Мугалимдер медициналык кароодон өттү
2024-жылдын 9-10-февралында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитети тарабынан мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдардын кызматкерлери "Мед сити" медициналык комплексинен медициналык кароодон өткөрүлдү.
Аталган медициналык борбордун жүрөк-кан тамыр бөлүмүнөн №61 мектепке чейинки билим берүү уюмунун жана №9, №12 жана ошондой эле №62 мектеп-гимназияларынын мугалимдери - жалпы 32 кызматкер текшерүүдөн өткөрүлдү.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети