Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому
Текст түрүндө (кырг., русс.):
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2024-жылдын 23-январы № 17
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:
- 28-пункттун кыркынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Сабактарды алмаштыруу үчүн акы 4 айдан (мугалим кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда 9 ай) ашык төлөнбөйт, көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин алмаштыруу сааттары тарификациялык тизмелерге кайра квалификацияланат. Мугалимдер жок, мугалимдер оорусу боюнча убактылуу эмгекке жарамсыз болгон, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда мугалимдерге 1-4-класстарда жумасына 16 саат, 5-11-класстарда - жумасына 18 саат алмаштырууга уруксат берилет, мында жалпы билим берүү уюмунун алмаштыруучу мугалиминин сабак берүү жүктөмү алмаштырууну эске алуу менен 1-4-класстарда жумасына 32 сааттан, 5-11-класстарда - жумасына 36 сааттан ашпоого тийиш.".
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылдарга республикалык бюджетинде каралган ассигнованиелердин чегинде ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.Жапаров |
ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
г.Бишкек, от 23 января 2024 года № 17
О внесении изменения в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об условиях оплаты труда педагогических и некоторых категорий работников системы образования" от 30 марта 2022 года № 181
В целях повышения результативности и качества работы, материального стимулирования и создания условий для работников образовательных организаций, в соответствии со статьями 13, 17 конституционного Закона Кыргызской Республики "О Кабинете Министров Кыргызской Республики" Кабинет Министров Кыргызской Республики постановляет:
- Внести в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "Об условиях оплаты труда педагогических и некоторых категорий работников системы образования" от 30 марта 2022 года № 181 следующее изменение:
в Положении об оплате труда педагогических и некоторых категорий работников системы образования, утвержденном вышеуказанным постановлением:
- абзац сороковой пункта 28 изложить в следующей редакции:
"Оплата замены уроков производится не более 4 месяцев (9 месяцев при отпуске по беременности и родам, отпуске по уходу за ребенком учителя), по истечении указанных сроков часы замены переквалифицируются в тарификационном списке. При отсутствии учителей, временной нетрудоспособности учителей по болезни, во время нахождения в отпуске по беременности и родам, отпуске по уходу за ребенком учителям разрешается заменять в 1-4 классах 16 часов в неделю, 5-11 классах - 18 часов в неделю, при этом урочная нагрузка заменяющего учителя общеобразовательной организации с учетом замены не должна превышать в 1-4 классах 32 часа в неделю, в 5-11 классах - 36 часов в неделю.".
- Министерству образования и науки Кыргызской Республики принять меры, вытекающие из пункта 1 настоящего постановления, в пределах ассигнований, предусмотренных в республиканском бюджете Кыргызской Республики на соответствующие годы.
- Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на управление контроля исполнения решений Президента и Кабинета Министров Администрации Президента Кыргызской Республики.
- Настоящее постановление вступает в силу по истечении десяти дней со дня официального опубликования.
Опубликован в газете "Эркин Тоо" от 26 января 2024 года N 7
Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики |
|
А.Жапаров |