Кароо-сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды
Жакында 2023-2024-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды. Анда “Жылдын мыкты окуу бөлүм башчысы”, “Жылдын мыкты уюштуруучусу”, “Жылдын мыкты класс жетекчиси”, “Жылдын мыкты спорт аянтчасы”, “Жылдын мыкты географиялык аянтчасы”, “Башталгыч класстардын олимпиадасы” кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Иш-чарада Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К. Нышанов жеңүүчүлөрдү куттуктап, дипломдор, Ардак грамоталар жана белектер тапшырылды.
“Жылдын мыкты окуу бөлүм башчысы – 2024”
1-орун – Бегматова Гулнура, А. Торогелдиев атындагы №7 орто мектеби;
2-орун – Мирзакаримова Жумагул, Ж. Бөкөнбаев атындагы №1 орто мектеби;
3-орун – Айдарова Жумакан, А. Тургунбаев атындагы №38 орто мектеби;
“Жыл мыкты уюштуруучусу – 2024”
Баш байге – Сопиева Динара, №17 “Кыла” орто мектеби;
1-орун – Бабанова Айгул, Т. Анаркулов атындагы №26 орто мектеби;
2-орун – Таштемирова Гулбарчын, С. Ногоева атындагы №2орто мектеби;
3-орун – Торобекова Аида, Т. Орозматов атындагы №8 орто мектеби;
3-орун – Юнусова Сайярохон, Ж. Султанов атындагы №12 орто мектеби;
Ал эми Ж. Бөкөнбаев атындагы №1 орто мектептин уюштуруучусу Мирланова Гулкайыр, Ж. Турусбеков атындагы №16 орто мектептин уюштуруучусу Каипова Гулдана Ардак грамота менен сыйланышты.
Маалыматты даярдаган: Т. Бакиров, Ноокен райКБ инспектору