Билим берүү кызматкерлеринин 48-спартакиадасы старт алды
Билим берүү кызматерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин иш планына ылайык “2017-жыл- Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында билим берүүчү мекемелердин кызматкерлеринин ден - соолугун чыңдоо, спортко үгүттөө максатында спорттук 48-спартакида 2017-жылдын 1-апрелинен старт алды.
Спартакиада спорттун 5 түрү – волейбол, баскетбол, шахмат, стол тенниси жана кичи футбол түрлөрү боюнча айыл аймактарда, региондордо жана райондук деңгээлде өткөрүлмөкчү.
Райондук тур 2017-жылдын 6-май күнү В.И Ленин атындагы орто мектебинде өтүлмөкчү.