ошол билим берүү уюмдарынын директорлорунун дагы ишенимдүү өнөктөштөрү болуп калышты.

Жакында дагы бир жагымдуу кабар келди: Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлиги өткөргөн «Мыкты бала бакча – 2012» кароо-сынагында биздин райондун № 2 «Мөлтүр булак» балдар бакчасы жењүүчү деп табылгандыгын жылуу кабыл алып олтурабыз.

Мен бүгүнкү газетабыздын бетинен сөз алып жаткандан пайдаланып, бардык мугалим кесиптештеримди, профсоюздук жооптуу иштерди абийирдүүлүк менен аркалап келатышкан зор активимди удаа келген мугалимдер күнү жана профсоюз кызматкерлеринин күнү менен чын дилден куттуктап, баарына бардык жакшылыктарды каалап кетемин.

 

Назаров Рахманберди Найманович –

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

Р.Н.Назаров 1960-жылы 18-апрелде Ош областынын өзгөн районуна караштуу Зергер айыл округунун Ничке-Сай айылында туулган. Билими жогорку, 1981-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун ошол эле жылы өзгөн районундагы Совет орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1982-1996-жылдары комсомолдун Ош шааркомунда, балдардын областтык туристтик станциясында, областтык мугалимдердин билимин көтөрүү институтунда, областтык билим берүү башкармалыгында жооптуу кызматтарды аткарган. 1996-2005-жылдары Ош областтык администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башкы адиси, сектор башчысы, бөлүм башчысы, 2005-2006-жылдары өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин башкы директору кызматтарында иштеген. 2006-жылдын август айынан бери Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, «Манас-1000», «Ош-3000» мааракелик медалдары, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат агенттигинин, областтык жана райондук мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталары, билим берүүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгилери менен сыйланган.

өмүрлүк жубайы Карамат Каралаева Ош гуманитардык -  педагогикалык институтунда ага окутуучу болуп иштейт, экөө 3 кыз, 1 уул тарбыялап жатышат. 4 небереге таята-таяне болушкан.

 

 

Алдыњкы мектептеги аракеттер

 

Акматалиев Мурзабек Токоевич – Кара-Суу районундагы

 № 46 С. Маматов атындагы орто мектептин директору

 

М.Т.Акматалиев 1957-жылы 27-ноябрда туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1984-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган. 1984-1992-ж.ж. мугалим, 1992-1996-ж.ж. директордун орун басары, 1996-жылдан директор болуп иштейт. Билим берүүнүн отличниги. 2уул, 7 кыздын атасы.

 

Былтыркы окуу жылынын  экинчи жарым жылдыгында биздин мектеп билим берүү комплекси болуп кайра түзүлдү. Көп уюштуруу иштерин жүргүзүү менен алдыњкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтууну жана окутуунун инновациялык ыкмаларын кењири колдонууну колго алып жатабыз. Алгачкы натыйжа жаман эмес: окуу жылынын аягында билим сапаты 5 пайызга жогорулады, бул албетте, келечектен көптү үмүттөндүргөн факт экендиги талашсыз.  Экинчи жагынан, комплекс болуп түзүлүүдө мугалимдердин жоопкерчилиги бир кыйла жогорулады. Ошондой эле каражат жагынан да кызыктыруу болуп жатат. 

Комплекстин тутумунда  ар бири 25-30 окуучуну камтыган 3 спорттук класс уюштурдук. Алгачкы ийгиликтерге жетишип жатабыз. Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү О.Арзиев 11-класста окуйт, республикалык өспүрүмдөр арасындагы биринчиликте баш байгени жењип алды. Волейбол боюнча кыздар командабыз райондо 1-орунга арзышты. Балбандар жараткан ийгилик да кубандырат.

Сырттан окуу бөлүмүн ачып, анда 9-10-11-класстарда 105 окуучу билим алышууда. Жакында англис тилин жана информатиканы терењдетип окутууну колго алууну пландаштырып жатабыз. Быйыл жайында мектепти аякташкан 34 бүтүрүүчүбүздүн 20сы, же 60 пайызы өлкөнүн жогорку окуу жайларына өтүп, окуп жатышат. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 30 пайыз болгон.

Жањы окуу жылын зор жењиш менен баштадык. «Жылдын мектеби-2012» кароо-сынагында райондук жана областтык турларда биринчи орунга татып, республикалык турга жолдомо алдык. Сарай айыл округу жањы спорт зал куруп берди. Комплекстин алдына 2080 чарчы метр жерге брусчатка төшөдүк. 80 комплект парта-отургуч, жыйындар залына 154 жумшак отургуч алдык. Мына ушундай кубанычыбызды мугалимдер күнүн белгилөөдө жалпы жамаат тењ бөлүштүк.

 

Алдыњкы төрайым

 

Ош областтык комитетинде «Жылдын мыкты профсоюз уюму» кароо-сынагында баш байгеге жана республикалык турда атайын байгеге ээ болгон Кара-Суу районундагы Ак-Буура орто мектебинин баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Зульфия Сүйүнова 1967-жылы 22-августта Ош шаарында туулган. Кыргыз. Билими  жогорку, 1990-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн.

1990-2001-ж.ж. Ош шаарындагы № 33 орто мектепте, 2001-жылдан бери Кара-Суу районундагы Ак-Буура орто мектебинде тарых, адам жана коом сабагынын мугалими болуп иштеп келатат. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин алдындагы мугалимдердин эмгек акыларын жогорулатуу боюнча демилгелүү топтун мүчөсү.

Кара-Суу районундагы Төлөйкан айыл округунун, райондук билим берүү бөлүмүнүн, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кара-Суу    райондук  комитетинин, Ош областтык комитетинин, Борбордук Комитетинин, областтык мамлекеттик администрациянын Ардак грамоталары жана дипломдору, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгиси менен сыйланган.

2 уул, 3 кыздын сүйүктүү энеси.

 

 

Ноокат району

 

Шанабаева Сонунбүбү Ураимовна-

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Ноокат райондук  комитетинин төрайымы

 

С.У. Шанабаева 1962-жылы 21-августта Ош областынын Кара-Суу районундагы Агартуу айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Билими жогорку, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. Областтык жана райондук мамлекеттик администрациялардын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары, Эл агартуунун отличниги жана билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгилери менен сыйланган. 2009-жылдан Ноокат шаардык кењешинин депутаты.

Эмгек жолун Ош областынын Ноокат районундагы Бабур атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. 2000-2002-жылдары ошол эле мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 2002-2004-жылдары директор, 2004-2006-жылдары Ноокат райондук балдар чыгармачылык борборунун директору болуп иштеген.

Шанабаева Сонунбүбү Ураимовна 2007-жылдан бери билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокат райондук комитетин үзгүлтүксүз жетектеп келатат.

 

 

Билим сапатына карай

 

Асанбаев Акуш Жањыбаевич –

Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

А.Ж.Асанбаев 1982-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктаган соњ Аксы районундагы А.Осмонов атындагы орто мектепте мугалим болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган. 1983-1988-ж.ж. Ноокат районундагы Ломоносов атындагы орто мектепте мугалим, 1988-2001-ж.ж. райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу, усул кабинетинин башчысы, 2004-2005-ж.ж. депутаттардын райкењешинин жооптуу катчысы, 2005-2009-ж.ж. райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси болуп иштеген. 2009-жылдан бери райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын коллегия мүчөсү.

 

Биздин билим берүү бөлүмү «Чыгармачыл мугалимден-чыгармачыл жамаатка» деген ат менен атайын китепче чыгарып, анда райондун мыкты 18 мугалиминин иш тажрыйбаларын районго, областка, республикага таратууга жетиштик. өзбек тилинде окутуу жүргүзүлгөн мектептерде мамлекеттик тилде окутууну колго алып, аларда кыргыз тилиндеги класстарды ачып  жатабыз. Абдуллаев атындагы, Беш-Тал орто мектептеринде мурда андай класстарды ачкан болсок, быйыл дагы 8 мектепте кыргыз тилиндеги класстар иштей баштады. Буга жетишүү үчүн көп иштер жасалды: окуу китептери, окуу программалары, усулдук колдонмолор, көрсөтмө куралдар менен камсыз кылдык.

