Август кеңешмеси – Ысык-Атада
Кант шаарындагы А. Тойтоев атындагы Маданият үйүндө Ысык-Ата райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган Ысык-Ата районунун жана Кант шаарынын мугалимдеринин август кеңешмеси болуп өттү.
Кеңешмеге Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н. Сагынбаев, Кант шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси А. Байтокоева, райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Ч. Бакашева, райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин төрайымы Б. Тыныбекова, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер катышты.
Кеңешме “Билим берүүгө 100 жыл: трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор” темасында өтүп, билим берүү тармагынын 2023-2024-окуу жылында жетишкен ийгиликтери, көйгөйлөрү, аны чечүү жолдору жана алдыга коюлган милдеттер талкууланды.
Мугалимдерди алдыдагы жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалашты. Август конференциясында райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук кесиптик бирлик комитетинин отчеттору угулуп, келечектеги пландары талкууланды.
Салттуу түрдө 2024-2025-окуу жылына карата эмгек жолдору жаңы баштаган жаш адистерди кесиптик бирликтин катарына кошулушу менен куттуктап, райондук профсоюздук комитет тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.
Иш-чаранын алкагында жетекчилик тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, алдыңкы мугалимдерге Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кант шаардык мэриясынын Ардак грамоталары ыйгарылды.
Конферециянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети