Акын мааракесин мектептерде өткөрүүдө
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Каныбек Жунушов 75 жаш маарекесин Кочкор районунун мектеп окуучулары менен бирге белгилеп жатат.
Маалым болгондой, акын Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинде окуучулар менен жолугушту. Анда окуучулар өздөрү жазган чыгармаларын окуп беришти.
Каныбек Жунушов балдар үчүн жазган ырлары менен "Тоголок Молдо" сыйлыгына татыган.
Каныбек Жунушев – балдар поэзиясындагы эң эле кызыктуу акын. Анын балдар үчүн кыргыз, орус тилинде ондон ашык китеби чыкты, бул жаатта жарым кылымга жакын тажрыйба топтоду. С.Михалков, Я.Аким, А.Барто, К.Чуковский сыяктуу орус тилинде жазган балдар поэзиясынын «бала болуп калган» жылдыздарынын ырларын кыргызча сүйлөткөн, бул анын өзү иштеп жаткан тармактын спецификасын тереңден үйрөнүүгө шарт түзгөн. Экинчи жагы ал агрономдук кесипти аркалап, топурак таануу боюнча адис болуп, «чымыны» бар Нарын облусунун жаштарына адабий таалимчилик кызматын аркалап, бешене-ыкыбалга ыр эмес, “ырынок” келген жылдары Кочкордо картөшкө айдап, мал багып, фермерлик менен шугулданып, көп убактысын эл ичинде, балдар чөйрөсүндө өткөрдү, мунун өзү айылдык балдардын турмушуна жакыныраактан карап, тереңирээктен үңүлүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Балдар акыны Каныбек Жунушев 1941-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Кош-Дөбө деген айылда туулуп, 1963-жылы айыл чарба институтунун агрономдук факультетин бүтүргөн. Окуучулук жана студенттик жылдарда ырлары жарыялана баштап, 1964-жылы «Боёкчу» деген кичинекей китеби чыкты. Андан соң 1967-жылы «Кызылчанын баласы», 1968-жылы «Бадыраң кантип үшүгөн», 1972-жылы «Жашыл көпүрө», 1975-жылы «Жылдыздуу асман», 1979-жылы «Байчечекей», 1983-жылы «Зымырык» деген китептери балдар чөйрөсүнө жиберилди. Булардан кийин бир топ көлөмдүү жана акындык жүзүн ар тараптуу ачып берген «Айдың көл» деген ырлар жана поэмалар топтому 1987-жылы «Мектеп» басмасынан жарык көрдү.
К.Жунушев жыйнактан жыйнакка өсүп, улам чыгармачылык жаңы табылгалар менен өзүн байытып отурган сүрөткер.
К.Жунушевдин поэзиясы – балалыктын поэзиясы, ал – балалыктын поэтикалык баянчысы, сезимдердин аруулугуна, наристедей пакизалыкка умтулган поэзия. Ал ырларынын ар бирине өзүн, өзүнүн личносттун аралаштырат. Бир далай акындардын бөбөктөргө арналган ыры узаргандан узарып, баш-аягы созулуп кетсе, Жунушев-акын окурманынын курагын, анын ойлоо, эске сактоо, кабыл алуу, чаалыгуу сезимдерин, ар нерсеге жөндөмдүүлүктөрүн көңүлгө алып, кыска жазат, ал поэтикалык миниатюрада ой жүгүртөт, 4-8 сапта бир шиңгил окуя-баянды алдыбызга таштап берет.
Балдар акыны катары К.Жунушевдин дагы бир өзгөчөлүгү – ырларынын көпчүлүгүндө жапайы жаныбарлардын, үй айбанаттарынын башкы каарман катары катышышы. Алар: үлүл, чычкан, кумурска, мамалак, суур, сөөлжан, жарганат, чакчыгай, күкүк, короз, сагызган, кулаалы, улак, момолой, топоз, торопой, эшек, кой, коңуз ж.б. Булардан биринчи болуп көзгө дароо көрүнгөн нерсе – акын ошол жан-жаныбарларга мүнөздүү белгилерди алат да, жаныбарды жаш окурманга жаныбар бойдон, торопойду – торопой, үлүлдү – үлүл, топозду – топоз бойдон көрсөтөт; экинчиси, эгер жаш окурман маанисине жетип, терең талдап, түшүнүп окуса, автордун айбанаттары адамдардын кейпин кийип тургансыйт, акын кичинекей окурмандары менен «эзоп тилинде» сүйлөшүп аткандай маани байкалат. Мунун өзү балдардын алдына проблемалык суроо койгонго тете көрүнүш: аларды ойлонууга, салыштырууга, окшоштук табууга мажбурлап коёт.
К.Жунушевдин ыр дүйнөсүнөн кана суу ичкен бөбөк өмүр бою вульгардык «массалык маданияттан» оолак жүрөрүнө ишенүүгө болот, анткени анын ырлары баланы адептик тазалыкка чакырып турган, пакиза, баёо кезинде жакшылыктын үрөнүн биринчилерден болуп сепкен рухий маданияттын баа жеткис кенчи болуп эсептелет. Болгону булардын мууну эми китептерин кеңири чыгарар кезде союз тарап, балдар адабияттары басылбай, чыгармачылык кризистин туманы Ала-Тоону басып калды.