өткөн жылы биздин бөлүм тармактык райкомубуз менен бирдикте мугалимдерибизди колдоо жылын жарыялап, алардын эмгектенүүлөрүнө жана жашоолоруна ыњгайлуу шарттарды түзүү боюнча кыйла иштерди жүргүзө алдык. 17 жаш мугалимге жумушка жањы киришкендигине байланыштуу бир жолу ыйгарылуучу жөлөкпул берилди. Айыл округдарынан 19 жаш мугалимге үй салып алууга жер участоктору бөлүндү. Райондун бардык мектептеринде «Билим берүүнү өнүктүрүү-жалпы элдик иш» деген ураан менен марафон уюштурулуп, аларда чогултулган 4 млн. 181 сомго ар бир мектеп өз муктаждыктарын орундатып алышты. Көп жылдар бою өздөрүнүн иш тажрыйбаларын, ичтеги туюмдарын ортого салышкан алдыњкы мугалимдер автор болушкан «Табылга» деген жыйнак чыгарылды.

Районубуздун, областыбыздын жана республикабыздын бардык мугалимдерин жана тармактык профсоюзубуздун кызматкерлерин удаа белгиленип жаткан кесиптик майрамдары менен куттуктап кетким келет. Аларга эњ биринчи бекем ден соолук, келечек муундарды тарбыялоодогу асыл иштерине зор ийгилик, бала-бакыралары жана тууган-туушкандары менен аман-эсен болууларын тилеймин.

 

Жакшы шарт, жагымдуу маанай түзүлгөн

 

Бердибекова Бактыгүл –

Ноокат районундагы № 2 У.Салиева атындагы балдар бакчасынын директору

 

Балдар бакчасында 32 кызматкер эмгектенебиз. Акыркы жылдары материалдык-техникалык базаны чыњдоодо жана балдарды тарбыялоодо көп ийгиликтерге жетишип келатабыз. 2008-жылы «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» долбоорунун алкагында 192 мињ сомго балдар сыртка чыгып ойноочу бастырманы куруп алганбыз, ал эми 2009-жылы ошол эле долбоор тарабынан 176 мињ сомдук жањы ажааткана курдук. Ошол жылы республикалык дењгээлде өткөрүлүүчү кароо-сынакка катышып, «Мыкты бала бакча – 2009» деген ардак наамга татыктуу болгондугубузга өтө сыймыктанабыз. Анда жењип алган 100 мињ сомдун бир бөлүгүн кызматкерлерди сыйлоого жумшасак, калган бөлүгүнө бакчанын кире беришине калкалама жай куруп алдык. 2010-жылы түрткү берүүчү грантка долбоор жазып, 292 мињ сомдук каражат бөлүнгөн жана ага бакчанын тегерегин тосмолодук. 2011-жылы Ага хан фонду 13750 доллар каражат бөлүп, аларга кир жучу жай жана ашкана толук ремонттолду жана тиешелүү эмеректер сатылып алынды.

Биздин администрация профсоюз уюму менен эки тараптуу келишимдин талаптарын аткарууну колго алып келатабыз. Кызматкерлердин эмгектенүү жана эс алуу шарттарын жакшыртууга көњүл бурабыз. Профком ар бир майрамдарда, даталуу күндөрдө кесиптештерди куттуктоону үзгүлтүксүз жүргүзөт. Эмгек акыларынын туура жана толук эсептелинилишине көзөмөл жасайт, жумушка алуу жана бошотуу боюнча чараларга катышат. Кыскасы, администрация менен профком бир жењден кол, бир жакадан баш чыгарып иштеп келатабыз.

 

 

 

өзгөн району

 

Примбердиева Галина Турдиевна –

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

өзгөн    райондук  комитетинин төрайымы

 

Г.Т.Примбердиева 1941-жылы 9-мартта Ош областынын өзгөн шаарында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1960-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты бөлүмүн, 1971-ж. Ташкент шаарындагы Жогорку партиялык мектепти аяктаган. 1960-1963-ж.ж. өзгөн районунун Пушкин атындагы орто мектебинде мугалим, 1963-1965-ж.ж. өзгөн районунун Башдөбө айылдык кењешинде катчы, 1965-1968-ж.ж. комсомолдун өзгөн райкомунун катчысы, 1971-1983-ж.ж. Кыргызстан КП өзгөн райкомунун катчысы болуп иштеген. 1983-жылдан билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун өзгөн райондук комитетинин төрайымы.

«В.И.Лениндин туулган күнүнө 100 жыл», «Эмгек ардагери» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, билим берүүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги, Кыргызстан профсоюздарына сињирген эмгеги үчүн төш белгилери менен сыйланган.

 

Мурзаибраимова Ибадат Бекмаматовна –

өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

И.Б.Мурзаибраимова 1962-жылы 2-июнда Ош областынын өзгөн районунун Ничке-Сай айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1984-жылы Бишкек орус тили жана адабияты институтун аяктаган. 1984-1991-ж.ж. өзгөн районундагы Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы мектепте, 1991-1994-ж.ж. Ленин жолу орто мектебинде мугалим, 1994-2005-ж.ж. Ленин жолу орто мектебинде директор, 2005-2006-ж.ж. өзгөн райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис, 2006-2007-ж.ж. өзгөн райондук билим берүү жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. 2007-жылдын март айынан бери өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

 

 

 

өзгөн шаары

 

Азнабакиева Замира Насыровна -

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

өзгөн    шаардык   комитетинин төрайымы

 

З.Н.Азнабакиева 1955-жылы 15-январда Ош областынын өзгөн шаарында туулган. Уйгур. Билими жогорку, 1974-жылы Ош педагогикалык окуу жайын, 1986-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун башталгыч класстардын мугалими адистиги боюнча аяктаган. 1974-1992-жылдары мектепте мугалим болуп иштеген. 1992-жылдан бери билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун өзгөн    шаардык   комитетинин төрайымы. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлер профсоюз кыймылынын отличниги. 2 уулу бар.

 

 

Абдулкасимов Илхамжан Маматкасимович –

өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

И.М.Абдулкасимов 1957-жылы 20-декабрда Ош областынын өзгөн шаарында туулган. өзбек.  Билими жогорку, 1981-жылы Ташкент шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институтун физика жана астрономия адистиги, Ош технологиялык университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору. 1990-2006-ж.ж. өзгөн шаардык кењешине депутат болуп шайланган.

1981-1983-ж.ж. Ташкент шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институтунда окутуучу болуп иштеп эмгек жолун баштаган. 1983-1985-ж.ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1985-1990-ж.ж. Ташкент шаарындагы мамлекеттик педагогикалык институтунда окутуучу, 1990-ж. өзгөн районундагы А.Навои атындагы мектепте мугалим болуп иштеген. 1990-жылдын август айынан бери өзгөн шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

 

Чоњ-Алай району

 

Абдылдаев Касымбек Дыканович -

билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун

Чоњ-Алай    райондук  комитетинин төрагасы

 

К.Д.Абдылдаев 1971-жылы 10-июнда Ош областынын Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, Ош мамлекеттик университетинин табыят таануу жана география бөлүмүн аяктаган.

Орто мектепти бүтүргөндөн кийин ДОСААфта окуп, 1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1991-1992-ж.ж. Кызыл-Эшме орто мектебинде мугалим, 1992-1993-ж.ж. Чоњ-Алай райондук спорт мектебинде машыктыруучу, 1993-2008-ж.ж. БОДТКнын директорунун окуу-тарбыя иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 2008-жылдын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чоњ-Алай райондук комитетинин төрагасы.

Чоњ-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациянын, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын, Чоњ-Алай райондук Кењешинин Ардак грамоталары, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгиси менен сыйланган. Чоњ-Алай райондук Кењешинин депутаты.

 

 

Бакиров Имарбай Эсенбаевич –

Чоњ-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

 

И.Э.Бакиров 1959-жылы 23-мартта Ош областынын Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология бөлүмүн аяктаган.

1982-1992-ж.ж. Дароот-Коргон айылындагы № 44 кесиптик-техникалык окуу жайында өндүрүштүк окуунун устаты, мугалими, тарбыячысы, комсомол комитетинин катчысы, 1992-2001-ж.ж. Чоњ-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, 2001-2007-ж.ж. билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чоњ-Алай райондук комитетинин төрагасы болуп иштеген. 2007-жылдан бери Чоњ-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келатат.

Билим берүүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгилери менен сыйланган. «Ош областынын жыл адамы-2010» наамынын ээси. 2 уул, 3 кыздын атасы.

 

Алгылыктуу кызматташтык бар

 

Жапаров Жумадилла Курсанбаевич – Чоњ-Алай районундагы Чоњ-Алай айыл округунун башчысы

 

Ж.К.Жапаров 1971-жылы 17-июнда Ош областынын Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку.

 

Биздин айыл округу райондук борбор болуп саналат, 10 айыл кирет жана 13 мињге чукул адам жашайт. Ош шаарынан 300 чакырым алыстыкта жайгашкан. Округда 6 орто, 1 толук эмес орто мектеп, 6 балдар бакчалары, 1 аймактык оорукана, 1 бейтапкана, 7 ФАП иштейт. Негизинен республикалык бюджеттен каржыланабыз.

Айыл округу менен билим берүү уюмдарынын ортосунда алгылыктуу социалдык өнөктөштүк орун алган. Быйыл алардын ремонтуна 446 мињ сом бөлүп бердик. Мектептердеги 1-4-класстардын балдарынын тамагына 751 мињ, балдар бакчаларынын тамак-ашына 439 мињ сом каралып, өз убагында берилип келатат. Билим берүү уюмдарын кыш мезгилинде жылытууга көмүр сатып алууга 1 млн. 260 мињ сом караганбыз.

Билим берүү кызматкерлеринин социалдык кызыкчылыктарын коргоону колго алып, жыл сайын коммуналдык кызматтарга жана медициналык кароодон өтүүгө 25 мињ сом бөлүп беребиз. Мугалимдердин билимин өркүндөтүү курстарына барып келүүлөрүн айыл округунун каражатынан төлөп берүү 2011-жылы 270 мињ сом болсо, 2012-жылдын 9 айында 136 мињ сом болду. Жаш мугалимдерге үй салуу үчүн жер участокторун бөлүп берүүдө эч проблема жок, муктаждарына алар бөлүнүп берилүүдө. 2 жылдан бери мугалимдерге көмүрдү базар баасынан 1-1,25 сомго арзан сатууну колго алып жатабыз.

 

 

Ош  мамлекеттик  университети

 

Аккулов Абдижапар Ураимович –

Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы

А.У.Аккулов 1967-жылы 17-майда Ош областынын өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1989-жылы Россия Федерациясынын Тула областындагы токой чарба техникумун жана 1994-жылы Ош мамлекеттик университетинин география факультетин аяктаган. География илимдеринин кандидаты, доцент.

1989-1990-ж.ж. Ош областтык жаш натуралисттер станциясында кружок жетекчиси, 1994-1995-ж.ж. ОшМУнун физикалык география кафедрасында лаборант, лаборатория башчысы, 1995-2004-ж.ж. ОшМУнун география жана жаратылышты пайдалануу факультетинин аспиранты, окутуучусу, улук окутуучусу, декандын илимий иштер боюнча орун басары, доценти, 2004-2011-ж.ж. ОшМУнун экономикалык, социалдык жана саясий география кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 2004-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштеп  келатат.

2 уул, 3 кыздын атасы.

 

 

Исаков Каныбек Абдуваситович –

Ош мамлекеттик университетинин ректору

 

К.А.Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош областынын Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылында туулган. Билими жогорку, 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Филология илимдеринин доктору.

1986-жылы Ноокат районунун Бел-өрүк колхозунда сантехник болуп иштеген. 1987-ж. Ош мамлекеттик университетине тапшырган, ал эми 1988-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин окуусун кайра уланткан. 1993-2005-ж.ж. ОшМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, «Нур» гезитинин башкы редактору, декандын орун басары, ректордун жардамчысы, проректору болуп иштеген. 2006-2011-ж.ж. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору кызматын аркалаган. 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору.

1 монографиянын жана 40 илимий статьялардын жана окуу-усулдук колдонмолордун автору. Ош областтык мамлекеттик администрациясынын жана областтык Кењештин, ОшМУнун Ардак грамоталары, областтык мамлекеттик администрациянын «Алтын калем» сыйлыгы, билим берүүнүн отличниги төш белгиси менен сыйланган. ОшМУнун окумуштуулар Кењешинин, Кыргызстан журналисттер бирлигинин мүчөсү. Ош шаардык Кењешине 2 ирет депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Конституциялык кењешинин, С.Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрынын көркөм кењешинин мүчөсү. Ноокат районунун Кызыл-Тейит орто мектебинин 10 окуучусуна ай сайын 200 сом өлчөмүндө стипендия берип келатат.

 

 

 

Ош технологиялык университети

 

Арзыматов Азизбек Кабылович –

академик М.М.Адышев атындагы  Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы

 

А.К.Арзыматов 1964-жылы 18-сентябрда Ош шаарында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1990-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун Оштогу филиалын аяктаган.

1990-1993-ж.ж. Кыргыз Илимдер академиясынын түштүктөгү бөлүмүнүн окуу илимий борборунун инженери, 1993-1996-ж.ж. КИПР институтунун кенже илимий кызматкери, 1996-2006-ж.ж. Ош техникалык университетинин окутуучусу, ага окутуучусу, 2006-2009-ж.ж. тарбыя иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген. 2009-жылдын бери Ош технологиялык университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы.

30дан ашуун илимий жана илимий-усулдук эмгектердин автору. Кыргыз Илимдер академиясынын түштүктөгү бөлүмүнүн, ОшТУнун, областтык мамлекеттик администрациянын, КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамоталары, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгиси менен сыйланган. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин президиумунун жана ОшТУнун окумуштуулар Кењешинин мүчөсү.

2 уул, 2 кыздын атасы.

 

Абидов Абдыкадыр Омарович –

академик М.М.Адышев атындагы  Ош технологиялык университетинин ректору

 

А.О.Абидов 1965-жылы 23-майда Ош областынын Кара-Суу районундагы Төлөйкан айылында  туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1990-жылы Фрунзе политехникалык институтун автомобиль жана автомобиль чарбасы адистиги боюнча аяктаган. Техника илимдеринин доктору, КР инженердик академиясынын жана Эл аралык инженердик академиянын академиги. Профессор.

1990-1997-ж.ж. Кыргыз Илимдер академиясынын түштүк окуу-илимий борборунун инженери, Фрунзедеги политехникалык институттун Оштогу филиалынын окутуучусу, 1997-2003-ж.ж. Улуттук Илимдер академиясынын машина таануу институтунун инженери, ага инженери, илимий кызматкери, башкы окумуштуу катчысы, 2003-жылдан бери ОшТУда экология жана колдонмо илимдер институтунун директору, кафедра башчысы болуп иштеп келип, 2010-жылдын 5-октябрынан университеттин ректору болуп иштөөдө.

21 усулдук көрсөтмөнүн, 60тан ашуун илимий макалалардын автору. Анын жетекчилиги менен 2 илимдин кандидаты даярдалган. 1 уул, 1 кыздын сүйүктүү атасы.

 

 

Ош мамлекеттик социалдык университети

 

Мамажакып уулу Чыњгызбек –

Ош мамлекеттик социалдык университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы

 

Мамажакып уулу Чыњгызбек 1978-жылы 20-июнда Ош областынын Ноокат районунун Жатан айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, ОшМУнун дарылоо факультетин 2000-жылы аяктаган.

2000-2006-ж.ж. Кыргыз-өзбек университетинде окутуучу, ага окутуучу, кафедра башчысынын орун басары, практика башчысы, 2006-2008-ж.ж. ОшМУнун ага окутуучусу болгон, 2008-жылдан КөУнун медициналык колледжинде окутуучу, доценттин милдетин аткаруучу болуп иштеп, Ош мамлекеттик социалдык университетинин бириккен профсоюз комитетин жетектейт.

16 илимий макаланын, 3 окуу-усулдук колдонмолордун, 1 ойлоп табуучулук патенттин автору. 3 баланын атасы.

Кыргыз-өзбек университетинин, КР саламаттык сактоо министрлигинин, областтык мамлекеттик администрациянын, КР Президентинин алдындагы мамлекеттик тил комиссиясынын, областтык профсоюздар Кењешинин Ардак грамоталары, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгиси менен сыйланган.

 

Кенжаев Идирисбек Гуламович –

Ош мамлекеттик социалдык университетинин ректору

 

И.Г.Кенжаев 1953-жылы 5-октябрда өзбек ССРинин Коргон-Төбө районундагы Токтогул айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1983-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. Техника илимдеринин доктору, профессор. КР инженердик академиясынын академиги.

ФПИнин Оштогу филиалында окутуучу, 1996-2000-ж.ж. ОшТУнун деканынын орун басары, деканы, 2000-2002-ж.ж. проректору, 2002-2003-ж.ж. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүндө лаборатория башчысы, 2007-2010-ж.ж. ОшМУда кафедра башчысы, декан болуп иштеген. 2011-жылдын октябрь айынан бери Ош мамлекеттик социалдык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп жатат.

Билим берүү жана илим, энергетика, транспорт жана байланыш министрликтеринин Ардак грамоталары, билим берүүнүн отличниги төш белгиси менен сыйланган.

 

 

Ош гуманитардык-педагогикалык институту

 

Кошбаев Алманбет Бекжанович –

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы

 

А.Б.Кошбаев 1962-жылы 4-февралда туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1983-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун жана 2006-жылы Ош гуманитардык-педагогикалык институтун аяктаган.

Билим берүү тармагындагы жалпы педагогикалык стажы -26 жыл. Бул учурдагы үзүрлүү жана көп жылдык эмгеги жогору бааланып, Ош педагогикалык окуу жайынын 4 Ардак грамотасы, комсомолдун Ош областтык комитетинин, Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары, билим берүүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгилери менен сыйланган.

2 уул, 1 кыздын атасы. Хоббиси- мергенчилик.

 

 

Зулуев Бекмурза Бекболотович –

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору

 

Б.Б.Зулуев 1972-жылы 29-апрелде Ош областынын өзгөн районуна караштуу ‡ч-Капчал айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1991-жылы Ош педагогикалык окуу жайын, 1996-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. Педагогика илимдеринин кандидаты.

1991-жылы Ош шаарындагы Керме-Тоо орто мектебинде мугалим, 1992-1997-ж.ж. директордун орун басары, мугалим, 1997-2001-ж.ж. Ош областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун инновациялык каанасынын усулчусу, каана башчысы, 2001-2011-ж.ж. Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун окутуучусу, ага окутуучусу, декандын орун басары, деканы болуп эмгектенген. 2011-жылдан бери Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору.

20дан ашуун илимий жана окуу-усулдук колдонмолордун жана 3 окуу китебинин автору.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош областтык билим берүү башкармалыгынын, профсоюздун Ош областтык Кењешинин, областтык мамлекеттик администрациянын, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин Ардак грамоталары, билим берүүнүн отличниги, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги төш белгилери менен сыйланган.

2 уул жана 2 кыздын сүйүктүү атасы.

 

 

Ош мамлекеттик юридикалык институту

 

Жусупов Рысбай –

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун бириккен профсоюз комитетинин төрагасы

 

Р.Жусупов 1949-жылы 5-апрелде Ош областынын өзгөн районунун Көлдүк айылында туулган. Кыргыз. Билими жогорку, 1978-жылы Пржевальск педагогикалык институтунун филология факультетин, 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1968-1970-ж.ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1978-1983-ж.ж. өзгөн жана Совет райОНОлорунда, 1988-ж. Ош шаардык сотунда стажер-сот, 1988-1991-ж.ж.Ош областтык юстиция башкармалыгында жетектөөчү, улук кењеш берүүчү, 1991-1996-ж.ж. Кара-Суу райондук сотунун судьясы, 1996-1999-ж.ж. Сузак райондук сотунун төрагасы, 1999-2000-ж.ж. Баткен областтык сот департаментинин начальниги, 2000-2003-ж.ж. Баткен областтык сотунун судьясы, 2003-2007-ж.ж. Ноокат райондук сотунун судьясы, 2007-2009-ж.ж. Кара-Суу райондук сотунун судьясы болуп иштеген. 2010-жылдан Ош мамлекеттик юридикалык институтунда окутуучу жана бириккен профсоюз комитетинин төрагасы болуп иштеп жатат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Жогорку Соттун, Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын, Ош областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.