КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2004-жылдын 21-августу N 164
Жамааттык келишимдер жөнүндө
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128, 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Ушул Мыйзамдын милдеттери жана колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн социалдык-эмгектик мамилелерин келишимдик жөнгө салууда жана социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын макулдашууда жаматтык келишимдерге көмөк көрсөтүү максаттарында сүйлөшүүлөрдү, иштеп чыгууларды, түзүүлөрдү жана аткарууларды жүргүзүүдө, ошондой эле иш берүүчүнүн кесиптик бирликтер жана башка өкүлчүлүктүү органдардын кызматкерлери менен өзара мамилелердин укуктук негиздерин белгилейт.
2-статья. Жамааттык келишимдерди түзүүнүн негизги принциптери
Жамааттык келишимдерди түзүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерин сактоо;
- тараптардын өкүлдөрүнүн укуктары;
- тараптардын тең укуктуулугу;
- жамааттык келишимдердин мазмунун түзгөн маселелерди эркин тандоо жана талкуулоо;
- милдеттенмелерди кабыл алуунун ыктыярдуулугу жана камсыз кылуунун реалдуулугу;
- жаматтык келишим боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышынын милдеттүүлүгү;
- кабыл алынган милдеттенмелерди аткарбагандык үчүн тараптардын, алардын өкүлдөрүнүн, кызмат же башка адамдардын жоопкерчилиги.
3-статья. Негизги түшүнүктөр
Жамааттык келишим - кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн эмгектик жана социалдык-экономикалык мамилелерди жөнгө салуучу жана анда иштеген кызматкерлер, ошондой эле иш берүүчү менен кесиптик бирликтердин жана башка өкүлчүлүктүү органдардын кызматкерлери менен түзүлгөн локалдык ченемдик акт.
Кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдары - кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин органдары, алардын уставына ылайык өкүлчүлүк ыйгарым укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана башка кызматкерлеринин ыйгарым укуктуу адамдары жана уюмдары. Кесиптик бирликтердин мүчөсү болуп саналбаган кызматкерлер кесиптик бирликтин органында келишимдик негизде ыйгарым укуктуу болуп, жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүүдө, өзгөртүүдө, толуктоодо алардын кызыкчылыгын көздөйт жана алардын аткарылышына көзөмөлдүк кылат.
Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү - уюмдардын уставына жана башка укуктук актыларына ылайык иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин ыйгарым укуктуу органы, ошондой эле иш берүүчү органдардын ыйгарым укуктуу адамдары же уюмдардын жетекчилери.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Жамааттык келишимди түзүү, кайра кароо жана аткаруу боюнча ишке тоскоолдук кылууга жол бербөө
Жамааттык келишимди түзүү, кайра кароо жана аткаруу учурунда мамлекеттик, коомдук жана башка органдар тарабынан кызматкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн мыйзамдуу укуктарын чектөөчү кандай кийлигишүүлөргө болбосун тыюу салынат.
5-статья. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу
Кандай тараптар болбосун жамааттык келишимдерди иштеп чыгуу, түзүү, өзгөртүү жана толуктоо боюнча жамааттык сүйлөшүүлөрдүн демилгечиси болуп чыгууга укуктуу.
Сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө башка тараптан жазуу жүзүндө кабарлоо алган тарап, сүйлөшүүлөрдү жети күндүк мөөнөттүн ичинде баштоого милдеттүү.
Кызматкерлердин атынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана жамааттык келишимге кол коюу укугу, алардын тиешелүү органдары аркылуу кесиптик бирликтерге, башка ыйгарым укуктуу кызматкерлерге жана кесиптик бирликтер болбогон учурда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарына өкүлчүлүктүү органдарга берилет.
Иш берүүчүлөрдүн атынан жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана жамаатык келишимдерге кол коюу укугу, ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнө берилет.
Иш берүүчүлөр, аткаруу бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары кесиптик бирликтердин, башка ыйгарым укуктуу кызматкерлер жана кесиптик бирликтер болбогон учурда кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлчүлүктүү органдардын кароосуна сунуш кылынган эмгек жана социалдык-экономикалык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби
Тараптар жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана жамааттык келишимдин долбоорун даярдоо үчүн теңдештик негизде ыйгарым укуктуу комиссияны (органды) түзөт.
Комиссиянын (органдын) курамы, сүйлөшүү жүргүзүү мөөнөттөрү, өткөрүү орду жана күн тартиби тараптардын чечими менен аныкталат.
Сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларына жамааттык келишимдин мазмунун түзгөн маселелерди тандоодо жана талкуулоодо толук эркиндик берилет.
Аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, иш берүүчүлөр жана алардын бирикмелери кесиптик бирликтерге, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдарына жамааттык сүйлөшүүлөр үчүн зарыл маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Сүйлөшүүгө катышкандар мамлекеттик же коммерциялык сыр болуп саналган маалыматты ачыкка чыгарууга укугу жок.
Жамааттык келишимдин айрым жоболору боюнча тараптардын ортосунда жамааттык сүйлөшүүлөр башталган күндөн тартып эки айдын ичинде макулдашууга жетише албаган учурда, тараптар бир эле убакта пикир келишпестиктердин протоколун түзүү менен макулдашылган шарттарда жамааттык келишимге кол коюуга тийиш.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Пикир келишпестиктерди чечүү
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө пикир келишпестиктер болгондо, тараптар өздөрүнүн курамынан тараптардын өкүлдөрүнүн ичинен бирдей санда макулдашуу (келиштирүү) комиссиясын түзөт. Макулдашуу (келиштирүү) комиссиясы жети күндүк мөөнөттө пикир келишпестиктердин протоколун карап чыгып жана талаш-тартыштын маңызы боюнча чечим (сунуштоо) чыгарат.
Чыгарылган чечимге (сунуштоого) карата тараптар макулдашууга жетишилбегенде кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары өз талаптарын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чогулуштарды, митингдерди пайдаланууга укугу бар.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Сүйлөшүүлөр учурундагы компенсациялар жана кепилдиктер
Сүйлөшүүлөргө тараптардын өкүлдөрү катары катышкан адамдар, ошондой эле сүйлөшүү учурунда комиссиянын ишине катышуу үчүн чакырылган эксперттер жана адистер сүйлөшүү жүрүп жатканда орточо эмгек акысын сактоо менен тараптар аныктаган, бирок үч айдан ашпаган мөөнөткө негизги ишинен бошотулат.
Сүйлөшүүлөргө катышууга байланышкан бардык чыгымдар, тараптар аныктаган тартипте компенсацияланат. Эксперттердин, адистердин акылары чакырган тараптын эсебинен төлөнөт.
Жамааттык сүйлөшүүлөргө катышкан тараптардын өкүлдөрү, сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан мезгилде, укукка каршы иш жасагандыгы үчүн эмгек келишими бузулган учурлардан тышкары, тартиптик жазага тартылбайт, башка ишке которулбайт, аларды өкүл кылган органдын алдынала макулдугусуз администрациянын демилгеси менен жумуш ордунан которулбайт же жумуштан бошотулбайт.
9-статья. Жамааттык келишим түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алуу укугу
Жамааттык келишим түзүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна иш берүүчү жана кесиптик бирликтер же кызматкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү органы ээ.
Жамааттык келишим түзүү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартууга эч бир тараптын укугу жок.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Жамааттык келишимдин тараптары
Жамааттык келишимдин тараптары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кесиптик бирлик комитетинин атынан кызматкерлердин кесиптик бирлиги же кесиптик бирликтер болбогондо кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы;
- уюмдун жетекчиси катары иш берүүчү же алар тарабынан ыйгарым укук берилген адамдар.
Уюмда бир нече кесиптик бирликтер, башка өкүлчүлүктүү органдар бар болсо, жамааттык келишимдин тараптары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- уюмдун кызматкерлеринин кеминде 20 пайызынын атынан жана алардын кызыкчылыктарында иш алып барган ыйгарым укуктуу кесиптик бирлик;
- кызматкерлердин жалпы чогулушунда же конференциясында шайланган, кесиптик бирликтер болбогондо уюмдун кызматкерлеринин кеминде 20 пайызынын атынан жана алардын кызыкчылыктарында иш алып барган кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы;
- уюмдун кызматкерлеринин кеминде 20 пайызын бириктирүүчү уюмдун бир нече кесиптик бирликтеринин жана кызматкерлеринин башка өкүлчүлүктүү органдары тарабынан келишим боюнча түзүлгөн биргелешкен орган.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Жамааттык келишимдерди иштеп чыгуу, түзүү, өзгөртүү жана толуктоо тартиби жана мөөнөттөрү
Мурдагы жамааттык келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүтөрүнө төрт ай калганда, же ушул документтер менен аныкталган мөөнөттөрдө тараптардын кимиси болбосун башка тарапка жаңы жамааттык келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлама жиберүүгө укуктуу.
