Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтер жөнүндө КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Жайкы эс алуу ийгиликтүү жыйынтыкталды

Бишкек шаардык билим жана илим кызматкерлелеринин кесиптик бирлик комитетинин башкы бухгалтери Е. Ф. Кондратьева жана социалдык маселелер боюнча сектор башчысы Р. М. Карабашова билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин жайкы эс алуусу жана дарылануусу боюнча эс алуу жайлары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Ысык-Көл областында иш сапарда болуп кайтышты. 

Алар 2024-жылга карата Бишкек шаардык билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин жайкы эс алуусу жана дарылануусу боюнча эс алуу жайлары менен болгон келишимдердин маалыматтарын салыштыруу үчүн Ысык-Көл областындагы "Тамга", "Көгүлтүр Ысык-Көл"санаторийи, "Тамга" туристтик базасы, "Ден Соолук" саламаттыкты чыңдоо борбору, "Манас-Ата", "Август" жана “Санат” пансионаттарында болушту.

Өз ара салыштырып, текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча ден соолукту чыңдоо фондунун жана шаардык баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын чечими менен билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Бишкек шаардык комитети тарабынан мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн жайкы эс алуулары талаптагыдай уюштурулуп, алгылыктуу жыйынтыкталганын атайын белгилеп коюубуз керек.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Бишкек шаардык комитети