Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ченемдик-укуктук актылар

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-декабрындагы N 758 токтому

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2024-жылдын 16-декабры № 758

Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга жол берилбеген жумуштардын тизмегин бекитүү жөнүндө

"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 4-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

  1. Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга жол берилбеген жумуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

                                                                          А.Жапаров

 

 

Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга жол берилбеген жумуштардын
ТИЗМЕГИ

Бул Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга жол берилбеген жумуштардын тизмеги кургак учук инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында кургак учуктун активдүү формасы менен ооруган адамдарга жол берилген жумуштардын түрлөрүн жана шарттарын белгилейт.

Кесиптердин жана кызмат орундарынын аталыштары

  1. Өнөр жайдын тамак-аш тармагынын ишканалары, коомдук тамактануу, бардык мекемелердин тамак-аш блоктору, буфеттер, кафе, ресторандар, сүт ашканалары, соода, тамак-аш азыктарын өндүрүү процессинде, сактоодо, сатууда жана транспорттун бардык түрлөрү менен ташуу процессинде алар менен байланышы болгон базалар, кампалар.
  2. Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрүн тейлөө чөйрөсүндөгү кызматкерлер (жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жолшериктери, авиатранспортунун, сейилдөө кемелеринин борттук коштоочулары).
  3. Тамак-аш жеткирүү кызматы.
  4. Бардык профилдеги хирургиялык бөлүмдөр, операциялык жай, анестезиология, операциялык блоктор, стоматология, отоларингология.
  5. Менчигинин түрүнө карабастан медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү (бөлүмдөрү), балдар ооруканалары (бөлүмдөрү).
  6. Жогорку окуу жайлары, окуу-тарбия мекемелери (жалпы билим берүүчү мектептер, мектеп-интернаттар, атайын орто окуу жайлары ж.б.), балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо мекемелери, китепканалар, балдар китепканалары.
  7. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (бала бакча, бөбөк үйү, балдар үйү).
  8. Дарыканалар, фармацевтикалык заводдор, дары каражаттарын жасоо, таңгактоо жана сатуу менен алектенген фирмалар.
  9. Мамлекеттик жана жеке мончолор, бассейндер, дарылоочу ванналар, кир жуучу жайлар, жатаканалар, мейманканалар, хостелдер.
  10. Чач тарачтар, косметологиялык салондор, сулуулук салондору.
  11. Менчигинин түрүнө карабастан спорттук-ден соолукту чыңдоо мекемелери (спорт залдар, фитнес клубдар, спорттук базалар).
  12. Суу түтүк курулмаларынын жана суу түтүк тармагынын уюмдары.