Жамааттык келишимдин долбоору уюмдун бөлүмдөрүндө кызматкерлер тарабынан милдеттүү түрдө талкууланууга тийиш жана келип түшкөн сын-пикирлерди, сунуштарды, толуктоолорду эсепке алуу менен жеткире иштелип чыгат. Жеткире иштелип чыккан долбоор эмгек жамаатынын жалпы чогулушу (конференциясы) жана иш берүүчү тарабынан жактырылат, кызматкерлердин ыйгарым укуктуу органынын жетекчиси жана иш берүүчү тарабынан кол коюлат. Жамааттык келишимдин тексти кол коюлгандан кийин он күндүн ичинде кызматкерлерге билдирилет.
Жамааттык келишимдин долбоору эмгек жамаатынын жалпы чогулушу (конференциясы) жана иш берүүчү тарабынан (толук же жарым-жартылай) жактырылбаган учурда, иш берүүчү (анын өкүлдөрү) жана кесиптик бирликтердин комитети же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы эки тарап үчүн алгылыктуу чечимге келүү үчүн жамааттык сүйлөшүүлөрдү кайра башташат. Мындай сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтү он күндөн ашпоого тийиш.
Жамааттык келишимдин жеткире иштелип бүткөн долбоору кайрадан эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун (конференциясынын) жана иш берүүчүнүн талкуусуна коюлат, алар жамааттык келишимдин кыйла алгылыктуу долбоорун кабыл алышат.
12-статья. Жамааттык келишимдин мазмуну жана түзүмү
Жамааттык келишимдин мазмунун жана түзүмүн жамааттык келишимдер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптар аныкташат. Жамааттык келишимдерде төмөнкү ченемдик жоболор милдеттүү түрдө бекемделүүгө тийиш:
- эмгекти уюштурууну жакшыртуу жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
- эмгек акыны ченемдештирүү, формасы жана тутуму, тарифтик ченемдери жана айлык өлчөмдөрү, аларга карата кошумча төлөөлөрдүн жана үстөктөрдүн өлчөмдөрү;
- эмгек акыны индексациялоо, жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөп берүү;
- эмгек акысы кечиктирилген учурда кызматкерлерге компенсацияларды төлөп берүүлөрдүн тартиби жана өлчөмү эмгек акыны төлөөнү камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендегиден төмөн болбоого тийиш;
- эмгек жөнүндөгү жамааттык келишимдердин, макулдашуулардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамынын шарттарын бузуунун натыйжасында кызматкерге чыгаша келтирилген учурда кызматкердин пайдасына компенсациялык төлөп берүүнүн тартиби жана өлчөмү;
- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иш берүүчү тарабынан карылыгы боюнча жеңилдетилген пенсияларды мөөнөтүнөн мурда төлөп берүүнүн тартиби;
- жумуш убактысынын узактыгы, эмгектик өргүү берүүнүн убактысы;
- сергек жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, ден соолукту коргоону жакшыртуу, айлана-чөйрөнү коргоо кызматкерлерине медициналык камсыздандыруулардын кепилдиктери;
- ички эмгек тартибин жана эмгек ыраатын жөнгө салуу;
- иш менен камсыз кылуу, кызматкерлерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, бошогон иш ордуна кызматкерлерди орноштуруу;
- ишти окуу менен айкалыштырган кызматкерлерге кепилдиктер жана жеңилдиктер;
- кызматкерлердин турак-жайын жана жашоо-тиричилик шарттарын жакшыртуу, уюмду жана ведомстволук турак жайды менчиктештирүүдө кызматкерлердин кызыкчылыгын сактоо;
- кызматкерлердин ден соолукту чыңдоосу, санаторийлик-курорттук дарылануусу жана эс алуусу;
- иштен массалык бошотууларга, эмгектик чыр-чатактарга жана иш таштоолорго жол бербөө;
- уюмга келтирилген зыян үчүн кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн жоопкерчиликтери;
- жамааттык келишимдерди аткарбагандык үчүн тараптардын жоопкерчиликтери;
- тараптар аныктаган башка маселелер.
Эгерде колдонулуп жаткан мыйзам актыларында милдеттүү түрдө бекитип берүү жөнүндө түздөн-түз буйрутма камтылса, жамааттык келишимге ченемдик жобо киргизилет.
Жамааттык келишимде уюмдун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен мыйзамдар менен жамааттык келишимдер жөнүндө макулдашууларда белгиленген ченемдерге жана жоболорго салыштырмалуу башка социалдык-эмгектик жеңилдиктер жана кепилдиктер (кошумча өргүүлөр, пенсияга үстөктөр, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу, кызматкерлердин акысыз же жарым-жартылай акы төлөө менен тамактануусу, дем алыш жана майрам күндөрүндөгү иши үчүн акы төлөө, башка жеңилдиктер жана компенсациялар) камтылышы мүмкүн.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128, 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
13-статья. Жамааттык келишимдин иш-аракети
Жамааттык келишим бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзүлөт жана тараптар кол койгон болбосо жамааттык келишим менен белгиленген күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптар жамааттык келишимдин иш-аракетин үч жылдан ашпаган мөөнөткө узартууга укугу бар.
Жамааттык келишимдин иш-аракети уюмдун, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана алардын атынан түзүлгөн башка обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдүн бардык кызматкерлерине жайылтылат.
Жамааттык келишим уюмдун курамы, түзүмү, башкаруу органынын аталышы өзгөргөн учурда, уюмдун жетекчиси менен эмгек келишими (контракты) бузулганда өз күчүн сактап калат.
Кайра уюштурууда (биригүү, кошулуу, бөлүнүү, бөлүү, өзгөртүп түзүү) жамааттык келишим кайра уюштуруу жүрүп жаткан мезгилге өз күчүн сактап калат, андан кийин тараптардын биринин демилгеси боюнча кайра каралышы мүмкүн.
Уюмдун мүлк ээси алмашканда жамааттык келишимдин күчү үч айга чейин сакталат. Ошол мезгилде тараптар жаңы жамааттык келишим түзүү же мурдагы келишимди сактап калуу, өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштоого укуктуу.
Уюм юридикалык жактарды каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана шарттарда жоюлганда жамааттык келишим жоюу жүрүп жаткан бардык учурда күчүндө калат.
Уюмдун менчик формасы алмашкан учурда, жамааттык келишим менчик формасы алмашкан күндөн тартып үч айдын ичинде колдонуу күчүн сактап турат.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128, 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья. Жамааттык келишимди өзгөртүү жана толуктоо
Жамааттык келишимди колдонулуп жаткан мөөнөттүн ичинде өзгөртүү жана толуктоо жамааттык келишимде аныкталган тараптардын өз ара макулдашуусу менен, эгерде ал аныкталбаса - аны түзүү үчүн ушул Мыйзамда каралган тартипте жүргүзүлөт.
15-статья. Жамааттык келишимдин аткарылышын контролдоо
Жамааттык келишимдин аткарылышын контролдоо түздөн-түз тараптар же алар ыйгарым укук берген өкүлдөр тарабынан жүзөгө ашырылат.
Контролдукту жүзөгө ашырууда тараптар, өздөрүндөгү бул үчүн бардык керектүү маалыматты көрсөтүүгө милдеттүү.
Жамааттык келишимге кол койгон тараптар жыл сайын же жамааттык келишимде каралган мөөнөттө, анын аткарылышы жөнүндө эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда (конференциясында) отчет берип турушат.
16-статья. Жамааттык келишимдин тараптарынын жоопкерчилиги
Тараптар жамааттык келишимге ылайык анын жоболорун бузгандыгы, анын ичинде өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
(КР 2022-жылдын 28-декабрындагы N 128 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2004-жылдын 3-сентябрында N 76 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
А.Акаев |
|
|
|
2004-жылдын 30-июнунда |
|
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |