Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2003-жылдын 25-июлу N 154

Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60, 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуу жана коомдук ынтымактыкка жетишүү максатында Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк тутумунун жана механизминин уюштурулушунун, иштөөсүнүн, чыңдалышынын, өнүгүшүнүн укуктук негиздерин белгилейт.

1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

Социалдык өнөктөштүк актылары - социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу жамааттык келишимдер жана макулдашуулар.

(Экинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Үчүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Уюм - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, менчигинин түрүнө карабастан ар кандай юридикалык жак.

(Бешинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү - ушул Мыйзамга жана эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктө жана жамааттык сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөрдүн атынан чыгууга ыйгарым укуктуу иш берүүчүлөр жана иш берүүчүлөрдүн бирикмеси.

Кызматкерлердин өкүлдөрү - кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин, алардын уставдарына ылайык өкүлү катары чыгууга ыйгарым укук берилген органдар, ошондой эле кызматкерлер ыйгарым укук берген башка адамдар жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн уюмдар. Кесиптик бирликтин мүчөсү болбогон кызматкерлер кесиптик бирликтерине өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөөчүлөр катары өкүлдүккө ыйгарым укук бериши мүмкүн.

Иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн же каржыланган органдардын, мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын көздөөчү өкүлдөрү болушуна жол берилбейт.

Социалдык өнөктөштүк тутуму - социалдык-эмгектик мамилелер жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүү чөйрөсүндөгү уюштуруучулук, укуктук, экономикалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; социалдык өнөктөштөр тарабынан түзүлүүчү органдар жана ошол органдардын өз ара аракеттенүү жана иштөө тартиби.

Социалдык өнөктөштүк - макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты, эмгек мамилелер жаатындагы саясатты аныктоодо жана турмушка ашырууда мамлекеттик бийлик органдары, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен кесиптик бирликтердин өз ара аракети, ошондой эле мамлекет тараптардын өз ара аракетинин чектерин айкындай турган иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтер ортосундагы эки тараптуу мамилелери.

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары - кызматкерлер (алардын өкүлдөрү), иш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү), Кыргыз Республикасынын бардык түзүмдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдары (үч жактуулук принциптеринде - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - кесиптик бирликтер - иш берүүчүлөр, айыл өкмөтүнөн баштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чейин, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык органдардын бардык түзүмдөрүндө). Республикалык деңгээлдеги социалдык диалог Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында жүзөгө ашырылат.

Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси - кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60, 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негиздери

Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн (мындан ары - социалдык өнөктөштүк) укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын жана алардын өкүлдөрүнүн абалын эл аралык ченемдерге салыштырмалуу начарлата албаган башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башкы макулдашуу. тармактык жана аймактык макулдашуулар, жамааттык келишимдер түзөт.

Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларында кызматкерлер үчүн ушул Мыйзамда каралгандан башка кыйла жагымдуу шарттарды белгилеген эрежелер каралса, анда эл аралык келишимдердин эрежелери кабыл алынат.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-статья. Ушул Мыйзам колдонулуучу чөйрө

Ушул Мыйзамдын күчү менчигинин түрүнө карабастан иш берүүчүлөргө, алардын бирикмелерине, кесиптик бирликтердин жана алардын өкүлчүлүктүү органдарынын мүчөлүгүнө карабастан уюмдардын бардык кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-статья. Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери

Социалдык өнөктөштүк Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негизги принциптерде түзүлөт.

Социалдык өнөктөштүктүн кошумча принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) үч жактуулук (республикалык деңгээлде, тармактын жана кесиптин деңгээлинде кесиптик бирликтер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы социалдык диалогго мамлекеттик бийлик органдарынын милдеттүү катышуусу);

2) социалдык өнөктөштүктү Эл аралык эмгек уюмунун конвенцияларында жана сунуштамаларында бекитилген эл аралык эмгек стандарттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүүгө жана ишке ашырууга багыттоо;

3) социалдык өнөктөштөрдүн өз алдынчалыгы, анын ичинде өзүн-өзү уюштуруунун формаларын жана тартибин тандоонун, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү шайлоонун, ошондой эле аталган жол-жоболорго мамлекеттик бийлик органдарынын кийлигишүүсүнө жол бербөөнүн өз алдынчалыгы;

4) социалдык өнөктөштөрдүн теңдиги жана макулдашуулардын ыктыярдуу мүнөзү;

5) социалдык өнөктөштөрдүн ак ниеттүүлүгү, анын ичинде бири-биринин сүйлөшүү позициясын бузууга жана баркын түшүрүүгө жол берилбестик, социалдык диалогдун тараптарынын толук өз ара маалымдалышы, коом же бардык кызматкерлер үчүн маанилүү болгон маселелердин ачык-айкындуулугу, социалдык өнөктөштөрдүн аракеттеринин алардын билдирген максаттарына шайкештиги, сүйлөшүүлөрдү баштоодон, улантуудан же консенсуска жетишилген шарттарда макулдашуу түзүүдөн качууга, этибар албоого жана/же баш тартууга жол берилбестик, социалдык өнөктөштөрдүн ортосунда макулдашууларды түзүүдө кызматкерлердин мыйзамдуу эмгек укуктарын жана кепилдиктерин чектөөгө жол берилбестик;

6) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде социалдык өнөктөштөрдүн ишинин ачык-айкындуулугу, республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде кабыл алынган чечимдердин жана кол коюлган макулдашуулардын тексттерин, кол коюлган макулдашуулардын ишке кириши менен кызматкерлерди камтуу жөнүндө маалыматтарды жарыялоонун милдеттүүлүгү;

7) социалдык өнөктөштүктүн бардык деңгээлдеринде макулдашууларды түзүүдө колдонуудагы эмгек мыйзамдарына салыштырмалуу социалдык-эмгек стандарттарын колдоонун же жогорулатуунун артыкчылыгы;

8) макулдашуулардын аткарылышынын милдеттүүлүгү жана кабыл алынган милдеттенмелерден бир тараптуу баш тартууга жол берилбестик, макулдашууларды бузгандарга карата социалдык өнөктөштөрдүн таасир этүү чараларынын шайкештиги жана адекваттуулугу;

9) бардык деңгээлдердеги социалдык өнөктөштүктө кызматкерлердин кызыкчылыктарын билдирүүчү адамдарга карата басмырлоого жана зомбулукка жол берилбестик;

10) иш берүүчүлөрдүн социалдык жоопкерчилиги;

11) Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүк жана социалдык диалог үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мамлекеттин жоопкерчилиги.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Социалдык өнөктөштүктүн милдеттери

Социалдык өнөктөштүктүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- республиканын, региондордун жана экономика тармактарынын экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгек жана аларга байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун майнаптуу механизмин түзүү;

- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана ушул мыйзамга ылайык социалдык өнөктөштүк тараптарынын ортосунда жамааттык сүйлөшүүлөрдү, өз ара консультацияларды өткөрүү, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди иштеп чыгуу жана түзүү;

- жамааттык эмгек талаш-тартыштарын болтурбоо жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүүгө көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу мыйзам базасын өркүндөтүү;

- иш берүүчүлөрдүн бирикмелерин жана кесиптик бирликтерди андан ары өнүктүрүү жагынан социалдык өнөктөштөр катары алардын ролун күчөтүү.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Социалдык өнөктөштүктүн иштөө негиздери

Социалдык өнөктөштүк төмөнкүлөрдүн негизинде иштейт:

- социалдык өнөктөштүктүн катышуучуларынын ортосундагы өз ара консультациялар жана сүйлөшүүлөр;

- жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү, социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуу.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-статья. Социалдык өнөктөштүк тутумунун деңгээлдери

Социалдык өнөктөштүк тутуму төмөнкүдөй деңгээлдерди камтыйт:

- Кыргыз Республикасында социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилөөчү республикалык деңгээлди;

- тармактагы эмгек чөйрөсүнүн социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салууну белгилөөчү тармактык деңгээлди;

- администрациялык-аймактык бирдиктин деңгээлинде эмгек чөйрөсүндөгү социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуунун негиздерин белгилөөчү аймактык (областтык, шаардык, райондук) деңгээлди;

- кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек чөйрөсүндөгү өз ара айкын милдеттенмелерди белгилөөчү уюштуруу денгээлин.

8-статья. Социалдык өнөктөштүктү республикалык деңгээлде уюштуруу

Республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүк туруктуу иштөөчү орган болуп саналган жана тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнөн, кесиптик бирликтер бирикмелеринин өкүлдөрүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн көпчүлүгүн бириктирүүчү иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрүнөн турган Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссия (мындан ары - Республикалык үч тараптуу комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын иши жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-статья. Республикалык үч тараптуу комиссиянын ыйгарым укуктары

Республикалык үч тараптуу комиссиянын иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүү жана башкы макулдашууну түзүү, бул макулдашуунун аткарылышынын жүрүшүнө контролдукту жүзөгө ашыруу;

- социалдык-эмгектик жана ага байланышкан экономикалык мамилелерди жөнгө салуу, Кыргыз Республикасында экономикалык кайра түзүүлөрдүн социалдык багыттагы саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

- жамааттык келишимдерди, аймактык, тармактык (тармактар аралык) макулдашууларды түзүүгө көмөк көрсөтүү, жер-жерлерде түзүлүүчү жумушчу органдары жана топтору аркылуу аларды иштеп чыгууга катышуу;

- аймактык, тармактын (тармактар аралык) макулдашууларды иштеп чыгуунун, түзүүнүн жана жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди чечүү;

- Кыргыз Республикасында жамааттык эмгек талаш-тартыштарын (чыр-чатактардын) алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу жана аларды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү;

- социалдык-эмгек маселелери жана алар менен байланышкан экономикалык мамилелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана талкуулоого катышуу;

- республикалык деңгээлде социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- өзүнүн иш-милдеттерине кирген, мамлекеттик бийлик органдарынын, кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин, иш берүүчүлөрдүн жана алардын бирикмелеринин кароосу үчүн милдеттүү болгон маселелер боюнча чечимдер кабыл алуу;

- башкы жана башка макулдашууларда, жамааттык келишимдерде (областтык, райондук жана жергиликтүү) каралган милдеттенмелерди тараптардын аткарышына контролдукту жүзөгө ашыруу;

- кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктүн акттарын аткарбаган уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;

- эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү, социалдык өнөктөштүк жана социалдык-эмгектик мамилелер жаатындагы чет өлкөлүк тийиштүү уюмдар өткөрүүчү иш-чараларга катышуу, Республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында эл аралык эмгек ченемдерин ратификациялоого жана колдонууга байланышкан консультацияларды өткөрүү.

Республикалык үч тараптуу комиссиянын ишинин жүрүшүндө келип чыккан тараптар ортосундагы пикир келишпестиктер комиссия жөнүндө жободо каралган тартипте өз ара консультациялардын негизинде чечилет.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-статья. Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тармактык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Республикалык да, аймактык да деңгээлдердеги тармактык комиссия консультациялар, сүйлөшүүлөр өткөрүү, тармактык макулдашуулардын долбоорлорун жана алардын корутундуларын даярдоо жолу менен социалдык өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын ылайыкташтырууну камсыз кылуу боюнча орган болуп саналат.

Мамлекеттик тийиштүү аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик бирликтер жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү кирген тармактык комиссиянын курамы тараптар тарабынан аныкталат.

Тармактык комиссиялардын иши комиссиялар тарабынан бекитилген бул комиссиялар жөнүндө жоболор менен жөнгө салынат.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-статья. Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча областтык, шаардык, райондук комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Аймактык деңгээлде тараптардын мамилелерин жөнгө салуунун жүйөсү болуп ар бир региондун өзгөчөлүктөрүнө байланышкан социалдык-эмгектик мамилелер, турмуш-тиричилик шарттары, кепилдиктер жана жеңилдиктер саналат.

Аймактык комиссиялар социалдык өнөктөштүк тараптарынын төмөнкүдөй талаптарынын: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (органдарынын) же мамлекеттик аткаруу бийлик органынын, кесиптик бирликтердин жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин же аларды координациялоочу органдын сунуштамасы боюнча теңдештик негизде түзүлөт жана комиссиялар тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштейт.

12-статья. Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктары

Тармактык жана аймактык комиссиялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

- тармактык жана аймактык деңгээлдерде социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу жана тараптардын кызыкчылыктарын макулдашуу;

- социалдык жана экономикалык саясаттын негизги багыттары боюнча тараптардын көз караштарын макулдашуу;

- өзүнүн жыйналыштарында социалдык-эмгектик мамилелер жаатында макулдашылган саясатты жүргүзүү проблемаларын кароо;

- тармактык жана аймактык макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууда, аталган макулдашууларды ишке ашырууда, ошондой эле комиссиянын чечимдерин аткарууда мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин бирикмелеринин кызыкчылыктарын макулдашуу;

- аткаруу бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, иш берүүчүлөрдөн жана (же) кызматкерлердин өкүлдөрүнөн түзүлүп жаткан жана түзүлгөн макулдашуулар жөнүндө маалыматты суратып алуу;

- окумуштууларды жана адистерди тартуу менен жумушчу топторун түзүү;

- тармактык жана аймактык комиссиялардын жыйналыштарына тиешелүүлүгүнө жараша аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук бирикмелердин кызматкерлерин, ошондой эле көз каранды эмес эксперттерди чакыруу;

- тармактык жана аймактык комиссиялар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, иш берүүчүлөрдүн жана кызматкерлердин өкүлдөрүнүн кароосу жана аткаруусу үчүн милдеттүү болгон биргелешкен чечимдерди кабыл алуу жана өзүнүн чечимдеринин аткарылышына контролдук жүргүзүү;

- социалдык жана эмгек мамилелери жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча эл аралык, республикалык, региондор аралык кеңешмелерди, конференцияларды, конгресстерди, семинарларды өткөрүүгө катышуу.

13-статья. Мамлекет аралык финансы-өнөр жай топтору, улут аралык корпорациялар, чет өлкө капиталынын үлүшү бар ишканалар иштеп жаткан шартта социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

14-статья. Социалдык өнөктөштүк тутумун каржылоону камсыз кылуу

Социалдык өнөктөштүк тутумун өнүктүрүүнү каржылоо биргелешкен чечимдердин жана бекитилген пландардын негизинде социалдык енөктөштүктүн тиешелүү тараптарынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Социалдык өнөктөштүк тутумун уюштуруучулук, маалыматтык-усулдук жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу бюджеттик каржылоонун чегинде социалдык өнөктөштүктүн тиешелүү тараптары жүзөгө ашырат.

14-1-статья. Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү

Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишимди түзүүдө же өзгөртүүдө иш берүүчүнүн өкүлдөрү болуп Эмгек кодексине, мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, уюмдун уюштуруу документтерине жана локалдуу ченемдик актыларга ылайык уюмдун жетекчиси же ал ыйгарым укук берген адамдар саналат.

Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүүдө же өзгөртүүдө, аларды түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссияларды түзүүдө жана ишин жүзөгө ашырууда иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын иш берүүчүлөрдүн тиешелүү бирикмелери көрсөтөт.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-2-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрү

Ушул Мыйзамда каралган учурларда кызматкерлер тарабынан шайланган кесиптик бирликтер жана алардын бирикмелери, башка өкүлдөр социалдык өнөктөштүктөгү кызматкерлердин өкүлдөрү болуп саналат.

Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, жамааттык келишим түзүүдө жана өзгөртүүдө, анын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда, кызматкерлердин иш берүүчү менен эмгек талаш-тартыштарын кароодо кызматкерлердин кызыкчылыктарын баштапкы кесиптик бирликтин уюму же кызматкерлер тарабынан шайланган башка өкүлдөр көрсөтөт.

Макулдашууларды түзүү жана өзгөртүү жөнүндө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө, макулдашууларды түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык эмгек талаш-тартыштарды чечүүдө, алардын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда, ошондой эле социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча комиссияларды түзүүдө жана ишин жүзөгө ашырууда кызматкерлердин кызыкчылыктарын тиешелүү кесиптик бирликтер, алардын аймактык уюмдары, кесиптик бирликтердин бирикмелери жана кесиптик бирликтердин аймактык уюмдарынын бирикмелери көрсөтөт.

Иш берүүчүлөр, мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялар тарабынан түзүлгөн же каржылануучу органдар тарабынан кызматкерлердин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууга жол берилбейт.

Кесиптик бирликтер уюмдун кызматкерлеринин кызыкчылыктарын анын башкаруу органдары (башкармалыгы, директорлор кеңеши, байкоочу кеңеш) аркылуу көрсөтүүгө укуктуу.

Кесиптик бирликтердин мүчөлөрү болуп саналбаган кызматкерлер иш берүүчү менен өз ара мамилелерде баштапкы кесиптик бирлик уюмунун органына алардын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө келишимдик шарттарда ыйгарым укук берүүгө укуктуу.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-3-статья. Кызматкерлердин башка өкүлдөрү

Уюмда баштапкы кесиптик бирлик уюму жок болгон учурда, ошондой эле кызматкерлердин теңинен азын бириктирген кесиптик бирлик уюму болгон учурларда кызматкерлер келишимдик шарттарда жалпы чогулушта (конференцияда) өз кызыкчылыктарын көрсөтүүнү аталган кесиптик бирлик уюмга же болбосо башка өкүлгө тапшырууга укуктуу.

Уюмда башка өкүлчүлүктүү органдардын болушу кесиптик бирликтин уюмдары тарабынан өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолдук боло албайт. Кесиптик бирликтердин ыйгарым укуктары кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары тарабынан алмаштырылышы же кайталанышы мүмкүн эмес.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-4-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары

Кызматкерлердин өкүлдөрү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) иш берүүчү менен жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерди түзүүгө, алардын аткарылышын контролдоого;

2) макулдашууларда жана жамааттык келишимде каралган учурларда уюмдун социалдык жана экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө катышууга;

3) эмгек мыйзамдарында каралган учурларда уюмдун локалдуу ченемдик актыларын иштеп чыгууга катышууга;

4) уюмда эмгек мыйзамдарынын сакталышына коомдук контролду жүзөгө ашырууга;

5) жумуш орундарына белгиленген тартипте тоскоолдуксуз барууга, коомдук контролду жүзөгө ашыруу үчүн иш берүүчүдөн зарыл маалыматтарды алууга;

6) жамааттык эмгек талаш-тартыштарында кызматкерлердин өкүлү катарында чыгууга;

7) жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча органдарда кызматкерлердин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө, ошондой эле сотто доогер катары чыгууга;

8) уюмдун жетекчисинин жана ал ыйгарым укук берген адамдардын чечимдери, эгерде алар эмгек мыйзамдарына каршы келсе сотко даттанууга;

9) мыйзамдарда каралган тартипте иш таштоону жарыялоого.

Кызматкерлердин өкүлдөрү ушул органдар жөнүндө мыйзамдарга, уставдарга жана жоболорго ылайык башка укуктарга да ээ.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-5-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча иш берүүчүнүн милдеттери

Иш берүүчү ушул Мыйзамга, башка мыйзамдарга, жамааттык келишимге, макулдашууларга ылайык аларга берилген укуктарды жүзөгө ашырууда кызматкерлердин өкүлдөрүнүн ишин камсыз кылуучу төмөнкүдөй шарттарды түзүүгө милдеттүү:

1) кызматкерлердин кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдер кабыл алынганга чейин мыйзамдарда, жамааттык келишимде, макулдашууларда каралган учурларда кызматкерлердин өкүлдөрү менен консультацияларды жүргүзүүгө;

2) кызматкерлердин өкүлдөрүнүн сунуштарын өз убагында кароого жана аларга кабыл алынган чечимдер жөнүндө негиздемеси менен билдирүүгө;

3) эмгек маселелери, башка социалдык-экономикалык маселелер боюнча зарыл маалыматтарды кызматкерлердин өкүлдөрүнө акысыз берүүгө;

4) ушул Мыйзамда, жамааттык келишимде, макулдашууларда каралган башка милдеттерди кызматкерлердин өкүлдөрүнө карата аткарууга.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-6-статья. Кызматкерлердин өкүлдөрү үчүн кошумча эмгек кепилдиктери

Өндүрүштүк иштен бошотулбаган кызматкерлердин өкүлдөрүнө коомдук милдеттерди аткаруу үчүн макулдашууларда, жамааттык келишимде каралган шарттарда иштен бош убакыт берилет.

Кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органдарынын шайлануучу кызмат орундарына шайлоонун натыйжасында өндүрүштүк иштен бошотулган кызматкерлерге алардын шайлануучу ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин ошол эле уюмда мурдагы иши (кызмат орду), ал эми ал жок болгон учурда ага тете башка иши (кызмат орду) берилет.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

15-статья. Республикалык үч тараптуу тармактык, аймактык комиссиялар тарабынан чечимдерди кабыл алуу тартиби

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

16-статья. Макулдашуулардын түрлөрү

Жөнгө салынуучу социалдык-эмгек мамилелери чөйрөсүнө жараша эмгек мыйзамдарына ылайык башкы, тармактык (тармактар аралык), аймактык жана башка макулдашуулар түзүлүшү мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү укугу

Макулдашууну иштеп чыгуу, мазмуну, түзүү, өзгөртүү, толуктоо киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн демилгечиси катары социалдык өнөктөштүктүн кайсы тарабы болсо да чыгууга укуктуу.

Республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдерде кызматкерлер жана иш берүүчүлөр ыйгарым укук берген бир нече өкүл болгон учурда алардын ар бирине кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн атынан сүйлөшүү жүргүзүүгө укук берилет.

18-статья. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, макулдашууларды иштеп чыгуу жана түзүү тартиби

Келишимдин предмети жана аларды түзүүнүн мөөнөттөрү боюнча ар кандай деңгээлдеги макулдашуулардын төмөнкүдөй өз ара байланышы белгиленет, мында түзүү мөөнөттөрү боюнча башкы макулдашуу социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө карата жалпы принциптерди жана мамилелерди аныктоочу катары алдыда болууга тийиш, калган макулдашуулар тиешелүү деңгээлдери боюнча эки айдан ашпаган аралыкта түзүлүшү мүмкүн.

Макулдашуунун мазмуну жана түзүмү тараптардын өкүлдөрүнүн өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат.

Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби, макулдашууларды иштеп чыгуунун жана түзүүнүн мөөнөттөрү, аларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, аларга кошулуу тартиби комиссиялардын чечимдери менен бекитилет. Макулдашууларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тараптардын өз ара макулдугу боюнча жүргүзүлөт.

Эгерде макулдашуунун өзүндө башкача каралбаса, макулдашуу тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

Макулдашууну колдонуу мөөнөтү, анын аткарылышын контролдоо тартиби жана жаңы макулдашууну түзүү мөөнөттөрү макулдашуудагы тараптар тарабынан аныкталат.

Башкы, тармактык жана аймактык макулдашууларды жактыруу тиешелүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана макулдашуунун тараптарынын бири жайгашкан жери боюнча жергиликтүү аймактык органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-статья. Макулдашууларга кошулуунун тартиби

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

20-статья. Макулдашууну өзгөртүүнүн жана ага толуктоолорду киргизүүнүн тартиби. Макулдашуунун иш-аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

21-статья. Макулдашуунун аткарылышын камсыз кылуу

Макулдашууну аткаруу жана жаңы макулдашууну даярдоо социалдык өнөктөштүктүн тараптары жана социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тиешелүү комиссия тарабынан камсыз кылынат.

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын макулдашууда шартталган мөөнөттө иштеп чыгышат.

Социалдык өнөктөштүк тараптары макулдашуунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндөгү маселени жарым жылдыктын жыйынтыктары же комиссиянын чечими боюнча карайт. Макулдашууну аткаруунун натыйжалары (баяндама түрүндө) макулдашуунун тараптары аныктагандай массалык маалымат каражаттарында жарыяланат.

Макулдашууда камтылган шарттар жөнгө салуунун жүйөсүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, ушул макулдашууну кабыл алуу учурунда эсепке алынат.

Макулдашууларды түзүү, өзгөртүү жана бюджеттик каржылоону талап кылуучу толуктоолорду киргизүү макулдашуунун иш-аракетинин мөөнөтүнө карата тиешелүү финансы жылына бюджеттин долбоорун даярдоодо тараптар жүзөгө ашырууга тийиш. Башка учурда мамлекеттик аймактык аткаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары макулдашуунун аткарылышын каржылоону камсыз кылыш үчүн тиешелүү деңгээлдеги бюджетке түзөтүүлөрү кабыл алуу жагынан демилге көтөрөт. Финансы жылына карата тиешелүү бюджетти кабыл алуу боюнча тараптардын макулдашылган чечими макулдашууга атайын тиркеме катары жол-жоболоштурулат.

Учурдагы финансы жылына макулдашуунун тиешелүү шарттарын каржылоо толук камсыз кылынбаса, макулдашуунун тарабы болуп эсептелген кызматкерлердин өкүлдөрү учурдагы финансы жылына карата макулдашууну өзгөртүү тууралу талаптарды коюуга укугу бар.

22-статья. Макулдашууларды аткарууга контролдук

Макулдашуулардын аткарылышына контролду республикалык, тармактык жана аймактык деңгээлдеги тиешелүү комиссиялар жүзөгө ашырышат.

22-1-статья. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби

Жамааттык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу маселелерин кароону тандоодо эркин болушат.

Уюмда эки же андан ашык баштапкы кесиптик бирликтин уюмдары же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы болгон учурда, алар тарабынан жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдин бирдиктүү долбоорун иштеп чыгуу жана аны түзүү үчүн бирдиктүү өкүлчүлүктүү орган түзүлөт. Бирдиктүү өкүлчүлүктүү органды түзүү кесиптик бирликтин жана башка өкүлчүлүктүү органдын мүчөлөрүнүн санына жараша пропорционалдуу өкүлчүлүк принцибинин негизинде жүзөгө ашырылат. Мында кызматкерлердин ар бир өкүлчүлүктүү органы көрсөтүлүүгө тийиш.

Эгерде жамааттык сүйлөшүүлөр башталган учурдан тартып 5 календардык күндүн ичинде бирдиктүү өкүлчүлүктүү орган түзүлбөсө, анда бардык кызматкерлердин кызыкчылыктарына өкүлчүлүктү уюмдун кызматкерлеринин жарымынан көбүн бириктирген кызматкерлердин баштапкы өкүлчүлүктүү органы жүзөгө ашыра алат.

Эгерде уюмдун кызматкерлеринин баштапкы өкүлчүлүктүү органдарынын бири да кызматкерлердин жарымынан көбүн бириктирбесе, анда кызматкерлердин жалпы чогулушу (конференциясы) жашыруун добуш берүү менен өкүлчүлүктүү органды түзүү тапшырылган уюмдун баштапкы өкүлчүлүктүү органын аныктайт.

Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган учурларда башка баштапкы кесиптик бирликтин уюмдарында жамааттык келишимге кол коюлганга чейин өкүлчүлүктүү органдын курамына өз өкүлдөрүн жиберүү укугу сакталат.

Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, республиканын, тармактын, аймактын деңгээлинде кызматкерлердин атынан макулдашууларга кол коюуга тиешелүү кесиптик бирликтерге (кесиптик бирликтин бирикмелерине) укук берилет. Тиешелүү деңгээлдеги бир нече кесиптик бирликтер (кесиптик бирликтердин бирикмелери) бар болгон учурда, алардын ар бирине кесиптик бирликтин сунушталган мүчөлөрүнүн санын эске алуу менен түзүлүүчү бирдиктүү өкүлчүлүктүү органдын курамына өкүлчүлүк кылуу укугу берилет. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бирдиктүү өкүлчүлүктүү органды түзүү жөнүндө макулдашуу жок болгон учурда, аларды жүргүзүү укугу кесиптик бирликтин (кесиптик бирликтердин) мүчөлөрүнүн эң көп санын бириктирген кесиптик бирликке (кесиптик бирликтердин бирикмесине) берилет.

Тараптар жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү суроо-талапты алган күндөн тартып 2 жумадан кечиктирбестен, өздөрүндөгү зарыл болгон маалыматтарды бири-бирине берүүгө тийиш.

Жамааттык сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары, жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен байланышкан башка адамдар, эгерде алар мыйзам менен корголуучу жашыруун сырга (мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык жана башка) тиешелүү болсо, алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоого тийиш. Көрсөтүлгөн маалыматтарды ачыкка чыгарган адамдар мыйзамдарда белгиленген тартипте тартиптик, административдик, жарандык-укуктук, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү, орду жана тартиби көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары болуп саналган тараптардын өкүлдөрү тарабынан аныкталат.

Жамааттык келишимди, макулдашууну түзүү же өзгөртүү боюнча жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келип чыккан пикир келишпестиктерди жөнгө салуу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2025-жылдын 23-январындагы N 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Жамааттык келишимди түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

24-статья. Жамааттык келишимдердин мазмуну

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

25-статья. Калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы үч тараптуу кызматташтык

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

26-статья. Социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын жамааттык эмгек талаш-тартышын жөнгө салууга катышуусу

Социалдык өнөктөштүктүн тараптары жамааттык эмгек талаш-тартышты жөнгө салууга, жараштыруу жол-жоболорун уюштурууга көмөк көрсөтүп жана аларга катышат, ошондой эле анын алдын алуу жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат.

Кызматкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн башка социалдык өнөктөштүктүн тараптарына макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу жөнүндө, ошондой эле иш берүүчүнүн же иш берүүчүлөрдүн бирикмесинин макулдашууга кошулуу же кошулбоо тууралу талаптары жамааттык эмгек талаш-тартыштын жүйөсү болушу мүмкүн.

27-статья. Макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин тараптарынын жоопкерчилиги

Өзүнө алган милдеттенмелерин бузган же аларды аткарбаган макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин тараптары Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде каралган жоопкерчилик тартышат.

Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, иш берүүчү (иш берүүчүлөр) катары чыккан адамдар, иш милдетине түзүлгөн макулдашуунун, жамааттык келишимдин аткарышын камсыз кылуу кирген кесиптик бирликтин жетекчи органдарынын кызматкерлери макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди бузгандыгы же аткарбагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.

Тарап (тараптар), ошондой эле социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органы аталган адамдарды тартиптик жоопкерчиликке тартуу тууралу компетенциясына тиешелүү чечим кабыл алуу кирген органдарга (адамдарга) талап жиберүүгө укуктуу.

Коюлган талап келип түшкөндөн кийин отуз календардык күн ичинде каралууга тийиш, ушул мөөнөттө тарап (тараптар) социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органына көрүлгөн чаралар же аны канааттандыруудан баш тартууга негиз болгон себептер тууралу жооп кайтарылышы керек.

Эгерде бул жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, макулдашуунун, жамааттык келишимдин тараптары макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди бузгандыгы, аткарбагандыгы үчүн өз ара макулдашып, жоопкерчилик белгилөөгө укуктуу. Мындай жоопкерчиликтин чараларын тараптарга карата колдонуунун шарттары жана тартиби макулдашууда, жамааттык келишимде же макулдашууну, жамааттык келишимди аткарууну көздөп кабыл алынуучу башка документтерде алдын ала каралат.

Келишимдик жоопкерчиликтин алкагында макулдашуунун, жамааттык келишимдин тараптары социалдык өнөктөштүк тутумунун органына макулдашылган жоопкерчилик чараларын (санкцияларды) колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө, ошонун ичинде макулдашууларды, жамааттык келишимдерди аткарбагандыгы же өз убагында аткарбагандыгы үчүн акчалай төлөтүүгө укуктуу.

Жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим социалдык өнөктөштүк тутумунун тиешелүү органы тарабынан ушул орган тууралу жободо аныкталган тартипте кабыл алынат жана протоколдо жол-жоболоштурулат.

Эгерде макулдашууга, жамааттык келишимге тараптын (тараптардын) мүлктүк милдеттенмелери киргизилсе, анда бул милдеттенмелердин аткарылганы же талаптагыдай эмес аткарылганы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келтирилет. Жаматтык келишимдеги макулдашуунун башка тарабы (тараптары) келип чыккан талаш-тартышты кароонун башка тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, сот тартибинде мүлктүк милдеттенмелерди мажбурлоо жолу менен аткартууну талап кылууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

28-статья. Иш берүүчү катары чыккан адамдардын жоопкерчилиги

Кызматкерлердин өкүлдөрүнүн талабы боюнча иш берүүчү (менчик ээси) макулдашуунун, жамааттык келишимдин шарттары аткарылбай калышына күнөөлүү жетекчиге карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган чараларды колдонууга милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

29-статья. Макулдашуунун, жамааттык келишимдин милдеттенмелерин аткаруу

Жоопкерчиликке тартуу тарапты (тараптарды) макулдашуу, жамааттык келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.

30-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

"Эркинтоо" гезитинде 2003-жылдын 1-августунда N 57 жарыяланган

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

2003-жылдын 5-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган